Орусиянын Тергөө комитети "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин өлгөнүн расмий тастыктады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Telegram каналына 27-августта жарыяланды.
"Тверь облусунда учак кулаганы боюнча кылмыш ишинин алкагында молекулярдык-генетикалык экспертизалар аяктады. Каза болгон 10 адамдын баарынын тек-жайы такталды. Алардын баары учакка чыккандардын аты-жөнү жазылган тизме менен дал келет",- деди мекеменин өкүлү Светлана Петренко.
23-августта Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгон. Бул жагдай эл аралык коомчулукта түрдүү божомол жаратып, анын өлүмүнөн күмөн санаган ойлор айтылган.
Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурдагы Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.
Кара деңизде аннексияланган Крым менен Одессанын ортосундагы стратегиялык маанилүү газ жана мунай платформалары үчүн Украина менен Орусиянын деңиз жана аба күчтөрү алгылашып жатат. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо маалыматтарына таянуу менен билдирди.
Орус күчтөрү 2014-жылы Крымды аннексиялап, "Черноморенефтегазды" басып алган. Британ министрлигинин Твиттерге жарыяланган маалыматына ылайык, өткөн аптада Орусиянын согуштук учагы деңиздин түндүк-батышында Украинанын аскердик кемесин аткылаган. Украина орустар көзөмөлдөгөн платформаларга сокку урган.
Британ тарап платформаларда баалуу көмүр суутек ресурстары бар экенин белгилейт.
Украин аскерлеринин Орусия ээлеп алган "Черноморенефтегаздын" бургулоо жабдууларына чабуул коюп келатканы былтыр июндан бери айтылат.
Орусиянын Курск шаарында дрон көп кабаттуу турак жайдын үстүнө кулап түштү. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
Курск облусунун губернатору Роман Старовойт билдиргендей, окуя жекшембиге караган түнү болду. Турак жайдын бир нече кабатындагы жана ага жакын айыл чарба университетинин имаратынын айнектери талкаланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-августка караган түнү абадан коргонуу системалары Брянск жана Курск облустарынын аймагында эки дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Бирок бул маалыматтын Курск шаарындагы үйлөрдүн бирине кулаган дронго байланышы бар же жогу айтылбады.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактары - Белгород, Брянск жана Курск облустары акыркы кезде такай чабуулга кабылууда. Москва муну Киевден көрөт. Украин тарап бул окуяларга комментарий бербейт.
Украинада болсо 27-августка караган түнү жапырт абадан эскертүү жарыяланды. Армия Орусиянын төрт канаттуу ракетасын жок кылганын билдирди. Москванын ракета чабуулунан эки украин аскери жараат алды.
Канаттуу ракеталардын учурулду деген кооптонууларга байланыштуу Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү жарыяланды.
Өлкөнүн аба күчтөрү Киев жана Кременчуг багытында кооптонуу күч экенин билдирип жатат.