Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18
Харьков. 2026-жылдын 13-октябры.
Харьков. 2026-жылдын 13-октябры.

Харьков жапырт бутага алынды, набыт болгондор бар

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:15 13.8.2023

16:09 13.8.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-августта минадан тазалай турган дагы көп жабдык керек экенин билдирди.

Ал буга чейин Азербайжан убада кылган жардам топтомунда минадан тазалоочу машина да бар экенин айтты.

15:59 13.8.2023

Украинанын Херсон облусунда Орусиянын аткылоосунан алты киши набыт болду.

Жергиликтүү бийликтин 13-августтагы маалыматына караганда, Широкая Балка айылында төрт адам, анын ичинде бир айлык ымыркайы бар жубайлар каза таап, 12 жаштагы бала өтө оор абалда ооруканага түшкөн.

Станислав айылында аткылоо маалында эки адам каза болуп, дагы бирөө жараат алган.

15:56 13.8.2023

Орусиянын Коргоо министрлиги кыйроодо экипаждын эки мүчөсү тең набыт болгонун маалымдады. Маалыматта учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кыйрашы ыктымалдыгы да жазылган.

Учак кулаардан мурун абада жарылганын уккан адамдар бар экенин "112" Телеграм каналы жазды.

Су-30 — истребителин Орусия Украинадагы согушта такай колдонуп келген. Кол салуу башталгандан бери согуш талааларында 11 истребителинен ажыраганын Oryx мониторинг долбоору жазды. 2023-жылдын башында орус армиясына 118 даана Су-30 учагы болгону ачык булактарда жазылган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG