Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:04 1.11.2022

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов жарым аралдагы Киевге жан тарткан адамдардын жана компаниялардын мүлктөрүн улутташтыруу чарасы башталганын жар салды.

Мамлекеттик менчикке алына турган объектилердин тизмесин антитеррордук атайын комиссия түзүп чыккан. Анда "РусЛайн Ко", Стройиндустрия" Бакчы-Сарай комбинаты, "Залив" кеме куруучу заводу жана башкалар бар.

13:04 1.11.2022

31-октябрда Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн орусиялык ракета коңшу Молдованын айылына түштү. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Талкаланган ракета Наславче кыштагына кулаган. Бир нече үйлөрдүн терезелери талкаланды, тилекке жараша жабыркагандар жок.

Наславче - Молдованын түндүгүндө, Украина менен чек ара тилкесинде жайгашкан айыл.

13:04 1.11.2022

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Түркия жана Украина 31-октябрда украин данын экспорттоо боюнча макулдашуунун алкагында Кара деңизден 16 кеменин багытын макулдашты. Кемелер деңиздин Түркияга караштуу бөлүгүндө турат.

Reuters агенттиги кабарлагандай, бул макулдашуу Орусиянын катышуусуз кабыл алынды. Мунун алдында Москва украин портторунан азык-түлүк ташып чыгууга жол берген дан келишиминен чыгарын жарыялаган.

15:46 31.10.2022

Украинанын Киев, Харьков, Запорожье, Кривой Рог, Марганец шаарлары соңку суткада кайрадан жапырт аткылоого кабылды. 30-октябрда жана 31-октябрдын таңында бүткүл республиканын аймагында аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.

Украинанын абадан коргонуу системалары орус ракеталарынын көпчүлүгүн атып түшүрдү. Винница, Кировоград, Запорожье, Полтава облусунун аймагына атылган көпчүлүк ракеталар энергетикалык жана башка объектилерге тийди. Марганец шаарында ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир адам каза болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG