Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39
Cочинин портундагы жарылуу, 3-сентябрь, 2026-жыл
Cочинин портундагы жарылуу, 3-сентябрь, 2026-жыл

Украин дрондору Краснодарга чабуул койду, Сочиде беш киши жабыркады

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:27 16.11.2022

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде Конгресске Украинага жардам үчүн 37 млрд. 700 млн. доллар сураган кат жиберди. Бул каражаттын 21 млрд. доллары украин аскерлерине курал сатып алууга жумшалат.

Жарым жыл мурда Конгресс Украинаны колдоо үчүн 40 млрд. доллар бөлүп берген. Мунун ичинен 18 млрд. доллар курал-жарак сатып алууга сарпталганын Байдендин администрациясы маалымдады.

Бул маселе Конгресстин азыркы - эки палатада тең демократтар басымдуулук кылган курамында каралат.

12:27 16.11.2022

НАТОнун чабармандары Польшага Орусиянын ракеталары түшкөн деген кабарды талкуулайт.

Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) чабармандары 16-ноябрда чукул жыйынга чогулуп, Орусиянын Украинаны бутага алган эки ракетасы Польшага түшүп, эки адамды набыт кылганы тууралуу маалыматты талкуулашмакчы.

Жолугушуу альянстын 4-беренесинин негизинде өткөрүлөрүн Reuters эки анонимдүү европалык дипломатка шилтеме кылып билдирди.

12:26 16.11.2022

Шейшембиде орус аскерлери Украинанын кеминде 12 чөлкөмүнө ракетадан сокку урду. Маанилүү инфраструктура бутага алынып, электр энергиясы жапырт өчүрүлүүдө.

Украинанын абадан коргонуу системасы Киевге багытталган төрт ракетаны атып түшүрдү. Аткылоодон баш калаада эки турак жай жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Бир кишинин каза тапканы маалымалды. Киевдин тургундарынын жарымы электр жарыгысыз калды.

12:26 16.11.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жыйырманын" саммитине жасаган видео кайрылууда Орусияны согушту токтотууга, миңдеген кишинин өмүрүн бөөдө кыйбоого чакырды.

Ал урушка “адилет жана БУУнун уставынын жана эл аралык укуктун негизинде” чекит коюлууга тийиш экенине басым жасады. Зеленский башка өлкөлөрдү Киевден “ар-намысы, суверенитети, эгемендиги менен компромисске барууну талап кылбоого” үндөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG