Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыккан орус жараны Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпка тартылды. Адвокат Бакытбек Автандил орусиялык Владимир аттуу жаранга сот 3 миң сом айып салганын, бул чечим мыйзамсыз экенин, андыктан кийинки соттук инстанцияга апелляциялык арыз берилерин билдирди.
Акцияны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурган. Ал орус президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонго сыйлык тапшырганын айыптап, «Агрессор агрессорго орден тагыптыр» деген билдирүүлөрүн айтып келген жана 7-октябрда элчилик алдында пикетке “Таш менен урганды аш менен ур” деген жазуу, бир табак аш жана бир табак таш алып чыккан. Аны колдоп акцияга Өмүрбек Кангелдиев аттуу адам жана өзүн Владимир Кайданович деп тааныштырган орусиялык чыккан. Үчөөнү тең милиция кармап кетип, Токтонасыров менен Кангелдиевди жазасыз бошоткон.
Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери 53 региондо 200 миңден ашык киши армияга тартылды. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы жана Conflict Intelligence Team (CIT) долбоору билдирди.
Алардын санактарына ылайык, 213 миңдей киши мобилизацияланды. Бул сандар коргоо министри Сергей Шойгунун айткандарына дал келет. Ошол эле маалда иликтөөчүлөр 30 регион боюнча маалыматы жоктугун, армияга чакырылгандар мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.
Европа Биримдиги Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга каршы санкциялардын кезектеги сегизинчи пакетин жактырды. Анда Москваны олуттуу киреше алып келген товар сатуу булактарынан ажыратуу каралган. Атап айтканда, Орусия Федерациясынын аскердик жана технологиялык, коргонуу жана коопсуздук тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон товарлардын тизмеси кеңейтилди.
Ошондой эле ал өлкөдөн металл продукциясынын, жыгач, кагаз, машина, жабдыктар, тамеки, химикаттардын ж.б. импортуна чектөө узартылат.
6-октябрда эртең менен орус армиясы Украинанын Запорожье шаарына сокку урганда эки киши мерт болду, турак жайлар кыйрап калды. Уранды астында адамдар кала берүүдө. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух билдирди.
Анын айтымында, жети ракета тең турак үйлөргө тийген, куткаруу иштери уланууда.
Запорожьенин ири бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүндө калганы менен эң чоң шаар – Запорожьени ала алган эмес. Калаада согушка чейин облус калкынын дээрлик жарымы жашачу.