Орусиянын армиясы 27-ноябрга караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Херсон жана Днепропетровск облустарын бутага алды. Соңку 24 сааттын ичинде орус армиясы Херсонду 56 жолу аткылап, бир карапайым тургун жараат алганын аймак башчысы Александр Прокудин Телеграм аркылуу билдирди.
Днепропетровск облусундагы Никополь шаары жана анын айлана-тегереги дагы жапырт аткылоого кабылганын аймактын губернатору Сергей Лысак кабарлады.
Херсон шаары былтыр күзүндө бошотулгандан бери Днепр дарыясынын сол жээгиндеги орус армиясынын аткылоосуна дээрлик күн сайын дуушар болуп келет.
23-ноябрда орус армиясы Чернобаевка айылын кассеталык снаряддар менен аткылап, кеминде үч жай тургун набыт болгон. Бир нече адам жараат алган. Ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, Чернобаевкадагы аткылоодон 60тан ашуун турак жай жабыркаган.
25-ноябрга караган түнү Орусиянын Киевди аткылоосунан беш адам жараат алды, бирөө 11 жаштагы бала.
Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграм-каналына жазды.
Мэрдин маалыматында, абадан чабуул тууралуу эскертүү алты саатка созулду. Бул аралыкта орусиялык дрондордун аткылоосунан Соломен районунда бала бакча өрттөнүп, үйлөрдүн айнектери күбүлүп түшкөн. Беш кабаттуу үйдө камалып калган эки аялды куткаруучулар чыгарган. Дрондун сыныгы ачык жерге кулап, өрт чыккан.
Ушундай эле дрон сыныктары Печора, Подольск райондорунда ачык жерге, ал эми Днепропетровск жана Голосеев райондорунда көп кабаттуу үйгө түшкөн.
Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат.
Днепропетровск районунда беш киши жабыркаган.
Украин аскерлери 25-ноябрга караган түнү Орусиянын дрон чабуулу өзгөчө катуу болгонун белгилешти. 75 дрондун 71и атып түшүрүлдү.
60 чакты дрон Киевге багытталган. Шаар тургундары жана маалымат каражаттары да чабуул алты саатка созулганын маалымдашты. Чабуулдун натыйжасында шаардагы 77 көп кабаттуу үй жана 120 мекеме электр жарыгы жок калган.
Украин президенти Владимир Зеленский чабуул Голодомордун 90 жылдыгына туш келгенин белгиледи.
Киевге расмий сапар менен келген Латвиянын президенти Эдгар Ринкевичс бомбадан коргонуучу жайда түнөгөнүн, сүрөт таңкы саат 5те тартылганын Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Орусия Киевге чабуулун комментарийлеген жок.
Аскердик талдоочулар акыркы сутканы эске албаганда Орусия акыркы бир нече айдан бери Украинага ракета менен жапырт чабуул койбогонун, аны масштабы чоң чабуулга даярдап жатканын айтышууда.
Орус өкмөтү киргизген өзгөртүүгө ылайык, 2024-жылдан тарта аскерде кызмат өтөөгө 18 жаштан 30 жашка чейинки эркектер чакырылат. Мурдагы чек 27 жашка чейин болчу.
Өкмөттүн бул токтому быйыл жайында Мамдума тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон федералдык мыйзамды ишке киргизүү үчүн зарыл экени айтылууда. Баштапкы долбоордо аскерге чакыруу курагын 18 жаштан эмес, 21 жаштан деп өзгөртүү да сунушталган. Бирок экинчи окууда сунуш өткөн эмес. Мамдуманын коргонуу комитетинин башчысы Андрей Картаполов мунун себебин демографиялык кырдаалдан улам аскерге чакырылган орусиялыктардын саны азайып кеткени менен түшүндүргөн.
Орусия Украинага кол салгандан кийин орус өкмөтү аскердик кызматка байланыштуу мыйзамдарына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жашы жеткени үчүн чакырылган жоокерлер акча үчүн кызмат өтөө келишимин түзө алат.
Аскер комиссариатына өз учурунда келбеген жарандарга айып пул суммасы 3 миң рублден 30 миң рублге көтөрүлгөн. Абактарда отургандарды аскердик каттоого алуу боюнча өзгөчө режим киргизилди. Мурда аларга аскерде кызмат өтөө укугунан ажыратылган.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын 147 жаранын жана 303 ишканасын "кара тизмеге" киргизүү тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимин жактырды. Санкциялык тизмеге Орусиянын мурдагы финансы министри, учурда "Яндекстин" корпоративдик өнүгүү боюнча кеңешчиси Алексей Кудрин жана "Роснано" ишканасынын мурдагы жетекчиси Анатолий Чубайс да киргизилген. Ал Украинага согуш ачылгандан кийин Орусиядан кеткен.
.