Орусиянын армиясы 2-октябрдын таңында Украинанын Херсон облусуна жасаган аба чабуулунан карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Алты киши жаракат калды, алардын экөө балдар. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин билдирди.
"Бүгүн таңкы саат бештерде душман Херсондун борборун аткылады. Окуя болгон жерде өрт тутанып, аны тиешелүү кызматтар ыкчам өчүрүштү", - деп жазды Прокудин Телеграмга.
Орус күчтөрүнүн чабуулунан жергиликтүү чиркөө жана Херсон епархиясынын администрациясы жабыркаганын 2-октябрда Украинанын православ чиркөөсү билдирди.
Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинен Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.
1-октябрда дагы артиллериялык аткылоонун жыйынтыгында Тягинка шаарында 40 жаштагы кишинин өмүрү кыйылган.
2-октябрга караган түнү орус армиясы өлкө түштүгүндөгү Днепропетров аймагына жети «Шахед» дрону менен чабуул койду. Алардын төртөө абадан атып түшүрүлгөнүн украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк билдирди.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы 1-октябрда түшкө жуук Харьков облусундагы Волчанск шаарынын борбордук аянтына сокку урду. Украинанын Ички иштер министрлиги бир киши каза болгонун билдирди.
Жекшембиге караган түнү орус күчтөрү Херсон, Запорожье, Харьков жана Донецк олблустарын аткылаганын жергиликтүү бийлик башчылары кабарлаган.
Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы украин аскерлери Шебекино шаарындагы борбордук базардын аймагын аткылаганын, үч адам жабыркаганын маалымдаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эртең менен бир учкучсуз учак Краснодар аймагында, дагы үчөө Смоленск облусунда атып түшүрүлгөнүн билдирди, кыйроолор тууралуу айтылган жок.
1-октябрга караган түнү орус аскерлери Украинанын Херсон облусуна он жолу авиабомба таштаганын облустук аскердик администрациянын өкүлү Александр Толоконников билдирди. Ал төрт адам жабыркаганын, бирөө уранды астында калганын белгиледи.
Маалыматка караганда, Орусия бир апта ичинде аймакка жалпысынан 166 жолу авибомба таштады. Толоконников аба соккуларынан улам кыйроолор көбөйгөнүн кошумчалады.
Жекшембиге караган түнү Харьков облусунда кеминде төрт жардыруу болгонун шаардын мэри Игорь Терехов билдирди. Запорожьеде да эки жардыруу болгонун, Донецк аймагы аткылоого кабылганын жергиликтүү бийликтер кабарлады.
Жалпысынан орус аскерлери Украинага түн ичинде сегиз ракеталык жана 99 аба соккусун жасаганы аныкталды. Мындан тышкары, 40ка жакын дрон учурулган, алардын 30унун мизи кайтарылган.
Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков украин аскерлери Шебекино шаарындагы борбордук базардын аймагын аткылаганын, үч адам жабыркаганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эртең менен бир учкучсуз учак Краснодар аймагында, дагы үчөө Смоленск облусунда атып түшүрүлгөнүн маалымдады, кыйроолор тууралуу айтылган жок.
Интернет булактары дрондор Смоленскидеги заводду бутага алганын жазышты. Адлер аэропортунда айрым каттамдар токтотулду.
Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага "Шахед" үлгүсүндөгү 30 дрон менен чабуул коюп анын 16сы жок кылынды.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Черкасск облусунун Уман шаарында дрон жана ракета соккуларынын натыйжасында бир аял, Херсон облусунда эки, Запорожьеде бир адам жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Черкасск облусунун башчысы билдиргендей, Уманда өнөр жай ишканасына зыян келтирилди, эгин сакталган кампаларды өрт чалды.
Кривой Рог дрон соккусуна кабылганын Днепропетров облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Николаев облусунда Снигиревка айылына жакын жердеги айыл чарба ишканасынын кампасына чабуул болгонун аймак жетекчиси Виталий Ким билдирди.
Запорожьеге түнкү ракеталык чабуулдун натыйжасында инфраструктуралык объектилердин биринде өрт чыккан. 35 жаштагы жаран жараат алган.
Ракета чабуулу жөнүндө Харьков облусунун жетекчиси Олег Синегубов да кабарлады.
Жекшемби күнү таңкы саат төрттө Херсон облусунун Станислав шаары аткыланды. Натыйжада эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.
Орусия Киевдин маалыматына комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болбой турат.