Расмий Киев билдиргендей, Кара деңиз портторунан украин эгинин экспорттоо тууралуу келишим дагы 120 күнгө узартылды.
"Чечим Стамбулда жактырылды. Демилгеге кепилдик берген талаптар катары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Түркия калууда", -деп жазылат Украинанын Инфраструктура министрлиги тараткан билдирүүдө.
Маалыматты БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы ырастап, тараптардын чечимин кубаттады.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден украин лидери Владимир Зеленскийдин Польшага түшкөн ракета украин тараптан атылган эмес деген комментарийинен күмөн санайт. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Вашингтондо айтты.
"Бул эч кандай далил эмес", - деди Байден.
АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли билдиргендей, Украина жакын арада толук жеңишке жетет деген ыктымалдуулук өтө аз. Ал орус куралдуу күчтөрү такыр эле кыйрап калганда мындай болушу мүмкүн экенин, бирок андай ыктымалдуулук төмөндүгүн кошумчалады.
Генералдын билдирүүсүнө караганда, украин аскерлери Харьков менен Херсондо ийгиликке жеткени менен Орусия Украинанын аймагынын 20% көзөмөлдөп турат.
Польшада эки кишинин өлүмүнө алып келген ракетанын жарылуусуна Украинанын абадан коргонуу системасы себеп болушу мүмкүн, бирок акыр-аягында ага мыйзамсыз согушту улантып жаткан Орусия жооптуу. Мындай билдирүүнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 16-ноябрда Брюсселдеги маалымат жыйында жасады. Столтенберг альянстын чукул жыйынан кийин белгилегендей, алдын ала анализ ракета атайлап атылбаганын көргөздү, иликтөө уланууда.