Украина: Авдеевкадагы кармаш Бахмуттагы кыргынга айланабы?
- автор Элвира Будайчиева
Авдеевканын аскердик администрациясынын башчысы Виталий Барабаш шаар тынымсыз атылган оор артиллерияга жана аба чабуулдарына туруштук берип атканын белгиледи:
"Душман шаарды курчоого алуу аракетин көрүп, түндүк менен түштүктөн жаңы күчтөрдү тартып келүүдө. Эки күн бою алар негизинен чакан топторго бөлүнүп, коргонуудагы жылчыктарды табууга аракет кылышты, бирок майнап чыккан жок. Коргоо линиясы күчүндө", - дейт Барабаш.
25-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский: "Купянскиде, Авдеевкада катаал салгылашуулар уланууда, бирок биздин жоокерлер өз позицияларын кармап турат", - деп жазды Телеграмга.
Авдеевка экинчи Бахмут болобу?
Ал эми шаар тургундары жана аны коргогон аскерлер Авдеевкадагы абалды Бахмут менен салыштырууда. Орус армиясы күн сайын эл жашаган аймакты урандыга айландырууда.
Аскердик эксперт Иван Киричевский "Настоящее время" телеканалына берген маегинде "орус армиясына Авдеевка эмне үчүн маанилүү?" деген суроого жооп берди.
"Авдеевка азыр орус аскерлеринин саны аз болсо да, шаарды курчап алуу мүмкүнчүлүгү бар жападан жалгыз жер. Фронттун башка райондорунда алардын мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан орустар ал жерде катуу аракет жасап жатышат, башкача айтканда, жөө аскерлерди алдыга салып, авиацияны кеңири колдонууда. Авдеевка жана Марьинка Донецкиге басып кирүүнү көзөмөлдөйт. Ошондуктан орус аскерлер эки багытта тең бирдей интенсивдүү иш алып барууда. Марьинкадан дээрлик эч нерсе калган жок. Ал эми Авдеевка үчүн дагы деле күрөшө турган нерселер бар".
Иван Киричевский Авдеевкадагы кармаш Бахмуттагы кырдаалдан эч айырмасы жок экенин жашырбайт.
"Чындыгында азыр Авдеевканын жанында болуп аткан нерселердин бардыгын, тилекке каршы, Бахмутта да көргөнбүз. Орустардын Бахмуттагы "жаңылыгы" курчоого алынган шаарлардагы инфраструктураны абадан бомбалап талкалап, шаарды коргоочуларды алсыратканы эле. Жөө аскерлердин чабуулу да орустардын ойлоп тапканы, алар ушундай эле ыкманы Бахмуттун жанында көрсөтүшкөн. Колдо болгон бардык күч-аракетти бир аймакта, кайсыл бир шаардын аймагында топтоону, тилекке каршы, орустар Бахмутта көрсөткөн", - дейт эксперт.
Согуш башталганга чейин 25 миңдей адам жашаган Авдеевка шаарында азыр 1600дөй тургун калган.
Орусиянын президенти Владимир Путин 15-октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, орус армиясы "активдүү коргонуу" позициясында экенин, "кеп Купянск, Запорожье жана Авдеевка тууралуу болуп жатканын" айткан.
24-октябрда Украинанын Реинтеграция министрлиги Донецк жана Херсон облустарынын Киевдин көзөмөлүндөгү айрым жерлеринен балдар эвакуация болорун жарыялады. Мекеменин каналында айтылгандай, орус армиясы аймакты аткылап, кирип барышы ыктымалдыгынан улам мындай чара көрүлүүдө.
Донецк облусунун Бахмут жана Покровск райондорунан 250гө жакын тестиер чыгарылат. Адегенде аларды гуманитардык хабга алып келип, зарыл болгон жардам берилгенден кийин Житомирге жөнөтүшөт. Херсондогу 23 жерден 802 бала Николаев, Одесса жана Львов облустарына эвакуацияланмакчы.
Орусиянын дрон чабуулунан 16 киши жабыркады
Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинанын Хмельницкий облусунда да "Шахед" жанкечти-дрондору менен аткылоону улантты. Аларды абадан атып түшүргөндө, сыныктарынан Шепетовский районунда 16 киши жабыркаганын облустун аскердик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Тюрин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, дрондун сыныктары карапайым тургундар жашаган аймакка түшкөн. Бир катар турак жайлар, автоунаалар дагы зыян тартты.
Ал эми Украинанын ички иштери министри Игорь Клименко тогуз жер там жана 11 көп кабаттуу үй, эки окуу жайы, административдик имарат, дүкөн жана автоунаалар жабыркаганын тактады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Орусиянын армиясы Хмельницкий облусуна төртүнчү сутка катары менен чабуул коюуда.
Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусуна шаршембиде эртең менен абадан соккуда бир киши мүрт кеткенин облус губернатору Александр Прокудин Телеграмга жазды.
Украин күчтөрү былтыр ноябрда орус аскерлерин бир нече айга созулган кармаштан кийин дал ушул Херсон аймагынан сүрүп чыккан. Бирок орус армиясы Днепр дарыясынын аркы өйүзүнөн шаардын борборун жана анын айланасындагы аймактарды аткылоону улантууда.
Прокудиндин айтымында, акыркы 24 саатта орус күчтөрү Херсон аймагына 35 жолу абадан чабуул жасаган.
Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон облусунун басып алган бөлүгүн аткылашууда. Бирок Москва согуш башталгандан бери карапайым элге багытталган чабуулду четке кагып келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул кол салуу боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Орусиянын парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 25-октябрдагы жыйында Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгаруу сунушун жактырды. Мыйзам долбооруна 156 депутаттын баары колдоп добуш берди.
Эми документ президент Владимир Путинге жөнөтүлөт.
Парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган мыйзам долбоорду 18-октябрда жактырган.
Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыккан документ парламентке 13-октябрда киргизилген.
Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. "Валдай" клубунун жыйынында ал Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү зарылдыгы жок экенин, бирок "Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу боюнча келишимдин" ратификациясын артка кайтаруу маселесин ойлонуп көрсө болорун айткан.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, ратификациянын артка кайтарылышы Москванын өзөктүк сыноо өткөрүү ниети бар экенин билдирбейт.
Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында кабыл алынган. Документке жетиштүү сандагы өлкөлөр кол койбогондуктан, күчүнө кирген эмес. Өзөктүк державалардан Индия, Пакистан жана Түндүк Корея келишимге кошулуудан баш тарткан. Ал эми АКШ жана Кытай кол койгону менен, ратификациялаган эмес.
Орусия эл аралык келишимди 2000-жылы 30-июнда ратификациялаган.
Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинанын Хмельницкий облусун "Шахед" жанкечти-дрондору менен аткылоону улантты. Аларды абадан атып түшүргөндө сыныктарынан Шепетовский районунда 16 киши жабыркаганын облустун аскердик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Тюрин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, дрондун сыныктары карапайым тургундар жашаган аймакка түшкөн. Бир катар турак жайларга, автоунааларга дагы зыян келтирилген.
Ал эми Украинанын ички иштери министри Игорь Клименко тогуз жер там жана 11 көп кабаттуу үй, эки окуу жайы, административдик имарат, дүкөн жана автоунаалар жабыркаганын тактады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Орусиянын армиясы Хмельницкий облусуна төртүнчү сутка катары менен чабуул коюуда.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул кол салуу боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-жылдын сентябрь айынын соңуна карата маалыматына ылайык, согушта 9700дөн көп карапайым тургундун өмүрү кыйылып, 18 миңдейи ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган. Эл аралык уюм айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан жана Орусия убактылуу окуппациялап алган аймактардан маалымат алуу кыйын болгондуктан, бул сан алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт.
Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн «Редут» менчик аскердик компаниясы Украинадагы согушка аялдарды жалдап жатат. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы «Борз» батальонунун мисалында жазды. Журналисттер кыз-келиндерге чакырууларды социалдык тармактардан тапкан.
Маалыматка караганда, аларга жарым жылга 220 миң рубль айлык менен келишим сунушталган. Жарадар болсо 3 миллион, каза тапса, жакындарына 5 миллион рубль убада кылынат. Ушундай эле шарт менен эркектерди да жалдашат.
Басылма аскердик адистик жана тажрыйба талап кылынбаганын белгилейт. Компания курал колдонбогондорду өздөрү бир айда үйрөтөрүн айтууда.
«Борз» батальонуна жалдангандардын бири журналисттерге айтып бергендей, анын курамында аялдардан көзгө атаарлар менен дрондордун операторлорунан турган отряд түзүү каралууда.
Программанын эки катышуучусу батальондо даярдык көрүп жатканын бышыкташты.
“Свобода” радиосу жазгандай, орусиялык аскерлер Украинада чоң жоготууларга туш болгонун түрдүү иликтөөлөр ачыкка чыгарган. Менчик компаниялар аркылуу ыктыярчыларды жана согушкерлерди жалдоо менен бийлик мобилизацияны созуу аракетин көрүүдө деген божомолдор да айтылууда.