НАТО Путиндин өзөктүк курал тууралуу риторикасын кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп атады
Бул тууралуу Reuters агенттигинин жекшемби күнү жарык көргөн макаласында айтылат. Түндүк атлантикалык блоктогу аты белгисиз ишенимдүү булакка шилтеме берилген макалада, НАТО Путиндин Беларуска ядролук курал жайгаштыруу жөнүндө билдирүүсүн кооптуу деп эсептей турганы айтылат.
Басылманын булагынан айтымында, НАТО Орусия "СНВ-III" аттуу стратегиялык чабуулду чектөө жана токтотуу чаралары тууралуу келишимден чыгып кетүү менен өз милдеттерин эрте токтоткону белгиленген.
Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Пател 26-мартта АКШ Украинага каршы өзөктүк курал колдоно турганынын белгилерин көрбөй турганын айткан. Вашингтон өзүнүн өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкта кармоону зарыл деп эсептебейт.
Венгрия ТИМи: Будапешт ок атышууну токтотууну жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактайт, бирок Орусиянын Украинанын басып алган аймактарына көзөмөл кылууну колдобойт
Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттигине Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билдирди.
"Согушту токтотуу жана сүйлөшүү столуна отуруу кво-статусун кабыл алууну билдирбейт. Аскердик аракеттер токтогондо жана тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганда чек ара фронттун азыркы чегинде болууга тийиш эмес. Биз муну өзүбүздүн тарыхыбыздан улам билебиз. Азыр окту токтотуу керек" ,- деди Сийярто.
Будапешт согушту токтотууну жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону Орусия Украинага кол салгандан бери айтып келет. Ушул жылдын 23-февралында өткөн БУУнун жыйынында Венгриянын ТИМи АКШ президенти менен орус президенти Владимир Путинди сүйлөшүүгө чакырган. Украинанын Тышкы иштер министрлиги анда Украинанын катышуусуз согушту токтотуу тууралуу бир дагы сүйлөшүү болбошу керектигин билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москва коңшу Беларустун аймагына өзөктүк тактикалык курал жайгаштырууну Минск менен макулдашканын, бул массалык кыргын салчу куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимди бузбай турганын айтты. Орусиянын мындай опурталдуу билдирүүсүнөн кийин Украина БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылды. НАТО кырдаалга кылдат көз салып турганын жарыялады.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 27-мартта орусиялык аскер күчтөрү эки ракеталык жана 23 ирет абадан сокку урганын, ошондой эле украиналык позицияларга, калктуу аймактарга ракеталык системалардан 38 жолу чабуул жасаганын билдирди. Бул тууралуу Эркин Европа/Азаттык радиосунун украин кызматы кабарлады.
"Украинанын бардык аймагына ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда. Орусиялыктар негизги күч-аракеттерин Купянск, Лиманск, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багыттарында чабуулдук аракеттерди жүргүзүүгө топтошту. Биздин жоокерлер душмандын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарышты", - деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.
Украинанын башкы штабы Беларуста орусиялык бөлүктөрдү даярдоо уланып жатканын кабарлады. Орус армиясы Курск жана Белгород облустарынын чек ара аймактарында да аскердик позициясын сактап калып, Донецк облусунун Богдановка жана Ивановск райондору менен катар украин күчтөрүнүн карамагындагы Бахмут шаарына чабуулун улантууда.
"Орус армиясы оор жоготууларга учурап жатат. Маселен, Луганск облусунун Троицк конушунда өткөн суткада 100гө жакын каза болгон орусиялыктардын сөөгү борбордук райондук оорукананын жергиликтүү өлүкканасына жеткирилген. Мындан тышкары, 140ка жакын оор жаракат алган орусиялыктар дарыланууга келишти", - деп айтылат маалыматта.
Украин башкы штабы орус аскерлери топтолгон аймактарга үч жолу абадан сокку болгонун, бир командалык пункт менен орус күчтөрү курал-жарактарды топтогон төрт аймакка ракеталык, артиллериялык сокку урулганын маалымдады.