Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.

Киевдеги ракеталык чабуул: Өрт тутанып, адамдар жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:16 26.8.2023

Орусиянын Тергөө комитети “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин ичинде болгон делген учак кыйраган жерден кара кутулар алынганын билдирди. Мекеме бизнес-жет кулаган аймактан он адамдын сөөгү табылганын, алардын тек-жайын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлады.

Мунун алдында Кремль Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси бар деген маалыматтарды жокко чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Пригожиндин өлүмүнүн айланасында абдан көз боёмочулук көп болуп жатат”,- деген.

Тверь облусунда 23-августта болгон авиакырсыкта каза тапкандар арасында Пригожин өзү да болушу мүмкүн экени кабарланууда. Азырынча бул маалымат расмий тактала элек.

24-августтун кечинде Путин Твердеги учак кырсыгында өмүрү кыйылган он кишинин жакындарына көңүл айтып, Пригожин тууралуу өткөн чакта сүйлөгөн.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орусиялык аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган. Телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин орто жолдон артка кайткан.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

12:08 25.8.2023

Украиналык учкучтар жана техникалык кызматкерлер жакынкы арада америкалык F-16 согуштук учактарын башкарууга АКШнын аймагында даярдык көрө башташарын 24-августта Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирди. Анын айтымында, машыгуу октябрь айынын алгачкы күндөрүндө Аризона штатында башталат.

Ал эми украин аскерлерин англис тилине үйрөтүү сентябрь айында башталганы жатат.

Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, украин учкучтарын америкалык F-16 учагын башкарууга даярдай турган эл аралык коалицияга Португалия да кошулуп, ага мүчө өлкөлөрдүн саны 13кө жетти.

Былтыр февралда Орусиянын агрессиясына кабылган Украина өнөктөштөрүнөн абадан коргонуу системасын күчтөндүрүүгө, аскердик учактар менен камсыздоого жардам сурап келе жатат.

19:17 24.8.2023

Беларустагы Цель айылынын жанында жайгашкан "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын лагери жоюлуп жатат. Муну Planet Labs тараткан сүрөттөргө таянып "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы жазды.

Planet Labs 23-августта тарткан сүрөттөрдө 273 аскердик чатырдын 101ү жыйналганын көрүүгө болот. Алардын ар бири 20дай кишиге эсептелген.

Маалыматка караганда, лагерди жоюу иштери 1-августта эле башталган. "Вагнерге" байланышы бар Телеграм-каналдар жалданма жоочулардын жарымы эс алуу өргүүсүнө чыкса, башкалары Африкага жөнөтүлгөнүн жазышты.

Ошондой эле жалданма жоочулар Беларустун башка аймактарына да көчүрүлүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

"Вагнердин" жоочулары Беларуска Орусиядагы аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин уюштурган "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан.

"Беларуськи хаюн" долбоору ачык маалыматтарга таянып билдиргендей, Беларуска жалпысынан эки миңден ашуун "вагнерчи" кирди.

23-августта Евгений Пригожин баратканы айтылган учак Тверь облусунда кулаган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында борттогу он адамдын бири дагы тирүү калган эмес.

17:41 24.8.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG