Орусиянын Коргоо министрлиги кыйроодо экипаждын эки мүчөсү тең набыт болгонун маалымдады. Маалыматта учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кыйрашы ыктымалдыгы да жазылган.
Учак кулаардан мурун абада жарылганын уккан адамдар бар экенин "112" Телеграм каналы жазды.
Су-30 — истребителин Орусия Украинадагы согушта такай колдонуп келген. Кол салуу башталгандан бери согуш талааларында 11 истребителинен ажыраганын Oryx мониторинг долбоору жазды. 2023-жылдын башында орус армиясына 118 даана Су-30 учагы болгону ачык булактарда жазылган.
Евробиримдик өлкөлөрү Украинага 200 миңден ашуун артиллериялык курал-жарак жана эки миңден ашык түрдүү типтеги ракета беришти. Бул тууралуу France Presse агенттигине биримдиктин расмий өкүлү Петер Стано маалымдады.
Жыл башында Евробиримдикте Украинага 2 миллиард евролук курал-жарак берүү планы макулдашылган. Анда украин армиясын биримдиктин өлкөлөрүндөгү курал-жарак менен камсыздоо, ошондой эле жаңы курал-жарактарга буйрутма берүү да каралган. Ага ылайык, жыл аягына чейин Украинага миллион жардыргыч зат (снаряд) берилиши керек.
Пландын биринчи этабы - февраль-май айларында курал-жарактын жарымына төлөө үчүн 1 млрд. евро бөлүнгөн. Бирок бул аралыкта курал-жаракты пландагандай өлчөмдө жеткирүү мүмкүн болгон эмес деп белгилейт France Press.
Маалыматка ылайык, ушул тапта Евробиримдик өлкөлөрү курал чыгаруучу ишкерлер менен ракеталарды жана 155 миллиметрлик снаряддарды өндүрүү боюнча келишимдин үстүндө иштеп жатышат.
Шаркетке мүчө өлкөлөр согуш башталгандан бери Украинага 30 млрд. евролук аскердик-техникалык жардам берген. АКШ июль айынын аягына карата бул максатта жалпы 44 млрд. доллар бөлгөн.
Украинанын Запорожье облусунун аскердик администрациясы акыркы суткада аймактагы 19 шаар-кыштак 114 жолу аткылоого туш болгонун билдирди.
12-августта эртең менен облустагы Орехово шаарына авиабомба менен чабуул коюлганын украин ички иштер министри Игорь Клименко Телеграмдагы каналында жазды.
Анын маалыматына караганда, соккудан 31 жаштагы полиция кызматкери мерт кетип, дагы 12 киши жараат алды. Алардын төртөө ИИМдин кызматкерлери.
Клименко бир нече кишинин абалы оор экенин, дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын кошумчалады.
Ишембиде орус армиясы Купянск районундагы Купянск-Узловой айылын аткылап, 73 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады.
Орусиянын аткылоолору күчөгөндүктөн, украин бийлиги 10-августта Купянскинин тургундарын эвакуациялай баштаган.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.
Орус тарап Запорожьеге урулган сокку тууралуу комментарий бере элек.
Запорожье аймактык аскердик администрациясы 13-августта билдиргендей, Запорожье облусунун 19 шаар-кыштагы 114 жолу аткылоого туш болду.
Фронтко жакын Орехово шаарындагы соккуда 10дон ашык киши жараат алды. 31 жаштагы полиция кызматкери каза болду. 13 турак жай жана чарбалык курулуштар да талкаланды.
Согуш маалында тараптардын маалыматтардын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.