6-октябрда эртең менен орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына сокку урганда эки киши мерт болду, турак жайлар кыйрап калды. Уранды астында адамдар кала берүүдө. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух билдирди.
Анын айтымында, жети ракета тең турак үйлөргө тийген, куткаруу иштери уланууда.
Запорожьенин ири бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүндө калганы менен эң чоң шаар – Запорожьени ала алган эмес. Калаада согушка чейин облус калкынын дээрлик жарымы жашачу.
АКШ Украинага дагы 4 HIMARS жабдуусун берет
Бул тууралуу дүйшөмбүдө Reuters агенттиги өз булактарына таянып билдирди. Агенттик маалыматында HIMARS Украинага жардамдын кийинки баасы 625 долларлык пакетине кирген. Бул тууралуу шейшембиде кабарланды.
Орусиянын Конституциялык соту Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын аннексиялоо боюнча президент Путин жана жикчил аймактардын башчылары кол койгон келишимди мыйзамдуу деп тапты.
30-сентябрда кол коюлган келишимдерге ылайык Орусиянын курамында жаңы төрт субъект пайда болот. Алар ДНР, ЛНР, Херсон облусу жана Запорожье облусу деп аталат.
Эми аннексияны Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңеши 3-4-октябрда атайын конституциялык мыйзам кабыл алып, биротоло мыйзамдаштырары күтүлүүдө.
Конституциялык соттун кайсы бир мүчөсү аннексияга каршы добуш берер-бербеси айтылган жок. 2014-жылы ушул эле орган ушундай схема менен Крым жана Севастополдун аннексиясын колдогон.
30-сентябрда Путин Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын аннекиялап алганын жарыялаган. Аталган облустардын басымдуу аймактарын орус аскерлери басып алган. Андан мурда аталган аймактарда референдум өткөрүлгөн.
Киев жана эл аралык коомчулук Орусиянын Украинанын жаңы аймактарынын аннексиялап алганын тааныбай турганын билдирген. Мындан улам Москвага жаңы санкцияларды киргизүү маселеси каралууда.
Севастопол шаарындагы Орусиянын Бельбек аскердик аэродромунда ири өрт катталып, жарылуунун добушу угулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жана Телеграмм-каналдар жазды.
Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастопол калаасынын башчысы Михаил Развожаев учак аэродромго конуп жатып учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткенин жана "ок-дарылар жарым-жартылай жарылганын" билдирди. Развожаев учкуч чыгып кетүүгө жетишкенин кошумчалады. Анын айтымында, өрт тез арада өчүрүлгөн, аэродромдун инфраструктурасы жабыркаган эмес.
9-августта Орусия аннексиялап алган Крымдын Сак районундагы Новофедоровка айылындагы аскердик аэродромдо бир катар жарылуу болгону белгилүү болгон. 16-августта ошол эле Крымда Жанкой аймагындагы ок-дары сакталган кампаларында жарылуулар болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги Новофедоровкадагы окуяны "бир нече авиациялык ок-дарылардын күйүп, жарылышы", ал эми Жанкой районундагы окуяны" диверсия" деп атады.