Запорожье облусунун эки жашоочусу орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан каза таап, бирөө жарадар болду. Бул тууралуу аймактын облустук аскер администрациясы Телеграм-каналы аркылуу кабарлады.
"Гуляйпольская грома (украиналык аталыш-ред.) кайрадан душмандын аткылоосуна кабылды. Орусиялык артиллерия огунан эки жай тургун каза болду. Баскынчы үч ракетаны Новониколаев аймагына таштады. Анын бири айыл чарбага караштуу объектти талкалады", - деп айтылат билдирүүдө.
Херсон облусундагы Антоновка аймагында украиналык полициянын ыкчам-тергөө тобу орусиялык күчтөрдүн аткылоосуна кабылды. Алар отурган машинеге граната ыргытылган. Төрт полиция кызматкери жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.
Бул тууралуу РБК-Украина Херсон облусунун полициясына таянып билдирди.
3-мартта орусиялык армиянын аткылоосунан Херсондо эки киши каза болгонун аймактын облустук аскер администрациясынан кабарлашкан.
"Орусиялык баскынчылар облустун аймагын 69 жолу аткылашты. Херсондун жай тургундар жашаган аймагына 460 жолу миномет, снаряд, РСЗО, артиллерия, танк жана учкучсуз учактардан аткылоо болду", деп айтылат маалыматта.
"Херсондун өзү төрт жолу аткылоого кабылды. Шаарда көп кабаттуу үйлөр жана коммуналдык кызматтар жабыркады", - деп билдирди облустук администрация.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу согуш жүрүп жаткан аймакка барып, Түштүк-Донецк багытындагы "Чыгыш" деп аталган аскер бөлүктөн кабар алды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Анда Шойгу аскер бөлүктүн командири, генерал-лейтенант Рустан Мурадов баштаган жетекчилердин баяндамасын укканы, эрдик көрсөткөн жоокерлерге сыйлыктарды ыйгарганы жазылган.
Министрликтин Телеграм-каналына жарыяланган видеодон учакты, имарататтар, үйлөр талкалаган конуштун жанындагы аскер башчыларынын жыйынын көрүүгө болот. Анда видео качан, кайсы жерде тартылганы такталган эмес.
Немистердин Rheinmetall концерни Украинада танк жасаган завод куруу ниетин билдирди. Бул тууралуу РБК-Украина компаниясынын башчысы Армин Паппергерге таянып билдирди.
"Rheinmetall кеминде 200 миллион еврого жылына 400гө чейин Panther танкын чыгара турган завод кура алат. Украин бийлиги менен көптү убада кылган сүйлөшүүлөр жүрүп атат, чечим жакынкы эки айда чыгат", - деди Паппергер.
Rheinmetall заводунун жетекчилиги имаратты орусиялык авиациянын чабуулунан коргосо болот деп ишенет.
"Украинанын жеңиши үчүн 600дөн 800гө чейин танк керек, бирок бул үчүн өндүрүш оперативдүү түрдө иштеши зарыл", - деп эсептейт Паппергер. Ал Украинадагы согуш "дагы бир жылга созулушу мүмкүн" деген ойдо.