Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:58

Санкт-Петербургда дрон чабуулунан бир киши каза таап, ону жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:24 16.3.2023

Орусиянын жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын жарнамасы Pornhub аттуу сайтына чыга баштаганын бир нече Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Алар ушундай жарнамаларды бөлүшкөн социалдык колдонуучуларга таянышкан.

Уят сөздөрдү камтыган видеодо ЧВК "Вагнер" Орусиянын бардык аймактарынан жалданма аскерлерди тартып жатканын айтып, "порнография көрүү ордуна ЧВКга жумушка орношуу" чакырыгы менен аяктайт.

Жарнамада белгиленген телефондун номери жеке аскердик компаниясына тийиштүү экени белгиленген.

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин "компания чын эле Pornhub сайтына жарнама берди беле жана мындай жол натыйжа берип жатабы" деген суроого "Кайсы сайт экенин билбейм, бирок аны порнографиялык сайтка жайгаштыруу - биздин маркетологдордун жакшы идеясы. Мен алар менен толук макулмун. Ал жарнамада порнография сайтка киргендин ордуна ЧВК "Вагнерге" кирип согуш деп турат. Ким буга макул эмес?", - деп жооп берген.

“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, аскердик менчик компаниянын Орусиядагы өкүлдөрүнө жаңы санкцияларды салды. Айрым өлкөлөр “Вагнер” компаниясын террордук уюм деп тааныган.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да бар.

21:29 15.3.2023

Вашингтон Кара деңизде америкалык чалгынчы дрондун орусиялык согуштук учак менен кагылышканын “эл аралык мыйзамды одоно бузуу” деп мүнөздөдү. Пентагон орус учактары аппаратты курчоого алганын билдирсе, Орусиянын Коргоо министрлиги аны четке кагууда. Бул окуядан кийин Орусиянын АКШдагы элчиси Мамлекеттик департаментке чакырылды.

15:47 15.3.2023

Украин куралдуу күчтөрүнун Башкы штабы 15-мартта билдиргендей, орус аскерлери чыгыш фронтунда 90дон ашуун ийгиликсиз чабуул жасады. Бахмуттан тышкары Лиман, Авдеевка, Мариинка жана Шахтерск шаарлары бутага алынганы кабарланды.

Маалыматка караганда, Херсон облусунун Ивановка кыштагында жарандык инфраструктарага тийген дүрмөттөн окко учкандар, кыйроолор бар. Облустун администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, бир күн мурда Херсон шаарындагы турак жай соккуга кабылганда карапайым төрт киши жарадар болгон.

Ошол эле күнү Бахмуттан алыс эмес жердеги Краматорск шаарында аткылоодон бир киши мерт кетип, үчөө жараат алган.

Соккуга кабылган Курахово шаарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураганын Донецк облусунун губернатору Павло Кириленко билдирген.

Шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда президент Владимир Зеленский украин армиясынын жогорку командачылыгы Бахмутка кирген чыгыш тилкесин коргоону улантууну колдогонун айтты. Президент жыйында Бахмуттагы абал көңүл чордонунда болгонун кошумчалады.

“Бүтүндөй командачылык ал тилкени күчтөндүрүү жана баскынчыларды болушунча жок кылуу позициясын так билдирди”, - деп айтты Зеленский.

Украин коргоо министринин орун басары Анна Маляр жергиликтүү телеканалга берген маегинде Бахмут үчүн кармаштын маанилүү экенине токтолуп, орусиялыктар ал жерде “эбегейсиз сандагы аскерлерин жоготуп жатканын”, аскердик техникасынан ажыраганын, алдыга жыла албай калганын белгиледи.

Айрым көз карандысыз аскердик эксперттер эки тараптын тең жоготуулары көп деп айтышат. Согуш шартында андай маалыматтарды бышыктоо мүмкүн

13:57 15.3.2023

14-мартта Кара деңизде америкалык дрондун жок кылынышына байланыштуу Орусиянын элчиси Анатолий Антонов АКШнын Мамлекеттик департаментине чакыртылды.

Дипломатиялык мекеменин өкүлү Нед Прайс Кошмо Штаттар бул маселе боюнча орус тарап менен байланышта экенин билдирди.

Кошмо Штаттар 14-мартта Кара деңизде эл аралык мейкиндикте иштеген MQ-9 Reaper чалгын дрону орусиялык кыргын салуучу учак менен кагышканын билдирген. АКШнын Коргоо министрлигинин визуалдык маалыматтарды таратуу кызматынын маалыматында, орусиялык Су-27 үлгүсүндөгү эки согуштук учак америкалык аппаратты курчоого алышкан. Бир учак эртең мененки саат жетиде дрондун канатына тийген, ошол себептүү америкалык күчтөр дронду атып түшүрүүгө туура келгенин Кошмо Штаттардын командачылыгы билдирди.

Докладда бул окуя кооптуу, профессионалдуулукка жатпаган жана компетенттүүлүктүн жоктугун көрсөткөнү белгиленген.

“MQ-9 аппараты эл аралык аба мейкиндигинде кадыресе операцияны аткарып жүргөн. Аны орус учактары курчоого алып, кагышуу болгону үчүн аппарат толугу менен кыйрады”, - деп айтылат АКШнын аба аскердик күчтөрүнүн Европадагы жана Африкадагы башчысы Жеймс Хеккер.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол күнү кечинде орус учактары АКШнын дронуна күч колдонбогонун жана кагышпаганын билдирди. Мекеме америкалык аппарат сигнал жөнөткөн транспондери өчкөң абалда “атайын аскердик операция” жүргүзүү максатында белгиленген аба мейкиндигин айрым чектерин бузганын билдирди.

НАТОнун Европадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристофер Каволи өнөктөштөрүнө Кара деңиздин үстүндөгү окуя тууралуу кабар бергенин, Reuters агенттиги жазды. АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби дрон эч кандай коркунуч жаратпаганын билдирди. Ал аппарат эл аралык аба мейкиндигинде болгонун белгилеп, бул боюнча Байден кабардар экенин кошумчалаган. Кирби орусиялык учактардын дрондорду курчоого алышы сейрек көрүнүш эмес экенин, бирок америкалык дрон Кара деңизге биринчи жолу кулаганын айтты.

“Биз аба мейкиндигинде бир жылдан бери тынымсыз учуп келебиз жана муну уланта беребиз”, - деди Кирби.

MQ-9 Reaper азыр АКШнын негизги чабуулчу дрону катары эсептелет. Ал саатына 400 чакырымдан узакка учат жана абада 24 саатка чейин жүрө алат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG