“Жарымы каза болуп, бир бөлүгү туткунга түшүптүр”.
Орусия Кыргызстандагы “Кант” авиабазасы аркылуу Украинадагы согушка өз аскерлерин жибергени белгилүү болду. “Азаттык” радиосу согуш башталганга чейин баш калаа Бишкектен 20 чакырым жерде турган орус базасында Тывадан келген ондогон аскер кызмат өтөгөнүн, алардын бир бөлүгү кийинчерээк Украинада согушта каза тапканын тактады. Жергиликтүү тургундар Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй “Канттагы” базада баштагыдай активдүүлүк азайганын байкашкан.
Зеленский: Орусия энергетикалык инфраструктураларга сокку урууда
Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-сентябрда кечинде жасаган билдирүүсүндө Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктураларын бутага алууну улантып жатканын айтты. Ал анын кесепетинен жүз миңдеген адам, оорукана жана мектептер электр жарыгысыз калганын билдирип, мындай чабуулдар дагы болушу мүмкүн экенин эскертти. Владимир Зеленский орус аскерлери сокку урган энергетикалык инфраструктуралардын Украинанын куралдуу күчтөрүнө тиешеси жок экенин кошумчалап, акыркы окуяларды Орусиянын алсыздыгы катары баалады.
Украинанын куралдуу күчтөрү Харьков облусундагы Терновая айылында Орусиянын чек арасына жеткенин билдирди. Бул тууралуу видеону президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналына жарыялады.
11-сентябрда Орусиянын аймактарында жергиликтүү шайлоо өтүп жатат. Калининграддан баштап Бурятияга чейинки он беш аймактын шайлоочулары жаңы губернаторлорун жана аймак башчыларын шайлашат. Ошондой эле алты облуста жергиликтүү депутаттар тандалат.
Москвада жергиликтүү 125 кеңештин депутаттарына добуш берүү 9-сентябрда эле башталган.
Украинага согуш ачкыча эле Кремль бир катар көз карандысыз оппозициялык маанайдагы партияларды, кыймылдарды куугунтуктап, оозун жабууга аракет кылып келген. Байкоочулардын баамында, азыркы шайлоодо деле бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» жана Кремлге ымала санаган ЛДПР, «Адилеттүү Орусия» жана Коммунисттик партиянын гана өкүлдөрү алдыга чыгары күтүлүүдө.
Камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орусиялыктарды шайлоого катышып, Путиндин режимине каршы добуш берүүгө чакырды.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө «Голос» кыймылы көз салууда. Анын буга чейин жарыялаган баяндамасына ылайык, бул жолку шайлоо мурдагылардан эч нерсеси менен айырмаланбайт: үгүт өнөктүгүндө административдик ресурс колдонулду, добуштарды сатып алуу катталды, оппозицияны уруп-сабап кеткен учурлар болду.