Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын делегаттарына видео кайрылуу жасап, “тынчтыкты сактоо формуласы” үчүн беш пункт сунуш кылды. Ал ушул шарттарды аткаруу менен согушту токтотуп калууга мүмкүн деп эсептейт.
Зеленский мунун биринчи чарасы катары чек араны бузганы үчүн жана адамдардын өлүмү үчүн Орусияны жазалоону талап кылды.
Казакстандын «Халык банкы» Орусиянын «Мир» төлөм системасынын карталарын кабыл алууну токтотконун 21-сентябрда "Известия" басылмасы жазды. Маалыматта мындай чечим Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин орусиялык төлөм системасынын Орусиядан башка аймактарда колдонулушун колдогондорго карата санкция жарыялоого даярдык тууралуу эскертүүсүнөн кийин жарыяланып жатканы белгиленди.
«Халык банктын» кардарларга колдоо көрсөтүү борбору орусиялык карталар терминал аркылуу да, банкомат аркылуу да тейленбей калганын билдирди.
Орусиянын Мамлекеттик думасы кабыл алган мыйзамдарга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандарына кайрылуу таратты.
Элчилик Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салды.
Орус аскерлери Украинада басып алган Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) 21-сентябрга караган түнү да аткылап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратканын станциянын ишине жооптуу украиналык мекеме билдирди.
«Энергоатом» ишканасынын маалыматында иштеп жаткан жалгыз реактор – №6 энергоблоктун жабдыгы жабыркаганы, ал Европадагы бул сыяктуу ири объектилердин бири экени айтылды.