Орус армиясы 2-июлга караган түнү Киевди Иранда чыгарылган "Шахед" "жанкечти" дрондор менен аткылады. Бул тууралуу украин баш калаасынын аскердик администрациясы билдирди. Бул соңку 12 күндөн берки Киевге жасалган алгачкы аба чабуул.
Администрация башчысы Сергей Попко билдиргендей, дрондордун баары асмандан атып түшүрүлдү. Түшкөн калдыктардан үч менчик үй, бир адам жабыркаганы маалым болду.
2-июлда Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы күнүмдүк брифингде билдиргендей, соңку бир суткада фронтто 46 кагылышуу катталды. Айыгышкан салгылаштар Донецк облусунун Лиман, Бахмут, Марьинка шаарларынын тегерегинде жүрдү.
Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков соңку бир суткада украин аскерлери калктуу конуштарды аткылаганын Телеграм каналына жазды.
Киев бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Запорожье атомдук электрстанциясында теракт уюштурушу мүмкүн деген божомолун дагы бир ирет кайталады. Ал 1-июлда Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Киевде жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында «олуттуу коркунуч» бар экенин эскертти.
Зеленский чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, буга чейин да Запорожье атомдук электр станциясында орус күчтөрү жардыруу уюштурушу мүмкүн экендигин айткан.
Алты реактордон турган, Европадагы эң ири деп саналган Запорожье атомдук электр станциясы былтыр марттан бери орус армиясынын көзөмөлүндө турат.
Зеленскийдин бул билдирүүсүн Кремлдин расмий өкүлү "кезектеги калп" деп атаган.
Киев облусунда учкучсуз учактын калдыктары үч үйгө зыян келтирип, бир адам жараат алды. Орусия Киев облусуна да түн ичинде дрондор менен чабуул жасаганын облустук администрациянын башчысы Руслан Кравченко билдирди.
«Объектилерге учкучсуз учактар тийген фактылар катталган жок. Ошол эле учурда Киев облусунун эки районунда атып түшүрүлгөн дрондун калдыгы тийген турак жайлар жабыркаган. Үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Имараттын полдору жана дубалдары жабыркаган. Өрт дароо өчүрүлгөн. Калган эки үйдө – чатыры, фасады, терезелерине зыян келтирилди», - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Буга чейин Киев бийлиги Орусия сокку урган бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.
Украина президенти Владимир Зеленский 1-июлдагы жарлыгы менен 192 адамга жана 291 компанияга санкция салды. 192 адамдын көбү Орусиянын жарандары.
Ал эми компаниялардын арасында казакстандык эки компания: "ИТС-Астана" жана "Tynys" бар. Буларга салынган санкция беш жыл күчүндө болот жана Украинанын аймагындагы каражаттары камакка алынат.
"Tynys" -"Казакстан инжиниринг" улуттук компаниясынын курамына кирет. 100 пайызы "Самүрык-Казына" фондуна тиешелүү.
Былтыр февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин жергиликтүү маалымат каражаттары "Тыныс" компаниясы 2012-жылдан тартып Казакстандын Коргоо министрлиги менен Улуттук гвардия үчүн чопкутталган кийим, желим таяк жана башка буюмдарды жеткирүү боюнча мамлекеттик буюртманы аткарып келгенин жазган.
Ошол кезде Көкшетау аймагында чыгарылган коргонуу кийимдерин Орусия менен Беларус сатып алып жатканы айтылган.
Былтыр "Казакстан инжиниринг" ишкананын сатыкка коюп, баштапкы баа 5,4 млрд. теңге (11 млн. доллар) экенин маалымдаган. Улуттук компания ишкана аскердик буюмдарды эмес, жарандык кийимдерди чыгарып жатканын билдирген.
Санкцияга 2013 -жылы каттоодон өткөн жана ширетүүчү продукцияларды чыгарган "ИТС-Астана" компаниясы да кошулду.
"Кара тизмеге" Орусияга түз аба каттамдарын калыбына келтиргени үчүн "Грузин аба жолдору" компаниясы жана анын негиздөөчүсү Тамаз Гаиашвили да кирген.
Испания Украинага 55 миллион евролук аскердик жардам берет.
Бул тууралуу 1-июлда Киевге барган испан премьери Педро Санчес Жогорку Радада сүйлөп жатып билдирди.
Ал өз өлкөсү Украинаны ар дайым колдой турганын айтты.