Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:10 9.9.2022

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери менен онлайн жыйын куруп, согуштун жүрүшү жөнүндө сүйлөштү. Ал куралдуу жаңжалга аталган чөлкөмдөгү мамлекеттер тийиштүү реакция жасабаганын билдирип, Украина жеңилсе, Орусия постсоветтик башка өлкөлөргө кол саларын эскертти.

17:45 9.9.2022

Украинанын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко акыркы суткада Орусиянын армиясынын аткылоосунан Бахмутта сегиз киши набыт болуп, 17си жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

“Покровск, Краматорск жана Бахмут аймактары аткылоого кабылды. Анын ичинен Бахмут эң көп зыян тартты. Бул жерде сегиз киши каза болуп, дагы 17 адам жаракат алды. 20 турак жай, алты көп кабаттуу үй, төрт дүкөн, маданият үйү жана административдик имарат жабыркады. Базарда өрт чыгып, 107 күркө жабыркады. Шаарда төрт күндөн бери суу жана электр жарыгы жок. Согуштан улам оңдоо иштерин кылуу мүмкүн эмес”, - деди Кириленко.

Маалыматка караганда, Покровск районунда Марьинка, Красногоровка, Максимильяновка жана Авдеевка айылдары жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Орусиянын аскерлери Краматорск районунда Славянск, Константиновка жана Рай-Александровка аймагын аткылады.

17:44 9.9.2022

Украина Балаклея шаары орус аскерлеринен бошотулганын ырастады

Украина Харьков облусундагы Балаклея шаары Орусиянын аскерлеринен бошотулганын билдирди. 8-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский украин жоокерлери шаарды бошотушканын жарыялаган видеосун Телеграммдагы каналына чыгарды.

“Урматтуу президент, башкы кол башчы Харьков облусунун Балаклея шаары көзөмөлгө алынды. Буйрук аткарылды. Орусиянын оккупациялык аскерлери чегинди. “Кракен” чалгындоо башкы башкармалыгынын атайын бөлүмү”, - дейт украиналык жоокер.

Видеодо Украинанын аскерлери көп кабаттуу имараттын чатырында турганын, артында Украинанын желегин көрүүгө болот. 8-сентябрда Балаклея бошотулганы тууралуу маалыматтар тарап, бирок ал расмий такталган эмес.

Бейшемби күнү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысынын орун басары Алексей Громов Харьков багытында украин жоокерлери 20дан ашык калктуу конушту Орусиянын армиясынан бошотконун билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда. Иш жүзүндө бул аймактардын көпчүлүк бөлүгүн Орусиянын армиясы ээлеп турат.

18:59 8.9.2022

8-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2 миллиард доллар каржылык жардам берүү тууралуу билдирүү жасайт.

Reuters агенттигине Мамлекеттик департаменттин атын атагысы келбеген расмий өкүлү Украинага канча каражат бөлүнөрүн жана Европанын кайсы өлкөлөрүнө жардам көрсөтүлөрүн тактаган жок. Бирок АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы АКШ Конгрессине узак мөөнөтүү инвестицияларды каржылоо ниетин билдирген.

Буга чейин Украина да, Энтони Блинкен өзү да Киевге сапары тууралуу маалымат берген эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG