Финляндия өкмөтү Орусия менен чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди эки аптага, 13-декабрга чейин жапканын билдирди. Премьер-министр Петтери Орпо 28-ноябрда түшүндүргөндөй, буга үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын болуп көрбөгөндөй агымы түрткү болду.
“Орусия өзү бул кырдаалды жаратты, эми өзү чекит коюшу керек”,-деди Орпо.
Ал Финляндияга Орусия аркылуу 600дөй качкын киргенин билдирди. Ал арада Финляндиянын тышкы иштер министри Мари Рантанен мындан ары деңиз аркылуу же аба каттамы менен келгендер гана башпаанек сурап, кайрылса болорун айтты.
Расмий Хельсинки финн-орус чек арасындагы "Рая-Йоосеппи" бекетинен башка өткөрмө бекеттерди жабуу чечимин 22-ноябрда чыгарган.
Финляндия бийлигинин эсебинде Орусия бул мигранттарга чек арадан өтүүгө жардам берип улуттук коопсуздук коркунучун жаратууда. Бир эле ноябрь айында Финляндияга Орусия аркылуу Ирак, Сирия,Сомали, Пакистан, Йемен жана башка өлкөлөрдүн 900дөй жараны өткөн. Мурда бул көрсөткүч күнүнө бир нечеден ашчу эмес.
Москва Хельсинкинин кадамын “рационалдуу эмес” жана “провокациялык” деп атады.
Украинадагы согушка мобилизация болгондордун жакындары өз Телеграм-каналдарында Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сынга алып жатышат. Мобилизацияга тартылгандарды үйлөрүнө кайтарууну талап кылгандар “Путь домой” каналында атайын петиция жарыялашты. Анда согушка тартылгандардын укуктарын коргоону, убагында үйлөрүнө кайтарууну талап кылган манифестке кол топтоо чакырыгы камтылган. Эки ай мурда пайда болгон бул каналга катталгандардын саны 15 миңден ашат.
"Президент "резервдегилер согушка тартылбайт, “атайын операциянын” тапшырмаларын кесипкөй ыктыярчылар гана аткарат деп убада бергени эсибизде. Андан кийин жакындарыбызды Украинага алып кетишти. Убадалары куру сөз бойдон калды. Көптөр эми такыр кайтпайт. Мобилизация эң чоң ката болду. Бизди мыйзамды сыйлаганыбыз үчүн жазалашты. 2024-жылды президент Үй-бүлө жылы деп жарыялады. Балдар атасыз, аялдар күйөөсүз калганын, көбү жетим калганын эсепке алганда, бул шылдыңдагандык”,-деп жазышкан алар.
Жакында эле Путин мобилизацияга тартылгандар согуш аяктамайынча үйлөрүнө кайтпастыгын билдирген.
Мобилизацияга тартылгандардын аялдары социалдык тармактар аркылуу ар кандай акцияларды өткөрүп, согуштан күйөөлөрүн кайтарууну, алардын шарттарын жакшыртууну талап кылган видеокайрылууларды жасап жүрүшөт.
Октябрдын соңунда Вологда аймагында мобилизацияга тартылгандардын жакындары видео кайрылуу жасап, 347-полктун аскерлерин Ивановка айылындагы кармашка даярдыксыз жана тийиштүү курал-жабдыксыз жөнөтүп жибергенин айтышкан.
Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери Орусияда “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун жаран аскерге чакырылган.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 27-ноябрда билдиргендей, Киев Москва басып алган аймактардын көбүн азырынча кайтара элек, бирок украин армиясы мурдагыдай эле орус күчтөрүн “чоң жоготууларга” учуратууда.
“Албетте, биз алар аймактарын тезирээк бошотуп алышын каалайт элек. Фронттун тилкеси ордунан жылбаса дагы, украиндер орус оккупанттарын чоң жоготууларга учуратууда”,- деди Столтенберг НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында. Ал ошондой эле альянс Украинаны узак мөөнөттө колдоону уланта берерин кошумчалады.
Британ чалгын кызматы украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына таянып билдиргендей, быйыл ноябрь айында орус армиясы бир күндө 931 аскеринен айрылган.
Бул согуш башталгандан берки эң чоң көрсөткүч экени белгиленет. Бул санды башка булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Соңку айда өлкө чыгышындагы Авдеевканын айланасындагы кармашта орус күчтөрү оор жоготууларга учураганын бир канча булак жазып чыккан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 27-ноябрдын таңында билдиргендей, Авдеевканын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Соңку бир суткада украин армиясы орус күчтөрүнүн 30 жолку чабуулунун мизин кайтарган.
“Жоокерлер оккупанттарды чоң жоготууга учуратуу менен татыктуу коргонуп турушат”,-деп жазылат Башкы штабдын билдирүүсүндө.
Буга чейин бир катар орусиялык Телеграм-каналдар жана блогерлер орус армиясы Авдеевкадагы өндүрүш аймагын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын жазып, аны “тарыхый” окуя катары мүнөздөшкөн. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту, орус армиясы Авдеевка менен Ясиноватая айылынын ортосундагы өндүрүш аймагында алдыга жылганын билдирип, толук көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматтын далили жок экенин кошумчалады.
Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги дагы бышыктай элек.
Украин күчтөрү калааны орус армиясынын курчап алышына жол бербөө аракетин көрүп жатат. Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту орус армиясы жүздөн ашуун аскеринен жана жүздөн көп брондолгон техникасынан ажыраганын кабарлады.
Орусиянын көзөмөлүндөгү украиндердин Донецк шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Авдеевкада согушка чейин 30 миң киши жашаса, учурда алардын 1,5 миңдейи гана калган.