Украин бийлиги Орусиянын ошол учакта 65 украин аскери баратканы тууралуу билдирүүсүн тастыктай элек жана бул окуяны эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылууда. Орусия андай иликтөө зарыл эместигин айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.
24-январда Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кыйраганын биринчи болуп Москва жарыялаган. Коргоо министрлиги учактын ичинде айырбаштоо үчүн салып бараткан украин согуш туткундары болгонун, баары мүрт кеткенин билдирген.
«Учактын ичинде экипаждын алты мүчөсү, айырбаштоо үчүн алынып бараткан 65 украин аскери жана коштоочу үч орусиялык аскер кызматкери болгон. Экипаж жана жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Учакты украин Куралдуу күчтөрү Харьков облусунан зениттик-ракеталык комплекстен учурулган эки ракета менен атышкан», - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.
Орусия окуя боюнча ошол эле күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунуштаган. Оболу сунуш колдоо таппай, кийинчерээк жыйын 25-январга дайындалганы маалым болду.
“Новости” агенттиги өзгөчө кырдаалдар кызматтарына шилтеме жасап, Ил-76 учагынын кара жашиктери табылганын кабарлады. ТАСС маалымдагандай, учуунун параметрлерин жана пилоттордун сүйлөшкөнүн жаздырган жабдыктар Москвадагы лабораторияда изилденет.
Социалдык түйүндөрдө учак кулап түшкөнү, андан кийин катуу жарылуу болгону тууралуу чөнтөк телефонго тартылган кыска видео тарады. Бул азыркы тапта окуяны баяндаган жалгыз видео.
Мындан тышкары, Орусия учак кыйраган жер деп бир нече сүрөт жарыялады. Социалдык түйүн колдонуучулары ал сүрөттөрдө набыт болгондордун сөөгү дээрлик көрүнбөгөндүктөн, "жетимиштен ашуун адам мүрт кеткени канчалык чындыкка дал келет?" деген суроо коё башташты.
Киев эл аралык иликтөөнү талап кылды
Киев расмий билдирүүсүндө пландалгандай согуш туткундарын алмашуу болбой калганын ырастап, бирок кырсыкка кабылган учак тууралуу так эч нерсе айткан жок.
Өлкө президенти Владимир Зеленский 24-январдын кечинде жасаган видеокайрылуусунда окуяга эл аралык иликтөө талап кылынарын айтты:
“Учак Орусиянын аймагында кулады. Ал жак биздин көзөмөлүбүздө эмес. Факт деген сөз азыр негизги болууда. Мен Башкы командачынын жана Башкы штабдын маалыматын уктум. Башкы чалгын кызматы туткундардын тагдырын тактап жатат. Мен Тышкы иштер министрлигине биздин өнөктөштөргө болгон маалыматтын баарын берүүнү тапшырдым. Биздин мамлекет эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылат”.
Кремль мындай иликтөө жүргүзүүгө зарылдык жоктугун, териштирүү жүрүп жатканын айтты.
Орусиянын учак кырсыгы тууралуу маалыматы чыкканга чейин бир катар украин басылмалары Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып, аскердик учакты украин аскерлери "атып түшүргөнүн", бул учак менен Орусия С-300 ракеталарын ташып бараткан болушу ыктымал деп боолголошконун жазып жиберишкен. Кийин "атып түшүргөн" деген сөзүн өчүрүп коюшкан.
Андан мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери ошол аймакта учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.
Кремлдин таанымал үгүтчүсү Маргарита Симоньян учакта каза болгон туткундар деп 65 кишинин тизмесин жарыялады. Бирок андагы кеминде бир киши мурда эле айырбашталган туткун экени социалдык түйүндөрдө айтылып, тизменин аныктыгынан күмөн жаратты.
Фронтто орус армиясы Украинанын Авдеевка аймагын курчоого алуу аракетин улантууда. Украин аскерлеринин маалыматында, соңку бир суткада 58 жерде кагылышуу болду. Бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына 14 жолу дрон менен чабуул койгону, анын 11и атып түшүрүлгөнү, Одессада турак жайлар талкаланып, он чакты киши жараат алганы маалымдалды.
Харьков шаары бүгүн Аза күтүп жатат. Орусиянын шейшембидеги ракеталык чабуулунан шаарда он кишинин өмүрү кыйылып, бир бала жараат алган.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. Өзү муну "атайын аскердик операция" деп атоодо.
24-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11де Орусияда украиналык согуш туткундарын айырбаштоо үчүн салып бараткан учак кырсыкка кабылганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя Белгород облусунда болду. Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун аскер жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын алты мүчөсү жана коштоп бараткан үч киши) бараткан.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков «Корочанский районунда транспорттук учак кыйрады. Ал калктуу пункттан алыс эмес жердеги талаага кулап түштү. Ичиндегилердин баары каза болду», - деп Telegram аркылуу билдирди.
Жергиликтүү басылмалар жарыялап жаткан видеолордон жана сүрөттөрдөн кулап бараткан учактан кийинки жарылууну, түтүн чыгып жаткан жерди аскер кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.
Киев Москва менен согуш туткундарын алмашууну пландаганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов билдирди.
«Бүгүнкүгө пландалган алмашуу азырынча боло электигин айта алам», – деди ал.
Юсов Орусиянын расмий органдарынын Белгород облусунда кырсыкка учураган Ил-76 аскердик-транспорттук учагында украиналык туткундар баратканы тууралуу билдирүүлөрү азыр текшерилип жатканын айтты.
Украинанын согуш туткундарынын маселеси боюнча координациялык штабы өлкөнүн тийиштүү мекемелери бардык маалыматтарды териштирип жатканын кабарлады.
Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец журналисттерди жана украин жарандарын «шашылыш тыянак чыгарбай коё турууга, расмий гана маалыматтарды угууга» чакырды.
«Мен окуянын бардык деталдарын териштирип, тактап, анализдеп жатам… Душман айлакер. Орусия украин коомчулугун дүрбөлөңгө салыш үчүн өтө оор ыкмыларды колдонушу ыктымал экенин баарыбыз билебиз. Чагымга алдырбагыла», – деп жазды ал Telegram баракчасына.
"Украинская правда" жана "РБК-Украина" агенттиктери өз булактарына таянып, учакты украин аскерлери атып салганын жазды. Ишенимдүү булак журналисттерге кулаган Ил-76 учагы туткундарды эмес, Харьков облусун аткылоо үчүн С-300 ракеталарын ташып бараткан болушу "ыктамал" экенин айткан.
"Мэш" телеграм-каналы учакты Украинанын куралдуу күчтөрү "Пэтриот" ракеталык комплексинен атканын жазды. Телеграм-канал билдиргендей, буга чейин борт туткундарды жеткирип, Белгороддун жабык аэропортунан ээн-эркин учуп-конуп жүргөн.
Кремль Коргоо министрлигинин маалыматына комментарий бере элек. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «кабарды жаңы укканын " айтып чектелди.
Азырынча Киев окуя боюнча расмий маалымат тарата элек.
23-январда эртең менен Орусия Украинанын бир катар аймагына, анын ичинде борбор калаа Киевге баллистикалык ракета менен жапырт чабуул койгонун украин бийлиги билдирди. Жалпы өлкө аймагында абадан эскертүү берилди. Саат 14кө карата каза болгондор беш адам экени кабарланды.
Киевде жыйырмадай киши жараат алганы, машиналар, көп кабат үйлөрдөгү айрым батирлер талкаланганы, Харьковдо үч киши каза болгону, дагы 11 киши ооруканага жеткирилгени, Павлоградда бир кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.
Орусия бул чабуулдарга тиешеси жоктугун айтууда, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул «Донецкидеги базарга жасалган чабуулга жооп эмес» деп айтты.
Өткөн жекшемби күнү Украинанын Донецк аймагынын Орусия оккупациялап алган бөлүгүндө базарда жарылуу болуп, 27 киши каза болгон, дагы 25 киши жараат алган.
Украина бул окуяга тиешеси жоктугун билдирген.
2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган, муну өзү «атайын операция» деп атап келет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский атыштагы өнөктөштөр менен бир катар жаңы, эки тараптуу келишимдер даярдалып жатканын, февраль айында аларга кол коюлушу күтүлүп жатканын билдирди.
Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргени Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик жана башка жардам көрсөтүп келет. Согуш үчүнчү жылга созулуп, соңку 12 айда фронтто чоң өзгөрүүлөр болбой, жардам маселесинде АКШда каршылык күчөгөндүктөн соңку айларда өлкөгө зарыл каражат, жабдуулар жай келип жатат.
Зеленский бир нече жумадан бери өнөктөштөр менен сүйлөшүп, көбүрөөк саясий жана аскердик колдоо алууга аракет кылууда. Ал Орусиянын кышкы аба соккуларынын көбөйүшү жана Москванын Украинанын чыгышындагы жай, бирок катаал чабуулу Киевдин абадан жана жерден коргонуусун күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп жатканын кайталап келет.
Январдын башында Киевдин ишенимдүү колдоочуларынын бири болгон Британия келерки жылы Украинага колдоосун 2,5 миллиард фунт стерлингге (3,19 миллиард долларга) жеткирерин билдирген.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон февралда Украинага эки тараптуу коопсуздук кепилдиги боюнча келишимди аягына чыгаруу үчүн барарын билдирген. Ага ылайык Париж заманбап курал-жарактарды, анын ичинде алыскы аралыкка учуучу канаттуу ракеталарды жеткирери айтылган.