Орусияда окуган казакстандык студенттин жакындары аны "вагнерчилер" өз катарына күчтөп жалдап, Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн айтып чыкты. Алар Казакстандын жана Орусиянын аскер прокуратураларына, Ички иштер министрликтерине кайрылганы менен жооп ала элек.
16-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуу фактысы боюнча 10 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген.
21-апрель күнү эртең менен Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Киевден Иранда жасалган сегиз “Шахед” дронун атып түшүрүшкөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, борбор калаага болгон кол салуудан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Бул соңку бир айдан бери Киевге жасалган алгачкы чабуул болуп калды. Киев бийлиги шаарга чабуулдардын кайра жанданышын орус аскерлери ирандык учкучсуз учактардын жаңы партиясын алганы менен байланыштырды.
Ал эми Полтава облусунда учкучсуз учактын соккусунун натыйжасында жарандык инфраструктуралык объект талкаланганын облус жетекчилиги кабарлады.
Украинанын коргоо министрлигинин маалыматында, 21-апрелге караган түнү орус күчтөрү 12 дрон учурганы, анын сегизи жок кылынганы айтылат.
Орусиянын Белгород шаарында орусиялык Су-34 үлгүсүндөгү учактан авиабомба кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Мунун алдында, бейшемби күнү кечинде жергиликтүү Телеграм-каналдарда шаардагы көчө кесилиштердин биринде чоң оюк жаралганы тартылган сүрөт, видеолор жарыяланган. Министрлик бул окуяны "авиациялык ок-дарынын шаттык эмес түшүүсү" катары сыпаттады.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков шаарда жарылуу болгонун ырастаган. Баштапкы маалыматка ылайык, эки адам жабыркады, алардын биринин абалы орточо оор, экинчиси ооруканага жатуудан баш тарткан.
Жарылуунун айынан көчө четинде токтоп турган бир канча машина, көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги төрт батир жабыркады.
Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород, Брянск жана Курск облустарындагы атышуу, жарылуу тууралуу маал-маалы менен маалымат чыгып турат. Анын негизинде адам өмүрү кыйылган учурлар катталган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга байланыштуу украин тарапты күнөөлөйт, Киев болсо бир дагы жолу комментарий берген эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун баш катчысынын Киевге сапарын “Альянс Украина менен мамиленин жаңы барагын ачууга даяр экендигинин белгиси” деп сыпаттады. Бул тууралуу ал Телеграм-каналына жазды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бейшембиде Киевге барды. Бул анын Орусия Украинага басып киргенден берки алгачкы сапары.
Зеленскийдин айтымында, алар Украинага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле НАТОнун Вильнюста боло турган саммити тууралуу сүйлөшүштү. Зеленский саммиттен Киев Түндүк Атлантика альянсына расмий чакыруу күтүп жатканын белгиледи.
Столтенберг сүйлөшүү маалында биримдик Украинаны узак мөөнөттө колдой турганын айтты. Ал ошондой эле Түндүк атлантикалык альянстын өлкөлөрү Украинанын келечегин НАТОдо көрөрүн билдирди. Ал азыр башкы максат - Украинанын биримдикке мүчөлүгү эмес, согушта жеңишин камсыз кылуу болушу керектигин айтты.
Москва Киевдин НАТОго мүчө болушуна караманча каршы.
НАТО 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет уюмга мүчөлүк кылат. Мындагы келишимдин башкы пункту уюмга мүчө бир мамлекетке башкалар кол салса НАТОдогу бардык өлкөлөр коргоого алууга милдеттүү.