Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августта таңга маал Москва шаарындагы объекттерге чабуул жасоого аракет кылган дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мунун алдында шаар мэри Сергей Собянин дрондун сыныгы Красноречинск районунан түшкөнүн кабарлаган.
Чукул кызматтардын маалыматына караганда, анда "Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркаган. Жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.
Орусия мындай чабуулдарга байланыштуу Украинаны айыптап келет. Киев адатта Орусиянын ичиндеги мындай окуяларга комментарий бербейт жана жоопкерчилик албайт.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы Москвага дрон аркылуу чабуул жасалганын бир канча жолу билдирген.
Түркиянын бийлиги Орусияны Кара деңиздеги кырдаалды курчутпоо керектигин эскертти. Бейшембиде түрк президентинин канцеляриясы тараткан маалыматта, аталган деңизде нейтралдуу суудагы кемеге байланыштуу окуя тууралуу сөз болгон.
"Кара деңиздин эл аралык сууларындагы окуяга байланыштуу орус тарапка чыңалууну жаратуу аракеттерден алыс болуусу керектиги эскертилди",-деп жазылган Твиттерге жарыяланган маалыматта.
Орусиянын "Василий Быков" аттуу кайгуул кемеси 13-августта эртең менен Кара деңизде Палаунун желеги менен бараткан "Шукрю Окан" жүк ташуучу кемесин асманга эскертүү иретинде бир канча жолу ок атып токтоткон.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал кеме Украинанын Измаил портун көздөй баратканын, орус кемеси аны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылганын билдирген.
Деңиздеги кемелердин багытына байкоо салган Marine Traffic трекинг кызматынын маалыматына ылайык, жүк ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Румынияны көздөй багыт алган. Бул кеме Грекиянын Халкида портунан чыккан.
Буга чейин орус армиясы Украинанын данын экспорттоого жол ачкан келишим иштебей калганына байланыштуу украин портторуна бараткан бардык соода кемелерин бутага алынуучу объект катары санай турганын билдирген.
АКШ Орусиянын дан келишиминен баш тартканын кескин сынга алып, орус күчтөрүнүн украин портторун блокадага алганын "аскердик агрессия" деп сыпаттаган.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат Киев F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактарын эмдиги жылы жазга чейин албашы мүмкүндүгүн айтты. Ал 16-августта телемарафондо сүйлөп жатып, мындай учактарга чоң үмүт артылганын, орусиялык ракеталардан коргонуунун, абадан коргонуунун бир бөлүгү болорун белгиледи. Ошол эле маалда украин учкучтарын мындай учактарды башкарууга үйрөтүү иштери илгерилегенин белгиледи.
Ушул жылдын июнь айында Украинанын коргоо министри Алексей Резников F-16 учактарын башкарууну үйрөтүүчү эл аралык программа жакын арада башталарын айткан.
Киев анда контрчабуулду баштап жаткан жана Москванын абадагы үстөмдүгүнө туруштук берүү үчүн Батыштын жаңы учактары зарыл экенин буга чейин бир нече ирет айткан.
НАТОнун мүчөлөрү Дания менен Нидерланд учкучтарды жана жардамчы кызматкерлерди окутуу, учактарды тейлөө жана F-16ны Украинага жеткирүү боюнча эл аралык коалициянын аракеттерин башкарып келет.
Европа Биримдигини тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел майда Киев F-16 учактарын колдоно баштаарын, учкучтар даярдыктан өтүп жатканын ырастаган.
General Dynamics F-16 Fighting Falcon — америкалык бир моторлуу, көп максаттуу кыргын салуучу согуш учагы. Же бомбалоочу, же кыргын салуучу болуп, бир гана милдетти аткара алган эски советтик учактардан F-16 универсалдуулугу менен айырмаланат. F-16 менен көптөгөн өлкөлөр куралданган: 2023-жылы дүйнө жүзүндө 2200гө жакын кыргын салуучу учактар колдонулуп турган.