Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:01
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:38 18.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин аткарууну уланта берүүгө чакырды. Ал дүйшөмбүнүн кечиндеги видео кайрылуусунда, Орусия келишимден чыгып кеткенден кийин да макулдашууну аларсыз ишке ашырууга мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.

Зеленский "Москванын чечими кимдин тое тамактанышы керектигин "опузалоо" менен аныктоо мүмкүн эместигин көргөздү" деп айтты.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Буга чейин украин президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров "Орусия дан келишиминен чыкканы менен, Украина ага катышууну уланта берет" деген Зелнскийдин айткандарын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка караганда, бул багытта эки келишим бар болчу. Биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.

"Андыктан Орусия макулдашууну токтотконун айтканда, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш жана түрк президенти Режеп Таип Эрдоган менен келишимди үзүп жатат. Биз менен эмес. Алар менен биз эч нерсени макулдашкан эмеспиз",- деп айтты Зеленский.

17-июлда Москва сөз болгон макулдашуудан чыкканын, мындан ары бул темадагы сүйлөшүүлөргө катышпасын жарыялаган. Эми украин портторунан дан азыктарын ташыган кемелердин коопсуздугу камсыздалбайт, орус аскерлери аларды аткылашы жана укриан портторуна кое бербеши мүмкүн.

Украин мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги БУУнун жана Түркиянын жетекчилерине дан келишимине мындан аркы катышуусун түшүндүргөн "расмий ишараттарды" даярдарын билдирди.

“Кара деңиздеги коридорду Орусиясыз да пайдаланууну мүмкүн кылуу керек. Биз коркпойбуз. Кемелерге ээлик кылган компаниялар бизге кайрылып, Украина кемелерди чыгарса, Түркия аларды өткөрсө, арпа-буудайды ташууну уланта беришери айтышты", - деп кошумчалады Зеленский.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Медведев Орусияга карата милдеттенмелер аткарылбагандыктан, келишимден чыгып жатышканын билдирди. Бирок кайсы милдеттенмелер экенин тактаган жок.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорту токтоп калган. Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен дан азыктарын украин портторунан ташууну жандантуу келишимине былтыр 22-июлда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан.

11:16 18.7.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө, 17-июлда кечинде Крым көпүрөсүнүн жанындагы аймактардын башчылары, тиешелүү тармактын министрлери менен жыйын өткөрдү. Анда Крым көпүрөсүндөгү жардырууну "теракт" деп атап, Москва ага жооп кайтарарын билдирди. Путин Коргоо министрлиги "сунуштарды камдап жатканын" айтты.

Орус өкмөт башчысынын төрагасынын Крым маселесине жооптуу орун басары Марат Хуснуллин көпүрөнүн тирөөчтөрү жабыркабаганын, бирок аларды бириктирип турган конструкциянын бирөө толугу менен талкаланганын, кайра калыбына келтирүүгө болбосун, дагы бирөө жабыркаганын ырастады. Ал көпүрөөнүн бир тирөөчү 18-июлда бекемделерин билдирди.

Хуснуллин узундугу 250 метрди түзгөн убактылуу көпүрө куруу пландаштырылып жатканын маалымдады. Учурда көпүрө калыбына келтирилгиче айдоочуларга Украинанын оккупцияланган аймактары аркылуу каттап туруу сунушталып жатат.

17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, эки адам мерт болуп, дагы бирөө жараат алган. Белгород облусунун губернатору алар жубайлар болгонун, 14 жаштагы кызы оор жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирген.

"РБК-Украина" жана "Украинская правда" басылмалары коопсуздук кызматындагы булактарына таянып, Крым көпүрөсүндөгү түнкү чабуул - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы экенин жазган.

21:19 17.7.2023

Москва аннексиялап алган Крымды Орусия менен байланыштырган негизги көпүрөдө жардыруу болду. Орус бийлиги 17-июлга караган түнү болгон окуяны "теракт" деп атап, Украинанын атайын кызматтарына доомат артты. Жардырууда эки адам мерт болуп, бир өспүрүм жаракат алганы кабарланды. Украин армиясынын өкүлү чабуул "Орусиянын чагымы" болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал арада Москва украин данын экспорттоого жол ачкан келишимден чыкканын жарыялады.

Орусиянын Террорчулукка каршы улуттук комитети түнкү үчтөрдө көпүрөгө "Украинанын дрондору чабуул койгонун" билдирди. Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренко учурда Украинанын атайын кызматынын жана куралдуу түзүмдөрүнүн арасынан "кылмышты уюштурууга тиешеси бар адамдар" аныкталып жатканын маалымдады.

"Крым көпүрөсүнө зыян келгенине байланыштуу Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш ишин козголду, бул деген террордук акт дегенди билдирет. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 16сынан 17сине караган түнү Украинанын атайын кызматтары ишке ашырган теракттын жыйынтыгында Крым көпүрөсүнүн бир секциясы жабыркады. Жеңил автоунаада бараткан эки жаран, бир аял, бир эркек мерт кетти. Алардын жашы жете элек кызы жаракат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - деди Тергөө комитетинин маалымат катчысы Светлана Петренко.

Жарылуудан кийин күбөлөр социалдык тармактарга жайгаштырган кадрлар:

Кремлдин маалымат катчсысы Дмитрий Песков билдиргендей, Орусиянын президенти Владимир Путин 17-июлдун кечинде Крым көпүрөсүндөгү кырдаал боюнча жыйын өткөрөт.

Учурда Крым көпүрөсүндөгү автоунаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды. Жергиликтүү тургундарга жана туристтерге Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган аймактары аркылуу айланып өтүү сунушу берилди. Өкмөткө караштуу «Главный мост» телеграм каналы Крымга барчу маршруттардын картасын жарыялады. Анда Мариуполь, Бердянск жана Мелитополь аркылуу өтүү сунуштарын көрүүгө болот.

Бул чечимди сынга алгандар да бар.

"Аксенов (Крымдын Орусия дайындаган губернатору Сергей Аксенов-ред.) Керч көпүрөсү аркылуу эмес, «Орусиянын жаңы аймактары аркылуу» өтүүнү буйруду. Аларды контрчабуулга даярданып жаткан украин танктарын көздөй жиберип жатышат. Жергиликтүү жана федералдык бийликтин акылсыздыгын эске алганда мунун жыйынтыгы орусиялыктар үчүн кандай болору белгисиз", - дейт социолог Игорь Яковенко «Настоящее время» каналына курган маегинде.

Краснодар аймагынын транспорт кызматы билдиргендей, Крым көпүрөсүнүн кире беришинде үч чакырымдай автотыгын пайда болду. Орус бийлиги кийинчерээк көпүрө аркылуу темир жол каттамы калыбына келтирилгенин билдирди.

Украинанын Коопсуздук кызматы Крым көпүрөсүндө эмне болгонун Киевдин согуштагы жеңишинен кийин ачык айта турганын билдирди. Ал эми Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Будановдун «Крым көпүрөсү ал жакта ашыкча конструкция» деген сөздөрүн келтирди.

Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк көпүрөдөгү жардыруу "Орусиянын чагымы" болушу мүмкүн экенин айтты.

Ал орус бийлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн саноо керек экенин билдирип, жакында эле баскынчыл бийлик көпүрөнү кайтарууну күчөткөнүн кошумчалады. Гуменюк ошондой эле бул кырдаалды Орусия дан келишиминен чыгуу үчүн пайдаланышы ыктымал экенин кошумчалаган.

Москва дан келишиминен чыкканын жарыялады

Көп өтпөй эле Москва Украинанын данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол ачкан макулдашуудан чыкканын билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен түзүлгөн дан келишиминин мөөнөтү 17-июлдун түнүндө аяктайт.

Кремлдин жүйөсүнө ылайык, келишим күчүндө маалында орус жер семирткичтери жүктөлгөн бир да кеме экспортко чыккан эмес. Ошондой эле Орусия Россельхозбанктын эл аралык SWIFT системасына кошулуусун талап кылган.

Буга чейин БУУ менен Түркия дан келишимин узартуунун үстүндө иштеп, Москваны сөзгө келүүгө чакырып жатканы кабарланып келген. Украин данынын экспортунун токтошу жакыр мамлекеттерде азык-түлүк кризисин тереңдетиши мүмкүн.

Европадагы эң узун көпүрө деп саналган 19 чакырымдык Крым көпүрөсүнүн ачылышына 2018-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин өзү катышкан жана бул объект Орусиянын Крым жарым аралындагы бийлигин күчтөндүрүү аракети деп мүнөздөлгөн. Расмий Москва бул көпүрөнү "улуттук сыймык" катары көрсөтүүгө аракет кылып келген.

Былтыр октябрда Орусия Украинага кол салганы биринчи жолу Крым көпүрөсүндө жарылуу болгон. Москва анда да Киевден көрүп, окуядан кийин Украинанын аймактарын аткылоону күчөткөн. Расмий Киев ал окуя үчүн ачык жоопкерчилик алган эмес.

18:49 17.7.2023

Украинада 50дөн ашуун орусиялык "согуш кылмышкери" деп табылды. Соттун чечимин түз эфирде башкы прокурор Андрей Костин билдирди. Мындан тышкары, дагы 219 адамдын ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү.

Ошондой эле, Костиндин айтымында, шектүү деп саналган орусиялык 368 аскердин тек-жайы такталды.

Чечимдин көбү сырттан чыгарылат. Башкы прокурор жабырлануучулар агрессордун күнөөсү далилденгенин билиши керектигин белгиледи.

Расмий эсепте 15-июлга карата Украинада 95 миңден ашуун согуш кылмыштары катталган.

Орусия өзүнүн аскер кызматкерлери Украинада карапайым элге каршы кылмыш жасап жатат деген айыптоолорду четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG