Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:24 21.9.2022

Батыштагы бир катар өлкөлөрдүн башчылары Украинанын Москва басып алган аймактарын Орусияга кошуу максатында референдум өткөрүү планын четке кагышты.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон бул референдумдарды кескин четке какканын айтса, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон экөө тең москвачыл жикчилдердин максатын "жасалма" деп мүнөздөштү.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөрдүн алдында бул референдумдардагы добуштардын юридикалык күчү болбойт деди. Шольц мындай референдумдар эл аралык укук нормаларын бузарын белгилеп, анын натыйжасы кабыл алынбасын журналисттерге билдирди.
Канада менен Евробиримдик да 23-сентябрга белгиленген референдумду сындашты.

15:23 21.9.2022

Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда жана орус армиясы көзөмөлдөп турган Херсон облусунда Орусияга кошулуу тууралуу референдумдун датасы жарыяланды. Жергиликтүү орусиячыл бийлик 23-27-сентябрь күндөрү өткөрүүнү боолгоп жатат.

Расмий Киев бир нече мындай мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск "элдик республикаларынын" депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алып, ага жикчил аймактардын жетекчилери кол коюшту.

Луганск облусунун көп бөлүгү жикчилдердин көзөмөлүндө болсо, Донецк облусунун бир катар ири шаарлары Украинанын карамагында.

Ушул эле күнү Херсон облусунда да референдум өтөрүн аймактын орусиячыл жетекчиси Владимир Сальдо билдирди.

Орусиянын Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин парламенттин жыйынында депутаттар "ДНР" менен «ЛНР» дин өлкөгө кошулуусун колдоп берерин айтты.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан.

Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

16:37 20.9.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-сентябрда Телеграм-каналы аркылуу билдиргендей, орус армиясынын ракетасы Николаев облусундагы Түштүк украин атомдук электр станциясына 300 метр жетпей түшкөн.

"Орусия бүт дүйнөнү коркунучка кептеп жатат. Биз муну өтө кеч болуп кете электе токтотушубуз керек", - деди Зеленский.

16:37 20.9.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси Орусияга салынган санкцияларды алып салууга чакырган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын аракеттерин кескин айыптап, Венгрияны Европа Биримдигинин ичиндеги “Троя аты” деп атады. Мындай пикирди Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк жарыялады.

“Орбан Орусияга каршы салынган санкцияларды алуу үчүн күрөшүп жатыптыр. Ар бир нерсени өз аты менен атайлы, Венгрия Европа Биримдигин европалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен талкалоого умтулган “Троя аты”. Орбан Украинаны жек көрөт жана Европада “орус дүйнөсүн” түзүүнү кыялданат. Ушундай шартта Евробиримдик анын диверсияларын дале каржылай береби?” – деп жазды Михаил Подоляк Твиттердеги баракчасында.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG