АКШ президентинин администрациясы Starlink системасын Иранда жеткиликтүү кылуу үчүн Илон Маск менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы булагына таянып кабарлады.
Иранда бийлик интернетти чектөөгө алып жатканы үчүн Starlink интернет менен камсыз кылуучу система катары каралууда. CNN Вашингтон Ирандагы протесттик кыймылдарды колдоонун жолдорун издеп жатканын белгиледи.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу телефондон сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулашты.
Пентагон 21-октябрда билдиргендей, Остин Орусия баштаган согуш шартында байланышты кармап туруу маанилүү экенин белгилеген.
Орусиянын Коргоо министрлиги Телеграм-каналы аркылуу «эл аралык коопсуздук боюнча орчундуу темалар, анын ичинде Украинадагы кырдаал талкууланганын» билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө жана ал жакка барбоого 21-октябрда чакырды. Муну расмий Тегеран "аскердик кагылышуулардын чыңалуусуна жана Украинадагы туруксуздукка" байланыштырды.
10-октябрдан бери Орусия Украинанын шаар-кыштактарын тынымсыз абадан аткылап жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран Москвага дрон сатканын четке кагып келет.
Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында иран аскерлери Украина шаарларына дрон менен сокку урууга орусиялыктарга жардам берип жатат. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирби 20-октябрда билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Иран дрондорду учурууга орусиялык аскерлерге жардам берүү үчүн атайын адистерди жөнөткөн. Бул маалыматты британ өкмөтү да ырастады.