Орус армиясы 7-августка караган түнү Украинанын Херсон шаарын аткылап, Днепропетровск облусунун Синельниковский районуна ракета менен сокку урду.
Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин маалымдагандай, түнкү 00:50 лерде орус аскерлери карапайым тургундардын үйүн аткылаган. 59 жаштагы аялдын өмүрү кыйылды, дагы бир улгайган адам жаракат алды.
Украинанын президентинин администрация башчысы Андрей Ермак орус армиясы тогуз кабат үйдү аткылаганын, жыйынтыгында өрт тутанганын тактады. Таңга маал орус армиясы аткылоосун дагы улантты.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей соңку бир суткада өлкө боюнча элүүдөй куралдуу кагылышуу катталган. Киев өткөн аптаны "оор жана чыңалган" деп мүнөздөдү.
"Душман негизги багыты катары чыгышты тандап алган. Ал жакта январдан бери бир нече багытта чабуул коюп келатышат", - деди 7-августта коргоо министринин орун басары Анна Маляр.
Ал ошондой эле орус күчтөрү Украина чыгышындагы "Харьков облусундагы жоготкон аймактарын кайтарып алгысы келип жатканын" кошумчалады.
Орусиянын бийлиги Москванын түштүк-батышында 7-августка караган түнү учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдиришти. Окуя Калуга облусунун Ферзиковский районунда болгон.
Облус губернатору Владислав Шапша "жарандар да, инфратүзүмдөр да жабыркабаганын" Телеграмга жазды.
Украинанын армиясынын 6-августтагы чабуулунда аннексияланган Крымды материк менен байланыштырган эки көпүрө жабыркады. Бул тууралуу жарым аралдын Москва дайындаган бийлиги кабарлады жана талкаланган Чонгар жана Геническ көпүрөлөрүнүн сүрөттөрү, видеолору жарыяланды. Ага ылайык, учурда ал көпүрөлөр менен каттоо дээрлик мүмкүн эмес.
Херсон облусунун Орусия дайындаган башчысы Владимир Сальдонун билдиришинче, кеминде бир адам жараат алды. Ал украин тарап Геническ көпүрөсүн көздөй 12 ракета учурганын, анын тогузу атып түшүрүлгөнүн айтты.
Орусиялык булактар Киев британиялык Storm Shadow канаттуу ракетасын колдонгонун билдиришти. Киев ракеталарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Куралдуу күчтөрү эки көпүрөгө сокку урулганын ырастады. Анда бул көпүрөлөр орус армиясын курал-жарак, ок-дары менен камсыздоодо негизги жол болгону айтылат.
Чонгар көпүрөсү июнь айынын аягында дагы аткыланган жана анда дагы Storm Shadow ракетасы менен сокку урулганы айтылган.
Украин аскерлери бул көпүрө аркылуу орусиялык армия Украинанын оккупацияланган түштүк аймактарына кошумча күч жөнөтүп келгенин билдирген.
Лондон Киевге май айында узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөн. Ага чейин Батыш өлкөлөрү 80 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды берген.
Сауд Арабиясында Украинада тынчтык орнотуу маселелерине арналган 5-6-августтагы жолугушууда катышуучулар мындан ары дагы ушундай форматта кеңешүүнү улантууну макулдашты.
Reuters агенттиги Орусия чакырылбаган бул сүйлөшүүдө келгендер "тынчтыкка жол чапкан жалпы позицияны" иштеп чыгуу тууралуу келишкенин билдирди. Иш-чаранын соңунда кабыл алынган коммюникеде мындан ары биргелешкен кандай иш-чаралар болору так көрсөтүлгөн эмес
Бул жолугушууга Укриана жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия өңдүү 40тай мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Киев Бээжиндин бул жолугушууга өкүл жөнөткөн “чон жетишкендик” катары сыпаттанган.
Эки күндүк сүйлөшүүдө негизине украин президенти Владимир Зеленскийдин өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун уставын сактоо, өзөктүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукка байланыштуу 10 жободон турган “тынчтык формуласы” талкууланды.
Москва Жиддадагы сүйлөшүүлөргө тыкыр көз саларын билдирген.
Киевдин борборундагы монументтеги калканга СССРдин гербинин ордуна Украинанын расмий символу болгон үчүлүк айры орнотолду.
“Мекен-эне” ("Родина-мать") монументине Украинанын гербин 5-августта орното башташкан. Анда үчүлүк айры 24 метрге чейин көтөрүлгөн. Гербди алмаштыруу иштери июлдун аягында башталган.
Монумент Украинанын Улуттук тырыхый музейинин аймагында жайгашкан. Ал 1981-жылы тургузулуп, Европадагы эң бийик скульптура деп эсептелет. Монументтин аталышын “Украина-эне” деп өзгөртүү пландалууда. СССРдин герби музейге жөнөтүлөт.
Монумент 2022-жылдын 6-майында Украинада кабыл алынган десоветизация (советтик мурастан арылуу) мыйзамына кабылган эмес. Киевдин көпчүлүк тургундары аны совет маалындагы эстелик катары эмес, шаардын символдорунун бири катары кабылдап келген. Бирок Орусиянын толук масштабдуу согушунан соң сурамжылоо жүргүзүлүп, ага катышкан 780 миң кишинин 85% монументтеги калканда жайгашкан гербди алмаштыруу идеясын колдогон.