Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33
Запорожье. Орусиянын соккусунун кесепети. 19-июль, 2026-жыл
Запорожье. Орусиянын соккусунун кесепети. 19-июль, 2026-жыл

Орусия Запорожьеге авиабомба таштады. Украина Москваны бутага алды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:11 9.10.2022

Украинанын көзөмөлүндөгү Запорожье шаарына 9-октябрга караган түнү жасалган кезектеги ракеталык катуу чабуулдун айынан кеминде 17 адам каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Онго жакын жерде жарылуу болгонун, көп кабаттуу жана менчик үйлөр талкаланганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев «Телеграмдагы» каналына жазды.

19:02 8.10.2022

Орусиянын тергөө комитети Крым көпүрөсүндө 8-октябрда болгон жарылууда үч адам өлгөнүн билдирди. Маалыматта каза тапкандар жеңил автоунаада бараткан. Машине жанындагы жүк ташуучу автоунаа жарылганда күү менен сууга кулап түшкөн. Тергөө комитети жүк ташуучу автоунаанын ээси Краснодардын жашоочусу экенин аныктаган.

  • Крым көпүрөсү, жарым аралды Москва 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин орус президенти Путиндин буйругу менен 2018-жылы курулган. 2016-жылы курулуш долбоору 228 млн. долларга бааланган. Путин көпүрөнү ачуу аземине өзү келип катышкан, аны Орусиянын мамлекеттик каналдары түз көрсөткөн.

18:45 8.10.2022

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө 8-октябрда жарылуу болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү бул окуяны «өзгөчө кырдаал» деп атап, өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды.

"Крым темир жолу" ишканасы жүк ташыган поезддин арткы бөлүгүндө мунай куюлган цистерна күйгөнүн билдирди.

18:44 8.10.2022

Украин президенти Владимир Зеленский Курил кыркасынын түштүк аралдарын таануу тууралуу жарлыкка 7-октябрда кол койду. Ага ылайык, Украина Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдарын Жапониянын Орусия оккупациялап алган аймагы деп тааныйт. Өлкө парламенти – Жогорку Рада бул чечимди көпчүлүк добуш менен колдоду.

Зеленский дүйнө коомчулугун ошондой эле кадамга барууга чакырды жана Орусия оккупациялап алган бардык аймактар белгилүү бир убакыттан кийин баары бир бошотуларын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG