Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:52
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:38 8.9.2022
  • Украинанын “Энергоатом” компаниясынын жетекчиси Петр Котин “Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) басып алган Орусиянын аскерлери АЭСтин кызматкерлерин өлтүрүп, 200дөй кишини уурдап кеткен” деп айыптады. Ал германиялык Funke Media Group басылмасына берген маегинде уурдалган адамдардын айрымдарынын кайда экенин билбей турганын айтты.
  • The Washington Post басылмасы Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага 675 миллион долларга жакын суммада кошумча аскердик жардам берүүнү чечкенин жазды.
  • Беларус Польша менен батыш чек арасына жакын жерде жана андан ары чыгышта аскердик машыгууларды баштаганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 8-сентябрда Беларустун аскерлери “душман убактылуу басып алган аймакты бошотуу жана чек ара аймактарын көзөмөлгө алуу” боюнча машыгуудан өтөөрүн кабарлады.

20:47 7.9.2022

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный украин аскерлери ушул жылдын август айында оккупацияланган Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик объектилерине ракеталык чабуул жасаганын жарыялады. Бул тууралуу “Укринформ” агенттиги жазганын “Азаттыктын” украин кызматы билдирди.

“Кеп бул жерде душмандын Крымдагы авиабазаларына, биринчи кезекте Саки аэродромуна ийгиликтүү ракеталык соккулар жөнүндө болуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Муну менен расмий Киев Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге чабуул жасаганын биринчи жолу моюнуна алды. Буга чейин украин бийлиги жана аскерлери Крымдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Ал арада Украинадагы согушту чагылдырган орусиячыл Телеграм-каналдар Харьков облусундагы Балаклея шаарында Орусиянын аскерлери курчоого алынганын жазышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы билдирип, Украинанын аскерлери бул аймакта контрчабуул жүргүзүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, Украинанын шаардагы эң ири аскердик кампалары бошотулган.

Украинанын армиясы шейшемби күнү эртең менен Балаклея аймагындагы Изюм шаарына жакын жердеги орус аскерлерине чабуул жасаган. 7-сентябрда эртең менен орусиялык аскердик кабарчы Юрий Котёнок Балаклеяда Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын (Росгвардия) Самара жана Башкыр отряддары курчоого алынганын кабарлады. Анын айтымында, аскерлер менен байланыш үзүлгөн.

Март айында орус аскерлери басып алган Балаклея шаарынын четинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук ракеталык жана артиллериялык дирекциясынын ок-дары сакталган эң ири базасы жайгашкан. Орусиячыл каналдар украин аскерлери Орусиянын ири курал-жарагы сакталган Балаклеяга жакын Вербовка айылын бошотконун жазды. Бул маалыматты Американын согушту изилдөө институту ырастады.

Украинанын бийлиги жана армиясы Харьков облусундагы чабуул тууралуу комментарий бере элек. Август айынын аягында Херсондо Орусиянын күчтөрүнө болгон чабуул ийгиликсиз башталгандан кийин Украинанын Башкы штабы журналисттерге аскерлердин аракеттери тууралуу расмий гана маалыматтарды таратууну сунуштаган.

14:06 6.9.2022

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда Орусиянын ок-дары сакталган төрт кампасын жок кылды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин “Түштүк” командачылыгы билдирди. Маалыматка караганда, ал кампалар Берислав, Херсон жана Баштанка райондорунда жайгашкан.

Украина Орусиянын армиясынын логистикасына жана таяныч пункттарына абадан 18 жолу сокку урганын кабарлады.

Бул чабуулдардан Орусия армиясы 86 жоокерин, төрт танкын, 12 чопкутталган автоунаасын, бир катар аскердик техникаларын жана байланыш станциясы менен танкка каршы ракеталык комплексин жоготкону маалымдалды. Орусия тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

6-сентябрда Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда жана түштүктөгү башка аймактарда контрчабуул баштаганына бир апта болду. Маалыматтар боюнча, алар бир нече конуштарды өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Аймактын басымдуу бөлүгү азыр деле орус аскерлеринин көзөмөлүндө.

Орусия дайындаган Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын жетекчисинин орун басары Кирилл Стремоусов Херсондун Орусияга кошулуусу боюнча “референдум” өткөрүү убактылуу токтотулганын билдирди. Ал аймакта согуштук аракеттер токтомоюнча добуш берүү болбой турганын айтты. Референдумдун датасы буга чейин да, бул жолу да айтылган жок.

Стремоусов референдумду кийинкиге жылдыруу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун жакында жасаган билдирүүсүнө байланышы жок экенин белгиледи. 3-сентябрда Верещук украин жарандарынын мындай добуш берүүгө катышуусу агрессор менен кызматташуу катары караларын жана мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин орус аскерлери басып алган Донецк, Луганск, Херсон облустарын, Запорожье облусунун бир бөлүгүн Орусияга кошуу боюнча “референдумга” даярдык көрүлүп жатканы кабарланган.

01:02 5.9.2022

"Согуш бүтсө дегенде эки көзүбүз төрт". Украин окуучуларынын кыялы

Украина, Чернигов шаары. № 21 мектептин окуучулары. 
1/13 Украина, Чернигов шаары. № 21 мектептин окуучулары. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
"Мектебимди, мугалимдерди, досторумду сагындым", - дейт  16 жаштагы Кристина Игнатова. Ал быйыл 3-марттагы бомбалоодон кийин талкаланган классында турат. 
2/13 "Мектебимди, мугалимдерди, досторумду сагындым", - дейт  16 жаштагы Кристина Игнатова. Ал быйыл 3-марттагы бомбалоодон кийин талкаланган классында турат. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
"Мектебимди көргөн сайын зээним кейийт. Мектепти талкалаганына кыжырым келет", - дейт 11 жаштагы Иван Губенко.  
3/13 "Мектебимди көргөн сайын зээним кейийт. Мектепти талкалаганына кыжырым келет", - дейт 11 жаштагы Иван Губенко.  
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
"Мектепти бомбалап жатышканда аябай жаман болдум. Биз мектепке жакын жашайбыз. Биздин үйдүн да терезелери талкаланды, ал убакта апам аз жерден өлүп кала жаздады. Асма чырак да менин үстүмө кулайын деп аз жерден калгам", -деп эскерди 10 жашар Карина. Ал досторуна жолугуу үчүн күн сайын талкаланган мектепке келет экен. 
4/13 "Мектепти бомбалап жатышканда аябай жаман болдум. Биз мектепке жакын жашайбыз. Биздин үйдүн да терезелери талкаланды, ал убакта апам аз жерден өлүп кала жаздады. Асма чырак да менин үстүмө кулайын деп аз жерден калгам", -деп эскерди 10 жашар Карина. Ал досторуна жолугуу үчүн күн сайын талкаланган мектепке келет экен. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
"Бул менин мектебим экенине ишене албай турам", - деди 12 жаштагы Анна Скибан. 
5/13 "Бул менин мектебим экенине ишене албай турам", - деди 12 жаштагы Анна Скибан. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
13 жаштагы Александр Моргунов бомбаланган мектептин классында отурат. Согуш бүтсө дегенде анын эки көзү төрт.  
6/13 13 жаштагы Александр Моргунов бомбаланган мектептин классында отурат. Согуш бүтсө дегенде анын эки көзү төрт.  
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
Ал эми бул окуучунун аты-жөнү Анастасия Авраменко. Ал ушул мектептен толук билим алууну кыялданат.  
7/13 Ал эми бул окуучунун аты-жөнү Анастасия Авраменко. Ал ушул мектептен толук билим алууну кыялданат.  
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
14 жаштагы беш көкүл София Жыр бомбалоодон кийин мектепке келүүдөн коркуп жүргөн.  "Көп убакыт алыстан эле карап жүрдүм", - Софиянын классташы аткылоо учурунда каза болуп калган.  
8/13 14 жаштагы беш көкүл София Жыр бомбалоодон кийин мектепке келүүдөн коркуп жүргөн.  "Көп убакыт алыстан эле карап жүрдүм", - Софиянын классташы аткылоо учурунда каза болуп калган.  
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
12 жашар София Клишня талкаланган классында турат. Орусиянын кол салуусуна чейин ал отурган парта дал ушул жерде турган.  
9/13 12 жашар София Клишня талкаланган классында турат. Орусиянын кол салуусуна чейин ал отурган парта дал ушул жерде турган.  
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
"Мектепке келген сайын урандыда калып каза болгон адам эсиме түшөт. Ага аябай боорум ооруйт",- деди 12 жаштагы Михаил Кравченко. Ал карап турган чуңкур бир кезде компьютердик класс эле.
10/13 "Мектепке келген сайын урандыда калып каза болгон адам эсиме түшөт. Ага аябай боорум ооруйт",- деди 12 жаштагы Михаил Кравченко. Ал карап турган чуңкур бир кезде компьютердик класс эле.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
Азыр №21 мектепти кайра куруу планы жок, ага бюджет деле тартыш.
11/13 Азыр №21 мектепти кайра куруу планы жок, ага бюджет деле тартыш.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
Мектептеги китептер. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, согуш башталгандан бери кеминде 379 баланын өмүрү кыйылды. 
12/13 Мектептеги китептер. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, согуш башталгандан бери кеминде 379 баланын өмүрү кыйылды. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
 223 баланын дайыны дале белгисиз. 
13/13  223 баланын дайыны дале белгисиз. 
Дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңы окуу жылы башталганда Украинанын Чернигов шаарындагы №21 мектептин айрым окуучулары талкаланган мектебине келишти. Алар согуштун тийгизген таасири тууралуу ойлору менен бөлүштү. Быйыл мартта мектеп аткылоого кабылганда классташы каза болгонун эки окуучу айтып берди.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG