Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,1 миллиард долларлык аскер техникасы жана жабдуулар берилерин билдирди. Анын ичинде 18 HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү система бар.
Жыл башынан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 16,2 милилард долларлык жардам көрсөттү. АКШнын президенти Жо Байден 16-сентябрда украин армиясына 600 миллион долларл жардам берилерин маалымдаган.
Швециянын Жээктеги сакчы кызматы Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” газ куурларынын системаларынан дагы бир жыртыкты аныктап чыкты. Евробиримдик жана Орусия муну диверсиянын кесепети деп атап жатышат, ошентсе да эч бир тарапты айыптай элек.
Aftonbladet жана Svenska Dagbladet швед басылмалары кабарлагандай, төртүнчү тешик Швециянын эксклюзивдик экономикалык аймагына туура келет. Анда келтирилген залал мурдагы табылган үч жыртыкка салыштырмалуу чаканыраак экени айтылды. Адистер жылчыктар аркылуу куурларга деңиз суусу кирип, туз каптап кеткендиктен долбоор биротоло жарактан чыгып калышы мүмкүн экендигин айтып жатышат.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Орусия Украинанын төрт облусунда өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды өткөргөнү үчүн Москвага санкция салууну сунуштады.
Ал 28-сентябрда билдиргендей, жаңы санкциялар Украинадагы согушту жалган референдумдар аркылуу күчөткөнү үчүн Кремлге кымбатка турат.
"Биз эч качан жасалма референдумдарды, Украинанын аймактарынын аннексияланышын кабыл албайбыз жана кырдаалды чыңалтканы үчүн Кремлге жогору баа төлөтөбүз", - деди Урсула фон дер Ляйен.
Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги Орусиянын аймагындагы өз жарандарын өлкөдөн токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Бул чечимин Орусияда кош жарандуулугу бар америкалыктарды аскерге чакырышы мүмкүн деген кооптонуусу менен түшүндүрдү.
"Орусия америкалыктардын кош жарандыгын таануудан баш тартып, аларды өлкөдөн чыгарбай, армияга кызмат өтөөгө чакырышы ыктымал", - деп эскертти дипломатиялык өкүлчүлүк.