Кремл Путиндин Украинанын оккупацияланган аймактарына барганын билдирди
Кремлдин басма сөз кызматы Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Херсон жана Луганск облустарынын орус армиясы көзөмөлдөгөн райондоруна барып кеткенин билдирди. Маалыматка караганда, Путин аскердик штабдарда болду. Бирок ал качан барганы кабарланган жок. Көз карандысыз булактар сапарды бышыктаганы тууралуу жаңылыктар да жок.
Видео кадрларда Путиндин күндүз Ми-8 тик учагынан түшүп жатканын көрүүгө болот. Андан кийин президенттин кортежи Херсон облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүнүн борбору Геническ шаарына барганы кабарланды.
Ал жактагы штабда Путин Аба-аскер күчтөрүнүн командачысы генерал Михаил Теплинскийдин докладын укту.
Мунун алдында америкалык аскер эксперттери жана британ чалгынчылары Теплинский болжол менен январда кызматынан четтетилип, жакында майданга кайтып барганын билдирген.
Кремлдин ырастоосунда, президенттин сапары алдын ала даярдалган эмес.
Мартта Путин орус армиясы былтыр майда басып алып, согушта талкалаган Мариупол шаарына барып кеткен. Бул Орусия кошуна өлкөгө басып киргенден бери орус лидеринин Украинага алгачкы барганы эле.
Эл аралык коомчулук Орусияда оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзанын 25 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилишин “саясий иш” деп сыпаттап, аны дароо бошотууну талап кылууда. Саясатчы мамлекеттик чыккынчылык, армия тууралуу жалган маалымат таратуу айыптарын четке кагууда.
Орусиянын Иркутск шаарынын жанында Украинадагы согушта мерт болгон аскерлердин жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жалдаган кишилердин сөөгү көмүлгөн эки жаңы жай табылды.
Бул тууралуу "Байкал адамдары" басылмасы жазды. Эки жай тең шаардан 11 чакырым алыс Александров көрүстөнүндө жайгашкан.
Журналисттердин ырасташынча, ал жердеги "Баатырлар аллеясында" 13 адамдын сөөгү жашырылган. Ал эми көрүстөндүн борборунан алыс бир бурчунда 53 "вагнерчи" жерге берилген.
Аталган басылманын маалыматына караганда, бул көрүстөндөн анча алыс эмес жердеги токойдун бир бөлүгү былтыр сентябрь-октябрь айлары кыйылып, жай казууга даярдалган жана бул тууралуу өткөн айда белгилүү болгон.
Журналисттер бул жерде сөөгү көмүлгөн 43 "вагнерчи" буга чейин соттолуп, абакта отурган 20 жаштан 62 жашка чейинки адамдар экенин, теңине жакыны Иркутск облусунун тургундары болгонун аныкташкан.
Орусияда 1-апрелден тартып башталган армияга жазгы чакырууда электрондук ыкма колдонулат. Бул тууралуу Москванын аскер комиссары Максим Локтев билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакыруу "тест режиминде" жүргүзүлөт. Ал бул саамалык Москвада эле колдонулабы же башка аймактарга дагы таратылабы дегенди тактаган жок. Локтев чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы, телефон жана СМС аркылуу жөнөтүлөрүн белгиледи.