Британия Украинага узак аралыктагы Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөттү. Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 11-майда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал канча ракета жиберилерин тактаган жок.
«Storm Shadow ракеталары Киевге Украинанын суверендүү аймагына кирип алган орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга жардам берет», - деди Уоллес.
Украиналык генерал Александр Сырский билдиргендей, орусиялык күчтөр Бахмуттун айрым райондорунда эки чакырымга артка чегинди.
Генерал украин армиясынын натыйжалуу коргонуу операциялары "Вагнердин" жалданма аскерлерин жок кылган соң, алардын ордуна даярдыксыз күчтөр келгенин кошумчалады. Ал күчтөр украин армиясына туруштук бере албай, артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Орусиялык эки рота толугу менен жок кылынганы маалымдалды.
Ал эми Орусия буга чейин аталган шаарда алдыга жылганын билдирген. Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз ырастоо мүмкүн эмес.
10-майдын кечинде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Укрианага каршы "аскердик операциясы" абдан оор болуп жатканын, бирок айрым максаттар ишке ашканын билдирди.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-майдын кечинде жасаган кайрылуусунда өлкөсү толук куткарылмайынча, артка кайтпоого убада берди.
11-майга караган түнү Орусиянын Курск, Брянск жана Белгород облустарына дрон менен чабуул жасалганы кабарланды. Курск облусунун башчысы Роман Старовойт Телеграм-каналына анда Теткино айылындагы электрподстанция жабыркаганын, жарык берүү жарым-жартылай үзгүлтүккө учураганын жазды.
Брянск облусунун башчысы Александр Богомаз орус-украин чек арасынан 60 чакырым алыс Страродуб шаарындагы административдик имарат бутага алынганын айтты. Бирок кайсы имарат экенин тактаган жок. Baza Телеграм-каналы ал аскер комиссариаты жайгашкан жай экенин жазды.
Белгород облусунун жетекчиси Вячеслав Гладков 10-майда кечинде аймакта үч дрон жарылганын билдирди. Ал Телеграм-каналына алдын ала маалыматтарга караганда жараат алгандар жоктугун, эки жер там жана бир машина жабыркаганын жазды.
Согуш маалында бул маалыматтарды башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Киев соңку дрон менен чабуулдарга байланыштуу комментарий бере элек.