Украин күчтөрү 29-майга караган түнү орусиялык 40 дрон жана канаттуу ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди. Анын айтымында, ушуну менен Киев май айында 15-жолу чабуулга кабылды.
Шаар мэри Виталий Кличко Телеграмга жазгандай, дүйшөмбү түнү ракеталардын сыныктары Святошино жана Подольск райондоруна түштү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок, имараттарга да зыян келтирилген эмес.
Украинанын Куралдуу күчтөрү өткөн түнү өлкө боюнча 37 канаттуу ракета, 29 дрон жана бир чалгындоочу дрон жок кылынганын билдирди.
Украинанын Коргоо министри Алексей Резников жекшембиде телемарафондо мамлекет кышка чейин абадан коргонуу системасын жакшырта турганын жарыялады. Министрдин айтымында, мында бир гана ири шаарлар эмес, бардык украин мейкиндиги камтылат.
Орусиянын Коргоо министрлиги украин аймагынын аткыланышы боюнча комментарий бере элек. Согуш учурунда мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо кыйынга турат.
Күзүндө Украина америкалык көп максаттуу F-16 кыйраткыч учактарын алып колдоно баштарын, алар үчүн учкучтар да даярдалып жатканын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел ырастады. Бул согуштун жүрүшүнө кандай таасир этиши мүмкүн? F-16 учагынын орустардыкына салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар? Украин аскерлери кандай кыйынчылыктарга туш келет?
Украинанын чыгышында Донецк облусундагы согуштун очогу болгон Бахмут шаарынан орусиялык "Вагнер" жалданма аскер уюмунун жоочулары чыгып кете баштады. Бул тууралуу жергиликтүү жогорку даражалуу украин аткаминерлери жана британ чалгын кызматы маалымдап, "Вагнерчилер" өз турумдарын орус армиясынын аскерлерине өткөрүп жатканын билдиришти.
Бахмутка кол салууну жетектеген жалданма топтун башчысы Евгений Пригожин 25-майда эртең менен жарыялаган видеодо "вагнерчилер" 1-июнга чейин “арткы лагерлерге” өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айткан. Анын жоочулары келечекте "жаңы согуштук тапшырмаларды аларын" белгилеп, ошол эле учурда Бахмутта айрым "вагнерчилер" калышы мүмкүндүгүн кыйыткан.
Алгач Пригожин, анын артынан Москва Бахмут орустардын көзөмөлүнө өткөнүн маалымдаган, аны Киев тастыктаган эмес.
Украин армиясынын өкүлү Сергей Череватый Пригожин өз күчтөрүн жапырт алып чыгып кетеби же жокпу, анын текшерүү үчүн убакыт керектигин билдирди.
Шаршембиде Пригожин медиа-технолог Константин Долгов менен маегинде Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болгонун айткан.
- Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.
- "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.
28-майда шаар күнүн белгилеген Киев Орусия аткан дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Аскердик администрация абадан коргонуу күчтөрү кеминде шаарды бутага алган 40 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн, бир киши каза болгонун маалымдады.
Ал эми жалпы Украина боюнча жекшембиде 54 жолу дрондон чабуул жасалып, анын 52синин мизи кайтарылды.
Украин бийлиги бул чабуулда да Иранда жасалган Shahed дрондору колдонулганын белгилеп жатат. Чабуул улам-улам жасалып, жалпы беш сааттан ашык убакытка созулган.
Украинанын баш калаасынын бир катар райондорунда көп кабаттуу үйлөр, өндүрүш ишканалары зыян тартты. Өлкөнүн башка аймактарында дагы абадан эскертүү жарыяланды.
Орусия буга комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.