Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:48 1.1.2024

1-январга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага дрондор менен чабуулун улантты. Одессада абадан атып түшүрүлгөн аппараттын сыныктары карапайым тургундардын үйүнө тийген. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер Телеграм-каналы аркылуу билдирди. Анын жазганына караганда, шаардын бир нече бөлүгүндө өрт тутанды. Кеминде тогуз киши жабыркап, бир тургундун өмүрү кыйылды.

Днепрде дагы жардыруулар болгонун жергиликтүү басылмалар жазды. Николаев облустук аскердик администрациянын жетекчиси Виталий Ким Телеграмга дрон менен чабуулдар болгонун жазды.

Ал арада Донецк облусунун Орусия аннексиялап алган аймагынын “жетекчиси” Денис Пушилин украин тарап 1-январга караган түнү артиллериядан аткылаганын билдирди. Анын айтымында, төрт киши набыт болуп, ондон ашууну жараат алды.

Расмий Киев бул боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

02:24 1.1.2024

31-декабрда Украина орус авиациясынын чабуулуна кабылды. Өлкөнүн түштүгүнө жана чыгышына сокку урулду, борбор калаа Киевде да жарылуу болду. Орусия ишемби күнү Белгород шаарына жасалган чабуулдан 24 жай тургуну каза болгонун, Украина жума күнкү соккулардан 40тай жаранынан айрылганын билдирип жатышат. Соңку кырдаал 30-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланды.

30-декабрда Украинанын Харьков шаарынын тургуну Ирина Никитина Орусиянын чабуулунан үйү талкаланып, өзү үй-бүлөсү менен көчөдө калды. Батириндеги болгон оокаты, Жаңы жылга деп даярдаган жасалгасы да, баары уранды арасында жатат.

“Жаңы жылдык балатыбыздын калдыгы... Жаңы жылды мына ушинтип тосуп жатабыз. Ушундай белек кылышты. Жүзүкаралар. Эл жашаган кварталдарды бомбалашты. Бул жакта адамдар жашайт да. Ушу кантип болсун”, - дейт колуна балатынын сынган бутагын кармап турган Ирина Никитина.

Бул күнү Харьковдун алты жеринде, шаардын борбордук бөлүгүндө жарылуу болду.

Украинанын жай тургундарын эмес, аскердик объектилерин гана бутага алып келатканын айткан Орусия 30-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин жыйынын чогултту. Өлкөнүн бул уюмдагы өкүлү Василий Небензя Украинаны орус-украин чек арасында жайгашкан Белгород шаарына жасалган чабуул үчүн айыптады жана Украинанын жарандык инфраструктурасына кол салбаганын айтты.

“Силер канча кайталабагыла, Орусия Украинанын жарандарына чабуул жасаган жок. Биз Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алып жатабыз. Куралыбызды атайылап жай тургундарга каратып жаткан жерибиз жок".

Украинанын жана Орусиянын аймагына жасалган, ондогон адамдын өмүрүн алган соңку чабуулдар 30-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги кезектеги отурумда көңүл борборунда болду. Москванын өтүнүчү менен уюштурулган бул отурумда уюмдун башкы катчысынын жардамчысы Халед Хиари бутага жай тургундардын алынышы эл аралык нормаларга туура келбеген окуя болгонун айтты:

«Биз Украинанын жана Орусиянын шаар-кыштактарына жасалган бардык чабуулдарды айыптайбыз. Калкка жана жарандык инфраструктурага кол салуу эл аралык гуманитардык укук нормаларынын бузулушу, бул аракеттер тез арада токтотулушу зарыл. Карапайым элди коргоо башкы максат болушу керек. Согуштук аракеттер, кан төгүү токтошу зарыл, согуш аягына чыгышы керек».

Украина. Киев.
Украина. Киев.

29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия Украинанын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылаган, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун жок кылган, 100дөн ашуун кишини жарадар кылган. Киев, Львов, Одесса, Харьков жана башка шаарларга орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.

30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары Украинанын ракеталык чабуулуна кабылганын билдирген. Соңку маалымат боюнча, каза болгондор 24кө жетти, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.

Орусия. Белгород.
Орусия. Белгород.

Орусиянын бир нече шаары Белгородго тилектештигин билдирип, Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларын токтотту.

Украина Белгород боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек. "Украинская правда" басылмасы өлкөнүн атайын кызматынын маалыматына таянып кабарлагандай, Украинанын жоокерлери Орусиянын аскердик объектилерин бутага алган, бирок Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн кетирген катасынан улам ракетанын сыныктары эл жашаган жерлерге түшкөн.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Өзү муну атайын аскердик операция деп атаган.

16:46 31.12.2023

Белгороддо 30-декабрдагы аткылоодон каза болгондордун саны 24 кишиге жеткенин облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. "Свобода" радиосу жазгандай, соңку маалымат боюнча 108 киши жараат алган. Аткылоодон 37 көп кабаттуу турак жай, 450 батир жана бир катар жер үйлөр жана 50дөн ашык автоунаа зыян тартты.

Гладковдун айтымында, 25 киши оор жараат алды, алар федералдык клиникага жайгаштырылууда.

31-декабрдын таңында Белгороддо абадан эскертүү жаңырып, тургундарга баш калкалоочу жайга жайгашуу тууралуу эскертилди. Орусиянын бир катар шаарлары Белгородго тилектештик билдирип, жаңы жылдык фейерверктерди аттыруудан баш тартты.

Москванын сунушу менен өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында уюмдун баш катчысынын өкүлү Орусиянын жана Украинанын калк жашаган аймактарынын аткыланышын “кабыл алынгыс” деп атады.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя Батыш өлкөлөрүн “кылмыштын катышуучулары” деп мүнөздөдү. Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Орусия тараптын айыптоосун четке кагып, “эгер Орусия Украинага кол салбаганда, Белгороддогу курмандыктар болмок эмес” деп эскертишти.

13:56 31.12.2023

Харьковго урулган соккудан жабыр тарткандардын саны 28ге жетти, облуста үч адам каза тапты

Жекшемби күнү орусиялык күчтөр Харьковдун Изюм районундагы Боровая кыштагын аткылашты. Курмандыктар бар экенин облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында уранды астынан эки эркектин жана аялдын сөөгү табылган. Кечээги ракета менен сокку уруудан жабыр тарткандардын саны 28 адамга жеткени маалым болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG