Украинадагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийинки экинчи күн: спутниктен алынган сүрөттөрдө суу каптаган зоопарк жана башка аймактар тартылган. Новокахов (Новая Каховка) шаарындагы жергиликтүү зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөгүп өлгөнү айтылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги украиндердин «диверсиялык тобу» дүйнөдөгү эң ири деп эсептелген «Тольятти-Одесса» аммиак куурун Харьков облусунда жардырып салганын билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Игорь Конашенковдун айтымында, карапайым тургундардын арасында жабыркагандар бар.
Киев азырынча бул тууралуу комментарий бере элек, буга чейин куур бир нече ирет орус армиясынын аткылоосуна кабылганын белгилеген.
Орусия жыл сайын тышка 4,4 миллион тонна аммиак экспорттойт. Анын көп бөлүгүн Марокко, Түркия, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери алат.
Бириккен Улуттар Уюму согуш башталганы дүйнөдө аммиак таңкыстыгы жаралып жатканын билдирген. Деңизге орус аммиагы Тольятти-Одесса түтүгү аркылуу жеткирилчү.
Бул жол аркылуу Москва жылына 2,5 миллион тонна аммиак экспорттоп келген. Учурда аммиак экспорту токтоп турат.
Кахов ГЭСиндеги жардыруу: суу каптаган конуштар
Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.
АКШ президентинин администрациясы Кахов ГЭСиндеги жардырууга ким жооптуу экенин так айта албайт. Мурдараак Кошмо Штаттардын эки расмий өкүлү жана Батыштын бир расмий булагы NBC News телеканалына гидроэлектр станцияга жасалган чабуулга Орусиянын ыктымал катышы тууралуу маалымат бар экенин айтышкан.
АКШнын Атайын кызматы айрым чалгын маалыматтарын ачыкка чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.
Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби журналисттердин дамбанын кыйрашынын Украинанын контрчабуулуна тийгизген таасири тууралуу суроосуна жооп берип, кандайдыр бир божомол айтуу “эрте” деп билдирди. Ошол эле учурда ал апаат Украинанын энергетикалык коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн деп божомолдоду.
Кирби негизги көңүл суу ташкындан жабыркаган украиналыктарга, айыл, шаарларга буруларын, аларга жардам берилип жатканын белгиледи.
Кахов ГЭСиндеги дамба жардырылгандан кийинки алкачкы сааттарда бери дегенде 16 миңдей киши өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай маалыматты шейшемби күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
Дамба жарылганы тууралуу маалыматтан кийин буудай жана жүгөрүнүн баасы көтөрүлүп, бул дүйнөлүк айыл чарба соодасына зыян келтирет деген кооптонууну жаратты.