Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Крым көпүрөсүндөгү табышмактуу жарылуу


Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийинки көрүнүш, 8-октябрь 2022-жыл.
Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийинки көрүнүш, 8-октябрь 2022-жыл.

Орусияны Украинанын Крым жарым аралы менен байланыштырган көпүрөдө чоң жарылуу болду. Москва автоунаалардан тышкары поезддер да өтө турган бул көпүрөдө бир машине жарылганын билдирди. Украин тарап Керч кысыгындагы көпүрөнүн кеминде бир бөлүгүнүн жарактан чыгышына Киев роль ойногонун туюк айткандай болду.

8-октябрдын таңында Орусия даңазалап келген Крым көпүрөсүндө жарылуу болгонун күбөлөгөн видео тасмалар социалдык тармактарда желдей тарады. Анда көпүрөдөгү автоунаа жолунун бир тарабы кыйрап түшкөнүн, көпүрөнүн үстү аркылуу өткөн темир жолдо мунай ташып бараткан поезддин цистернасынын өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

Орус маалымат каражаттары Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитетине шилтеме кылып, Керч кысыгы аркылуу өткөн Крым көпүрөсүндө жарылуу болгонун ырасташты.

"Бүгүн саат 6:07де Крым көпүрөсүнүн автоунаа жолу өткөн тарабында бомба коюлган машина жарылды. Крымга темир жол аркылуу мунай ташып бараткан жети танкерди өрт чулгады. Эки автоунаа тилкеси жарым- жартылай кыйрап түштү", - деп айтылат Орусиянын мамлекеттик медиасы тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Тергөө комитети жарылуудан үч адам каза болгонун кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, каза болгондор – жарылган оор жүк ташуучу машинанын жанында бара жаткан жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү болчу. Экөөнүн (бир аял, бир эркек) сөөгүн суудан алып чыгышты, алардын ким экени такталып жатат.

Оор жүк ташуучу машинанын ээси Краснодар крайынын тургуну экени аныкталды, тергөөчүлөр азыр анын жашаган жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым маалыматтар боюнча, ал адам машинасын башка бирөөгө сатып жиберген, бирок жаңы ээсине каттала элек болгон.

Жарылуудан улам көпүрөдө транспорт кыймылы токтоп, поезд билеттери сатылбай калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, Москва аннексиялаган Крым жарым аралы менен Орусиянын ортосундагы Керч кысыгы аркылуу кемелер каттай баштады.

Крымдын Орусия дайындаган башчысы Владимир Константинов көпүрөдөгү автоунаа жолуна "украиналык ээнбаштар" зыян келтиргенин, бирок көпүрө анчалык чоң кыйроого учурабаганын, тез арада кайра оңдолорун айтты.


Украинанын ишараты

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттерге жазган билдирүүсүндө Москва басып алган Крымды Орусиянын негизги аймагы менен байланыштырган бул көпүрөдөгү окуяга Киевдин катыштыгы болушу мүмкүндүгүн туюнтту. Ал көпүрөдөгү жарылууну көп өзгөрүүлөрдүн "башталышы" катары сыпаттады. Бирок окуянын артында украин тарап турганын так кесе айткан жок.

"Крым, көпүрө, башталыш. Мыйзамсыз курулган бардык нерсе талкаланышы керек. Уурдалып кеткен бардык нерсе Украинага кайтарылышы зарыл. Орусия басып алган бардык нерсени бошотушубуз керек", - деп жазды Подоляк.

Буга чейин Подоляк Крым көпүрөсүн "мыйзамсыз курулуш" деп атаган. Украинанын аскердик жетекчилери биринчи мүмкүнчүлүк түзүлөрү менен эле бул объект армиянын "номур биринчи бутасына" айланарын эскертишкен.

Орусия 2014-жылы эл аралык коомчулук тааныбаган референдумга шилтеме кылып, Украинанын Крым жарым аралын өзүнө каратып алган. Андан көп өтпөй бул аймакты Орусиянын менен байланыштырган 19 чакырымдык көпүрөнүн курулушу башталып, ал 2019-жылы толук аяктаган.

Европадагы эң узун көпүрө деп саналган Крым көпүрөсүнүн ачылышына Путин өзү катышкан жана бул объект Орусиянын Крым жарым аралындагы бийлигин күчтөндүрүү аракети деп мүнөздөлгөн. Расмий Москва бул көпүрөнү "улуттук сыймык" катары көрсөтүүгө аракет кылып келген.

Быйыл июль айында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Крым көпүрөсүнө сокку урулса, анын кесепети оор болорун эскерткен.

"Эгер ушуга окшош нерсе орун алса, анда бир заматта кыямат күнү келет. Өтө тез жана оор. Андан жашырынып калуу өтө кыйын болот", - деп билдирген Медведев.

Путин Крым көпүрөсүнүн курулушу менен таанышып жаткан учур, 2018-жылдын 14-марты.
Путин Крым көпүрөсүнүн курулушу менен таанышып жаткан учур, 2018-жылдын 14-марты.

Крым көпүрөсүндөгү "чукул кырдаалга" байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды. Буга байланыштуу Путин орус премьер-министри Михаил Мишустиндин, өзгөчө кырдаалдар министринин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин соңку маалыматын укканы белгилүү болду. Орусиянын Тергөө комитети "Крымдагы окуяга байланыштуу" кылмыш ишин ачканы кабарланганы менен иш кайсы берене менен тергеле турганы так айтылган жок.

Фронттогу өзгөрүүлөр

Ал арада Украинанын аймактарында орус күчтөрү менен украин армиясынын ортосунда айыгышкан салгылашуу уланып жатат. Апта башынан бери украиндер бир нече айыл-кыштактан орус аскерлерин сүрүп чыгарышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-октябрдын кечиндеги билдирүүсүндө соңку жети күн ичинде украин армиясы өлкөнүн 29 муниципалитетиндеги 770 чарчы чакырымдык аймак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди.

4-октябрда орус президенти Владимир Путин жасалма референдумдарга шилтеме кылып, Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустары Орусиянын курамына кошулганы тууралуу эл аралык коомчулук тааныбаган мыйзамга кол койгон. Бирок Орусия бул төрт облустун бирин да толук көзөмөлдөбөйт.

7-октябрда Донецкидеги Орусия колдогон жикчилдер Бахмут шаарынын жанындагы бир нече кыштакка кайра көзөмөлүн орнотконун билдирди. Согушка чейин 70 миңдей киши жашаган Бахмут шаарына орус күчтөрү чабуулун күчөткөнү да кабарланууда.


"Настоящее время" телеканалынын Донецк облусунун түндүк тарабында жүргөн кабарчылары жума күнү билдиришкендей, украин күчтөрүнүн орус армиясынын Бахмут тараптагы коргонуу тилкесин жырып өтүү аракети ийгиликсиз аяктады.

Азырынча фронттогу өзгөрүүлөр тууралуу эки тараптын билдирүүсүн көз карандысыз башка булактар аркылуу ырастоо мүмкүн болбой турат.

Бир күн мурдагы аткылоолор Украинанын Запорожье атомдук электр станциясынын бир реакторун электр менен жабдыган түйүнгө зыян келтирди. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси кийинки аптада Москвага барары маалым болду.

Украин бийлиги Запорожьедеги калктуу конуштарды бутага алган Орусиянын "камикадзе" дрондорунун чабуулунан өлгөн адамдардын саны 11ге жеткенин билдирди.

Украинанын Донецк облусу боюнча аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко маалымдагандай, Орусиянын армиясынан бошотулган Лиман шаарында орус күчтөрүнүн колунан каза тапкан адамдардын сөөгү жашырылган эки аймак аныкталды. Алардын биринде 200дөй адамдын сөөгү табылды жана алардын көбү жайкын тургундар экени белгилүү болууда.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG