Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:03 28.7.2022

"Күйүп кетишкен окшойт". Неберелерин издеген ата

12:59 28.7.2022

Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 27-июлда билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде украин аскерлери контрчабуул баштаган аймактарда, орус аскерлери ордун алмаштыруу жана кошумча күчтөрдү тартуу боюнча масштабдуу аракеттерди көрүүдө. Киевдин билдиришинче, украин аскерлеринин контрчабуулу алдыга жылууда.

12:56 28.7.2022

Зеленский Украина Европага электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтөрүн айтты

Украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоо көлөмүн көбөйтө турганын жана Орусия газ берүүнү азайтып жаткан шартта Европанын энергетикалык коопсуздугунун кепилдиктеринин бири боло аларын билдирди.

27-июлдагы видео кайрылуусунда ал электр энергиясын экспорттоо Украинанын чет өлкөлүк валютадагы кирешесин көбөйтүүгө гана шарт түзбөстөн, өлкөнүн өнөктөштөрүнө орусиялык энергетикалык кысымга туруштук берүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

12:53 28.7.2022

Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 27-июлда билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде украин аскерлери контрчабуул баштаган аймактарда, орус аскерлери ордун алмаштыруу жана кошумча күчтөрдү тартуу боюнча масштабдуу аракеттерди көрүүдө. Киевдин билдиришинче, украин аскерлеринин контрчабуулу алдыга жылууда.

27-июлда Херсон аймагында Орусия басып алган шаардагы Антонов көпүрөсү жабылганын орус тарап билдирген. Эки тараптын расмий өкүлдөрү көпүрөгө украин аскерлери ракеталык сокку урушканын тастыкташты.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG