Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06
Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү "жакшы" деп баалады

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:59 18.12.2023

18-декабрдын таңында Орусия Украинанын төрт аймагына учкучсуз беш учак менен чабуул жасаганын, анын баары атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аскердик аба күчтөрү маалымдады.

“Абадан коргонуу системасынын Николаев, Днепропетров, Винница жана Хмельницкий облустарындагы мобилдик топтору бардык беш учакты атып түшүрүштү", - деп билдирди “Азаттыктын” украин кызматы. Жабыркоолор тууралуу маалымат айтылган жок.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) билдиргендей, Украинанын айыгышкан кармаш жүрүп жаткан аймактарында орус аскерлери айрым ийгиликтерге жетишүүдө. Алар Бахмуттун батыш тарабындагы Хромовое жана Курдюмовка айылдарында чабуулдарын улантып, Авдеевканын түндүгүндөгү Степовое аймагында алдыга жылганы кабарланды.

Айрым орусиячыл маалымат булактары Марьинка айылы да Орусиянын аскерлеринин карамагына өткөнүн билдиришти, бирок ISW аны тастыктаган жок.

Украин аскерлери Херсон облусундагы Днепр дарыясынын сол жээгиндеги турумдарын бекемдөөгө жетишкени кабарланды.

21:12 17.12.2023

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусундагы Теребрено кыштагынын айланасында атышуу болуп жатканы кабарланууда. Бул тууралуу Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков жекшембиде Телеграмга жазды. Ал аталган кыштакты Украинанын куралдуу күчтөрү аткылап жатканын, бир нече айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын билдирди.

"Пепел" басылмасы Теребрено аймагында орус аскерлери менен украиналык диверсиялык-чалгындоо тобунун ортосунда салгылашуу жүрүп жатышы мүмкүндүгүн кабарлады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Белгород облусунун аймагына диверсиялык-чалгындоо тобунун ондой мүчөсү кирген. Чабуулдун мизин кайтаруу үчүн тик учактар колдонулган. Теребренонун тургундары айылдан чыгып жатышат. Бул аймакка алып барган жолдор жабылган", - деп айтылат маалыматта.

Украин тарап Орусиянын аймагындагы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин Украинанын Чек ара кызматы Сумы жана Харьков облустарында орусиялык диверсиялык топторду аныктаганын маалымдаган.

"Чек арачылардын жана аймактык коргонуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында диверсанттар мамлекеттик чек арадан сүрүп чыгарылды", - деп айтылган мекеменин жекшембидеги билдирүүсүндө. Бирок украин тарап окуя качан болгонун так айткан эмес.

Буга чейин Украина тарапта согушуп жаткан «Орус ыктыярчылар корпусу» жана «Орусиянын эркиндиги» легиону Белгород облусунда рейд жүргүзгөн учурлар болгон. Бул топтор июнь айында Белгороддогу бир нече кыштакты убактылуу көзөмөлүнө алганын жарыялашкан. «Орус ыктыярчылар корпусу» Теребренодогу соңку атышуулар тууралуу маалымат жарыялаган жок.

21:11 17.12.2023

Украина ишембиден жекшембиге оогон түнү кезектеги дрон чабуулуна кабылды. Коргоо күчтөрү Орусиянын 20 дронун, бир ракетасын атып түшүргөнүн кабарлады.

Одесса облусунда атып түшүрүлгөн дрондордун бири жер тамга кулап, өрт чыккан, андан үй ээси каза болгону айтылууда.

Маалыматтарда жыйырма "Шахед" дрону, Х-59 ракетасы аннексияланган Крым тараптан учурулуп, Одесса, Херсон, Запорожский жана Хмельницкий облустарынын аймагында жок кылынганы айтылууда.

Ошол эле маалда Орусиянын Коргоо министрлиги бир түн ичинде өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Липецк, Ростовск жана Волгоград облустарында Украинанын 33 учкучсуз аппаратын, кийинчерээк дагы экөөнү атып тушүргөнүн билдирди.

Соцтармактарда Ростов облусунун Морозовск шаарынын үстүндө дрондордун жок кылынганы боюнча видеолор тарады. Аймактын губернатору Василий Голубевдин айтымында, дрондордун "көпчүлүгү" атып түшүрүлгөн.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков учкучсуз учактын чабуулунан Шебекин районунда жергиликтүү тургун жаракат алганын билдирди. Ошондой эле, анын маалыматында мал сарай минометтон аткылоого дуушар болуп, 12 уй өлүп, имараттар жабыркаганы айтылат.

Орусия Украинаны күн сайын аткылоодо. Коргоо министрлиги сокку аскердик объектилерге гана багытталганын ырастоодо. Жайкын тургандардын өлүмү жана жарандык түзүмдөрдүн кыйроосу адатта комментарийленбейт.

Украина Орусиянын өзүнө чектеш аймактарын да аткылап келет. Орус бийликтери ал үчүн Киевди айыптайт, Украина мындай айыптарга комментарий бербейт.

21:09 16.12.2023

16-декабрга караган түнү Украинанын аймагына "Шахед" үлгүсүндөгү 31 орусиялык учкучсуз учак чабуул койду. Анын 30у атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрү билдирди.

Дрондор Днепропетровск, Киев, Винницы, Чернигов, Сумы, Полтава, Черкасск, Херсон, Запорожье, Николаев жана Хмельницкий облустарынын аймактарында атып түшүрүлдү.

Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко дрон сыныгынан жабыркагандар жок экенин билдирди.

Ал орусиялык аскерлер "2023-жылдын май айындагы тактикасына өткөнүн" белгиледи. Анда алар аскер аба күчтөрүнүн ар кандай түрүн колдонушкан.

Херсон облустук аскердик аймактын башчысы Александр Прокудиндин маалыматында орусиялык күчтөр аткылаганда 55 жаштагы шаар тургуну бутунан, Херсондун башка жашоочусу башынан жараат алган.

Степановка конушунда дрондун сыныгы медициналык мекемеге түшүп, дарыгер жараат алган. Учкучсуз учактын чабуулу Дарьевка аймагында да байкалган, жабыр тарткандар жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG