Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Украинага уруш башталганы 75 млрд. доллар жардам келди


Ыктыярчылар Украинага гуманитардык жардам чогултуп жатышат. Алматы, 2022-жыл, 28-февраль

Орусия кол салгандан бери Украина башка мамлекеттерден жана чет элдик уюмдардан 75 миллиард доллар жардам алды. Бул сумма өлкөнүн бюджетинин бир жылдык кирешесинен 1,6 эсе чоң. Согуштун биринчи күнүнөн тартып украиналыктарга Батыш өлкөлөрүнүн бийликтери жана жарандары эле эмес, ошондой эле Орто Азиянын: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия жана башка өлкөлөрдүн жашоочулары да жардам берип келет. “Сибирь. Реалии” жергиликтүү ыктыярчылардан алар эмне үчүн согуш жүрүп жаткан алыскы өлкөгө жардам берүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө сурады.

“Путин СССРди калыбына келтире баштайт деп коркуп жатабыз”

"Биринчи айда бизге 20 миң адам акча жөнөттү. Казакстандын тарыхында мынчалык тез каражат чогултулган учур болгон эмес. Биз которуу жолу менен эле 500 миллион теңге чогулттук. Кээ бирөөлөр өздөрү товар сатып алып, анан бизге өткөрүп турушту. Юридикалык жактар бизге 20 миң доллардан алып келишти. Миллион доллардай салым кошкондор да болду. Ушул жайда Казакстандын жарандыгын алган бир орус бизге миллион доллар бөлүп берди, жакында дагы 2 миллион доллар бермекчи. Мисалы, согуш башталгандан бери жума сайын бизге 1,5 миң теңге, башкача айтканда, төрт доллардан жиберип турган адам да бар. Сааттын жебесиндей так жүргүзүп, кээде кечигип калса, “убагында бере албаганым үчүн кечирим сурайм” дейт. 100 – 200 теңге жиберген адамдар бар, пенсиясын биздин кеңсеге көтөрүп келген чоң аталар бар", – дейт Алматы шаарынын тургуну Тогжан Кожалиева.

Тогжан Кожалиева.
Тогжан Кожалиева.

Согуштун биринчи күндөрүнөн тартып анын HAQ фонду Украинанын тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултуп келет. Казакстанда ар ким каалаган нерсесин алып келсе болгудай бир нече ыктыярчы штаб бар.

Ыктыярчылар Украинанын аскердик администрациясы менен байланышып, гуманитардык жүктү камдашат. Алгачкы күндөрү жүк учак менен, эми Орусияны айланып өткөн жүк ташуучу автоунаалар менен ташылып жатат. Алар дары-дармектерди, медициналык шаймандарды, тамак-ашты, уктоо каптарын, газ очокторун, генераторлорду жөнөтүшөт.

"Албетте, азыр кайрымдуулук иш-аракеттери секунд сайын жүрүп турган биринчи күндөрдөгүдөй эмес. Бир ар бир саатта миллион теңгеден алган күндөрүм болду эле. Алгачкы 10 күн ичинде биз 120 миллион теңге чогулттук (миллион теңге = болжол менен 2100 АКШ доллары). Азыр жардам кыйла солгундады, бирок эми ишкерлер жана юридикалык жактар келип кошулду. Алар бир бергенде эле көпчүлүк чогулткандан көбүрөөк жардам жибере алат. Мисалы, жеке адамдар 150 миллион чогултса, бир бизнесмен 360 миллион сом которду. Жигердүү иш-аракеттер дагы эле жүрүп жатат. Эми бул биздин маалыматтык ишибизден көз каранды: биз өзүбүз жөнүндө кабарлап, эсептерди эске салып турсак, иш кыйла жакшы жүрүшөт", – дейт Кожалиева.

Краматорск шаарындагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү пунктунда тамак-аш үчүн кезекке турган адамдар. 2022-жыл, 26-сентябрь.
Краматорск шаарындагы гуманитардык жардамды бөлүштүрүү пунктунда тамак-аш үчүн кезекке турган адамдар. 2022-жыл, 26-сентябрь.

Йога мугалими Зарина Шахмухамбетова акыркы жылдары Украинада жашап келет. Анын күйөөсү Запорожьедеги заводдордун биринде иштейт. Согуш башталганда, Зарина Казакстанда болчу: апасы катуу ооруп калгандыктан, ал үйүнө келген эле. Сентябрь айында ал украин аскерлери көзөмөлдөгөн Запорожье шаарына кайтып барды. Казакстанда жашаган убактысынын баарында Зарина Алматыдагы штабда, “Посылка” деген фонддо ыктыярчы болуп иштеди.

"Жөнөкөй казакстандыктардын жардамы мен үчүн дагы деле эң таң калычтуу, көӊүлдү жаркыткан көрүнүш", – дейт Зарина.

"Алар Украинада эч кимиси жок болсо да, бейтааныш кишилерге жардам берүү үчүн келген адамдар эле. Алар согуштун айынан карапайым адамдар жапа чегип, үй-жайсыз калганын, кандай оор шартта жашап жатканын түшүнөт. Аларга казакстандыктардын жардам беришкени таңкалычтуу болду. Буга байланыштуу репрессия жылдарында поляктар, немистер жана башка репрессияланган адамдар ээн талаада өлүп калсын деп алып келингенде, аларды казактар ажалдан арачалап калышканы эске түшөт. Азыр да ошондогудай болуп жатканын көрдүм. Көкүрөктө сакталган адамгерчилик бул".

Зарина Шахмухамбетова.
Зарина Шахмухамбетова.

Тогжан Кожалиеванын айтымында, казакстандыктар украиналыктарга жардам берет, анткени алардын башына түшкөн кайгынын өз өлкөсүндө болушун каалабайт. Жергиликтүү калайык ар дайым орус саясатчыларынын Казакстандын түндүк бөлүгү мурда РСФСРге таандык болчу деген сөздөрүнө терс жооп берет. Азыр Орусия талаштуу аймактар бар деген шылтоо менен Украинага кол салган кезде Казакстан ого бетер тынчсызданууда.

"Путин СССРди калыбына келтире баштайт деп коркуп жатабыз. Биз ал доорго таптакыр кайткыбыз келбейт, анткени Советтер Союзу биз үчүн жамандыктын уюгу. Орусиядан коркуу сезими каныбызга сиңген. 1930-жылдары Казакстанда эл ачарчылыктан кырылганда, 3 миллион казактын 1,5 миллиону калган. Бул большевизмдин биринчи кесепети. Орусия сыяктуу эле Казакстан да репрессиядан жапа чеккен. Биздин автономияга жол чапкысы келген жетекчилердин дээрлик баары, улуттун каймагы жок кылынды десек болот. Алар Жапониянын өнүгүү өрнөгүн алууга умтулушкан – 30-жылдары Казакстанда ушундай сөздөр болгон.
Кийин биз эне тилибизден айрылып кала жаздадык. Мисалы, мен 1989-жылы мектепти бүтүргөм. Казак тилинде сүйлөшүү артта калгандыктын белгиси деп эсептелчү. Кыйын болсоң, орусча сүйлөшүң керек эле. Биз өз тарыхыбызды билчү эмеспиз, бирок Орусиянын тарыхын окучубуз. Мээбизге сиңирип коюшкан эле. Биз өз маданиятыбыздан алыстап, Тютчев менен Тургеневди билчүбүз. Биздин элди өз маданиятынан, башатынан ажыраткан. Ошондуктан биз азыр деле эл катары жоголуп кетүүдөн коркуп турабыз.

Зарина Шахмухамбетова казакстандыктар Украинага адамгерчилик үчүн гана жардам берип жатат, ал эми өлкөдө Орусияга каршы маанай байкалбайт деп эсептейт. Ал гана эмес, көптөгөн тургундар, атүгүл түпкү казактар да Кремлдин үгүтүнө ишенет дейт.

Алматыдагы ыктыярчылар штабы.
Алматыдагы ыктыярчылар штабы.

"Мисалы, жакын туугандарым чалып, ал-жайымды сурашат", – деди Украинада жүргөн Зарина.

"Мен “орус баскынчылары бизге жакка келе элек” дейм. Алар “эчтеке эмес, эми алар барып, силерди боштондукка чыгарышат. НАТО менен алака кылбай эле койсо болмок, украиналыктар өздөрүнөн көрсүн. Аларыӊ нацисттер да” дейт. Мен аларга Украинада эч качан жашап көргөн эмессиңер, ошондуктан бул жакта эмне болуп жатканын билбейсиңер деп жооп берем. Орусияны жанталаша жактагандар бар: “Мариуполду дароо эле берип салышы керек болчу тигилер, ошондо мынчалык кыйроого учурамак эмес”, – дешет.

“Мага опузалап чалып турушту”

Кыргызстандагы коомдук демилгечи Динара Аляева апрель айында Украинага жардам чогултуу уюштурду. Анын Фейсбуктан жазган жарыясын жергиликтүү ЖМК жайылтты. Бишкектеги балдар хосписинен бөлүнгөн жайга ар ким тапканын алып келип жатты. Чогулган жууркан, уктоо кабы, туристтик төшөк, кургатылган жер-жемиш, жалаяк, узакка сакталуучу азык-түлүк чогултула берди. Акча чогултуу үчүн коомдук активисттер элчиликтин банк эсебин көрсөтүштү.

"Эл Украинага жардам берүүгө дилгир экенин көрсөттү. Бул иш дарыяга айланган өзөн сыяктуу болду. Алар, мисалы, бирөө таза жуулган жүн жууркан, жалаяк алып келсе, башкалар 200 жууркан ташып келди. Адамдар телефон чалып, жардамды жеткирүүгө үлгүрбөй, украиналыктарга кандай боорубуз ооруганын билдире албай калабызбы деп ыйлап жиберген кишилер болду. Бир бурчуна Кыргызстандын желеги тартылган жаңы жууркан эсимде даана калыптыр. Украинанын жайкын калкына орус аскерлери кандай оор кайгы алып келгенин көргөндө, эч ким кайдыгер карап тура алган жок. Кээде бул элге эч кандай жардам бере албайбыз деп үмүт үзүп коё жаздагыдай болдук. Анан Буча шаарындагы окуялар чоң бурулушту көрсөттү. Өкмөттүн унчукпай, бейтарап турумду карманганы жанды кашайтты. Балдар өлтүрүлүп жатса, кантип унчукпай каласың?".

Динара Аляева.
Динара Аляева.

Динаранын айтымында, жардам чогулталы деген кайрылуу жарыялангандан кийин белгисиз адамдар аны телефон аркылуу опузалай баштаган. Бул жергиликтүү бийликтин турумуна байланыштуу, анткени Украинаны колдогон жергиликтүү жарандардын дилгирлигинен улам Орусиянын жетекчилиги менен мамилесин бузуп алуудан коркот деп ойлойт.

Садыр Жапаров март айында “Кыргызстан – бул согушту токтотууга жетиштүү таасир тийгизе албаган кичинекей өлкө, ошондуктан биз бейтарап болушубуз керек”, – деген эле. Февраль айында Кремль Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Жапаров “атайын операцияны” колдой турганын айтканын кабарлаган.

"Кыргызстан Орусия менен экономикалык жана саясий жактан тыгыз байланышта. Эгемендикке ээ болгондон бери биздин лидерлер насыя, грант жана башка милдеттемелер аркылуу Орусияга көз каранды болууга алып келишти. Ошондуктан согуш башталгандан кийин, биздин өкмөт “Көргөн жокмун”, “Уккан жокмун”, “Айтпайм” деген маймылдардай жосунду карманышты. Жардам чогултуу жөнүндө жарыя ушул турумга каяша эле. Ошондуктан менин телефонумду тыңшап, күн сайын “фашисттер менен бандерачыларга жардам берип жатасың" деп опузалап чалып турушту.

Мага чалгандар жөнөкөй жарандар эмес, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болушу мүмкүн деп ойлойм. Алар "эгер бул иштин айынан биздин кыргыз мигранттар Орусиядан куулуп келсе, сенин сазайыңды беришет" дешти. Бир ай бою жумушка келүүдөн коркуп жүрдүм, анткени гуманитардык жардам чогултуу жайынын дареги ЖМК аркылуу жарыяланган. Бирок мен өзүмө жана өкмөткө карапайым калктын кырылышын актаган зомбилерге караганда калыс кыргыздар көп экендигин далилдөө үчүн ишимди уланта бердим.

“Орусия бизге эмне берет: шинель менен керзи өтүкпү?”

Согуш башталганда, Монголияда жардамды Украина үчүн да, "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган облустар үчүн да чогултуп турушту. Орусиядан келген иммигранттар сепаратисттер үчүн 600 миң рубль турган беш тонна жүк чогултушту. Монголиянын өкмөтү жана “Монголиядагы украиналыктар” уюму Украинанын пайдасына каражат топтой баштады: бийликтегилер БУУнун Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча борбордук фонду аркылуу 150 миң доллар жана Мамлекеттик резервдик фондунан Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай коомдору аркылуу 50 миң доллар жөнөтүүгө убада беришти.

Монголияда Украинаны колдогон пикет.
Монголияда Украинаны колдогон пикет.

Улан-Батордун Чечен аттуу тургуну Монголияда бала кезинен бери жашайт. Анын ата-энеси Тывадан келген.

"Мен дароо эле бир аз акча, 100 доллар жөнөттүм", – дейт Чечен.

"Эмне үчүн дейсизби? Украина оор абалда калды, мен ар дайым алсыздарга, азчылыктагыларга жардам берүүгө көнүп калгам. Бул согуш мага өтө адилетсиз көрүнөт. Коңшу өлкөгө ойдон чыгарылган шылтоо менен кол салган туура эмес да. 2014-жылдан берки окуяларда тигил же бул күнөөлүү, жарандык согуш болду, эки тарап тең ката кетиришти деп ойлочубуз. Азыр баары өзгөрдү: бир тарабы кол салды, экинчи жагы азап тартып жатат. Муну америкалыктар кылды деген сөздүн такыр жөнү жок. Кошунаӊдын короосунда киши өлтүрүлүп жатса, сен да барып өлтүрө бересиңби? Бул согуш тарыхтагы эң коркунучтуу окуялардын бири болуп калды окшойт: эки мамлекеттин маданий башаты бир болсо да, орусиялыктар коңшуларын жок кылууда".

Чечендин айтымында, Монголияда көптөгөн адамдар Орусиянын агрессивдүү турумун жакташат. Мисалы, апрель айында Улан-Батор шаарында Орусиянын Украинага басып киришин колдогон чакан митинг болду. Катышуучулар Жуковдун эстелигинин алдына “Бандера украиналык фашист жана Гитлердин агенти болгон”, “Биз Орусияны колдойбуз!”, “Фашизм болбосун, нацизм жоголсун!” деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

"Мен бул адамдарды түшүнбөйм", – дейт Чечен.

"Украинада нацизмдин бар экендигин тастыктаган бир дагы факт жок. Бул накта үгүтчүл кыйкырыкка көптөгөн адамдар ишенип жаткандыгына таң калам. Эгер Монголия мен түшүнгөндөй дүйнөлүк коомчулук менен бирге болгусу келсе, анда азыр Орусияга биротоло ооп кетпешибиз керек. Орусия бизге эмне берет – шинель менен керзи өтүкпү? Албетте, алар менен чырдашуунун кереги жок. Калыс туруу керек. Азыр орусиялыктар мобилизациядан качып Монголияга да келип жатышат. Келе беришсин – жакшы тосуп алабыз. Согушка барбаса эле болгону".

Орусияда мобилизация башталгандан кийинки Монголия менен чек арада.
Орусияда мобилизация башталгандан кийинки Монголия менен чек арада.

“Сыйыңды бил же кетип кал”

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин көптөгөн орусиялыктар коңшу мамлекеттерге агылды. 260 миңден ашуун калк чыгып кетти: 200 миңден ашуун киши Казакстанга, 60 миңге жакыны Грузияга, үч миңден ашуун киши Монголияга жөнөдү.

Көпчүлүк өлкөлөрдө аларды бейтарап же жакшы кабыл алышты. Мисалы, Казакстанда аларды кинотеатрга жана балдар лагерине жайгаштырышты. Биз ыктыярчылардан: талкаланган Украинага жардам бергениӊер менен согуштан качып келген орусиялыктарды тосуп алганыңар канчалык бири-бирине туура келет деп сурадык.

Мобилизация жарыялангандан кийин келген орусиялыктар Казакстандын мыйзамдарында талап кылынгандай, жеке идентификациялык номерди алууга аракет кылып жатышат.
Мобилизация жарыялангандан кийин келген орусиялыктар Казакстандын мыйзамдарында талап кылынгандай, жеке идентификациялык номерди алууга аракет кылып жатышат.

"Биз эзелки салтыбызды сактайбыз. Биздин эл саясий көз карашы кандай экенине карабастан, муктаждарга ар дайым жардам берип келген. Ар дайым ушундай болуп келген. Анын үстүнө, мен азыр согуштун көптөгөн жактоочулары өлкөдөн качып кетиши мүмкүн эмес деп ойлойм. Жактоочулар кала берет", – деп эсептейт Тогжан Кожалиева.

"Менин оюмча, баары бир көпчүлүк буга кубанган жок", – дейт Зарина Шахмухамбетова.

"Мисалы, мен дароо эле чек араларды жабуу керек деген ойго келдим эле. Баарынан да, азыр “кебез баштар” каптап кетет деп коркуп калдым. Бизде алар көп, мисалы, менин атам ушундай көз карашта. Эгерде мындай орустар көп келсе, анда биздин аймактар колдон чыгышы мүмкүн деп ойлодум эле. Бирок бара-бара булар деле адамдар экендигине көзүм жетти. Акыл-эстүү ар бир адам ушундай тыянакка келиши керек го. Мисалы, Грузия жакында согушту баштан кечирди эле, бирок алар орусиялыктарды тосуп алышты. Бул бийик адамгерчиликтен кабар берет. Алар деле биздей кишилер. Болгону сый-урматты билишсин. Сыйлаганды бил же болбосо тынч кетип кал".

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG