Украина Орусия аннексиялап алган Крымда орусиялык деңиз кайгуул кемесин жок кылганын бүгүн 5-мартта билдирди. Өлкөнүн Башкы аскер чалгын башкармалыгынын маалыматына караганда, украиналык Group 13 атайын бөлүгү шейшембиге караган түнү Magura V5 деңиз дрондору менен Орусиянын Кара деңиз флотунун «Сергей Котов» кайгуул кемесие чабуул коюшту.
Операция Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү жана Санарип трансформация министрлиги менен биргеликте Керч булуңунан анча алыс эмес жерде, деңиздин Украинага таандык тилкесинен ишке ашырылганы, баасы 65 миллион долларлык кеменин арткы бөлүгү, оң жана сол капталы талкаланганы маалымдалды.
Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган кабарларга караганда, Крым көпүрөсүндө кыймыл сегиз саатка токтотулду. Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып туруучу 18 чакырымдык бул көпүрөнү Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин курган.
Орусия «Сергей Котов» кайгуул кемеси боюнча билдирүүлөргө комментарий бере элек.
Украина Орусиянын Самара облусунда темир жол көпүрөсүн жарактан чыгаруу аракети жасалганын тастыктады. Өлкөнүн Башкы чалгын кызматынын 4-марттагы маалыматына караганда, орус аскерлери Чапаевка суусундагы бул көпүрөнү Украинага чабуул коюу үчүн аскердик жүгүн, Чапаевск шаарындагы "Полимер" ишканасында жасалуучу инженердик жабдыктарын ташыганга колдонуп келет.
Орусиялык маалымат каражаттары билдиргендей, жарылуу таңкы саат беш чамасында болгон. Темир жол кыймылы азырынча токтоп турат. Көпүрөнүн тирөөчтөрү бүтүн экени, темир жолдун өзү иштен чыкканы маалымдалды.
Түшкө маал ошол эле темир жол тилкесинде дагы колго жасалган эки жардыргыч табылганы кабарланды.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Өзү бул согушту «атайын аскердик операция» деп атап келет.
Орусиянын аймагында темир жол инфраструктурасын иштен чыгаруу аракеттери буга чейин да катталган.
Соңку суткада Украинанын үч облусунда Орусиянын чабуулдарынан бир кишинин өмүрү кыйылганын, 20 чакты киши жараат алганын 4-мартта жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.
Харьковдун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, облус аймагында артиллериялык жана миномет чабуулдарынан 15 калктуу пункт жабыркады.
Херсон облусунда 16 кыштакта окуу жайлар, чарба имараттары талкаланып, бир киши каза тапты.
Донецк облусунда Орусиянын чабуулдарынан 19 киши жараат алды.
Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын болгон күжүрмөн курал-жарагы менен бутага алып келет. Январда чабуулдар күчөп, ондогон украиналык каза болду, жүздөгөн киши жараат алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы жылдын 21-февралына карата маалыматы боюнча, эки жыл аралыгында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан Украина 10 582 жаранынан айрылды, дагы 19 875 киши жараат алды. Уюм чынында курмандыктар мындан көп деп эсептейт.
Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет.
Одесса шаарына 2-мартта жасалган дрон чабуулунан каза болгондор 12ге жетти. Набыт кеткендердин төртөө балдар, алардын экөө ымыркайлар экенин украин бийлиги билдирди.
Өлкө президенти Владимир Зеленский 3-марттагы кайрылуусунда Орусияны жеңүүгө жардам сурап, «дүйнө Орусиянын жаалына каршы чыгып, жообун бериши керектигин» белгиледи.
Украинанын Одесса шаарында орус күчтөрүнүн дрон чабуулунан кеминде 10 киши набыт болду. Алардын арасында төрт жана сегиз айлык эки ымыркай, үч жашка чыга элек наристе бар. Украин президенти Владимир Зеленский Батыштын жардамынын кечигиши жай тургундар арасындагы жоготууга жол ачып жатканын айтты.
Ымыркайлардын өмүрүн алган чабуул
Жекшемби күнү Украинанын Одесса шаарындагы бир тарабы кыйрап калган тогуз кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан дагы эки кишинин сөөгү табылды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы алар сегиз айлык ымыркай жана анын апасы экенин билдирди.
“Апасы сегиз айлык ымыркайын калкалоого аракет кылган. Коргогусу келген. Аял баласын бекем кучактаган абалда табылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Ушуну менен ишембиге оогон түнү орус күчтөрү учурган "Шахед" дрондорунан кыйраган турак жайдын он тургуну, анын ичинде үч наристе каза тапканы ырасталды.
Буга чейин украин бийлиги Одессадагы чабуулда өлгөндөрдүн арасында Марк аттуу үч жашка чыга элек наристе жана Тимофей аттуу төрт айлык ымыркай бар экенин тактаган. Тимофейди да анын апасы Анна Гайдаржинин сөөгүнүн жанынан табышкан.
Маркум келиндин иниси Андрейдин айтымында, дрон чабуулу эжеси ымыркайы менен көп кабаттуу үйдүн кыйрап калган бурчундагы уктоочу бөлмөдө жаткан учурда болгон жана жездеси Сергей Гайдаржи кызы менен качып чыгууга үлгүргөн.
"Ал кантип чыкканын деле эстей албайт. Кызын колуна алган бойдон сыртка чуркап чыгыптыр. Анан кайра кайтып барып, уктоочу бөлмөнүн эшигин ачса, бөлмөнүн эч жери калбаптыр", - деп айтып берди Андрей "Франс пресс" агенттигине.
Украин президентинин балдар укугу боюнча мурдагы атайын өкүлү Николай Кулеба Анна Гайдаржинин ымыркайы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, "энесинин койнунда тынч уктап жаткан төрт айлык ымыркайдын сөөгү табылды" деп жазды.
Шаар бийлигин маалыматы боюнча, чабуулдан тогуз кабаттуу үйдөгү 18 батир толугу менен кыйрап, дагы жети батирге зыян келген.
Бул чабуулдан кийин жекшембиде Одесса облусунда жана Одесса шаарында аза күтүү күнү жарыяланды. Жергиликтүү бийлик урандылардын алдында дагы бир нече адамдын сөөгү болушу мүмкүн деп болжоп жатат.
Одессадан тышкары орус күчтөрүнүн 2-марттагы дрон чабуулдарынан Харьков жана Николаев шаарларында үч кишинин өмүрү кыйылды.
Москва Украинадагы жайкын тургундардын өлүмү тууралуу үн каткан жок. Орус бийлиги далилдерге карабастан Украинада аскердик объектилерди гана бутага аларын билдирип келет.
Украинанын башкы прокурору Андрей Костин Одессада кыйраган үйдүн жанында эч кандай аскердик жай жок экенин белгиледи.
"Орус армиясы Одессадагы турак жайды билип туруп бутага алды, анын жанында эч кандай аскердик объектилер болгон эмес", – деди Костин.
Кечиккен жардам, күчөгөн басым
Украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кандуу чабуулдан кийинки билдирүүсүндө Батыштын жардамы кечиккендиктен жайкын тургундар арасындагы жоготуулар көбөйүп жатканын белгиледи.
"Дүйнө террорго каршы турса болорун билет. Дүйнөдө ракетадан коргоочу системалар, "Шахед" дрондорунан жана ракеталарынан сактоочу системалар жетиштүү. Украинага курал-жаракты, биздин элди коргоо үчүн зарыл болгон ракета системаларын кечиктирүү, тилекке каршы, ушундай жоготууларга жана Орусиянын колунан өлгөн балдардын тизмесинин туруктуу түрдө узарышына жол ачууда", - деди Зеленский.
Ал Украина Батыштан адам өмүрлөрүн сактоо үчүн зарыл болгон аскердик жардамды гана сурап жатканын, жайкын тургундардын өмүрү кыйылып жаткан маалда Украинанын өнөктөштөрү "ички саясий оюндар жана талкуулар" менен алектенип жатканын белгиледи. Ошондой эле Украинанын коргонуу жөндөмүн аксаткан бул аракеттерди "унутуу мүмкүн эмес, дүйнө эсинен чыгарбайт" деп айтты.
Бул сөзү менен Зеленский Кошмо Штаттардагы Украинага аскердик жардам көрсөтүү маселесине байланыштуу талаш-талкууларды ишарат кылгандай болду. Учурда АКШ өкмөтү убада кылган 60 миллиард доллардык жардам пакети Конгрессте мунаса табылбай жатканына байланыштуу Украинанын колуна тие элек.
Киевдин жардамды тездетүү чакырыгы жана жайкын тургундардын өмүрүн алган чабуулдар Орусия фронтто украин күчтөрүнө басымды күчөтүүгө аракет кылып жаткан мезгилге туш келди.
Өткөн айда орус күчтөрү Донецк облусундагы Авдеевка шаарына көзөмөлүн орноткон. Алар соңку күндөрү Авдеевкага туштан бир нече майда кыштактарды да ээлеп, батышты көздөй жылууга аракет кылып жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги 3-марттагы билдирүүсүндө орус армиясы Донецк облусунда ыңгайлуу позицияларды ээлеп жатканын белгиледи.
Киев курал-жарагы, ок-дарысы жана аскердик күчтөрү жетишсиз экенин моюнга алат. Украинанын коргоо министри Батыш убада кылган ок-дарылардын жарымы белгиленген мөөнөттөн кечигип келип жатканын билдирген.
Украин армиясынын бир нече апта мурда дайындалган башкы командачысы Александр Сырский ишемби күнү согуш тилкесиндеги аскердик бөлүктөрдү кыдырып келди. Ал "фронтто кырдаал оор болгону менен көзөмөлдө экенин" айтты.
Зеленский 2-марттагы видео кайрылуусунда генерал Сырскийден фронттогу кырдаал тууралуу "деталдуу маалымат жана конкреттүү сунуштарды" күтөрүн айтты. Ошондой эле ал жаңы командачыга армиянын курамында жана башкы штабда кадрдык өзгөртүүлөрдү жасоого "карт-бланш" же чексиз ыйгарым укук берерин кошумчалады.
Украинанын армиясы жекшембинин таңында маалымдагандай, акыркы бир сутка ичинде орус күчтөрү Украинага 1 ракета учуруп, 50 жолу абадан сокку урду. Украинанын кеминде тогуз облусу 112 жолу артиллериялык аткылоого кабылды.
Дем алыш күндөрү Орусиянын аймактары да учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарына туш болду. 2-мартка караган түнү Санкт-Петербург шаарындагы турак жайга кулаган дрон алты кишини жарадар кылганы кабарланды. Социалдык тармактарга тараган видеодо бир дрон ылдыйды көздөй айланып түшкөнүн, имаратка тийген соң жарылганын көрүүгө болот.
Украин медиасы бул дрон жакын жердеги мунай кампасына сокку урууну көздөгөнүн, Орусиянын абадан коргонуу системалары аны бутага жеткирбей атып түшүргөнүн жазышты.
Ишемби күнү украин дрондору Орусиянын чек арага жакын жайгашкан Брянск аймагына да чабуул койгону маалым болду. Орус армиясы жекшембиге караган түнү Киев Орусиянын аймагына баш-аягы 38 дрон учурганын билдирди.
Украин жетекчилери Орусиянын аймагындагы дрон чабуулдары боюнча комментарий бербейт.
Берлиндин шаштысын кетирген аудио
Украин күчтөрүнүн абалы жана фронттогу кырдаал Батыш өлкөлөрүндө тынчсызданууларды жаратып жаткан маалда апта соңун утурлай Германиянын армия жетекчилеринин видеоконференциясынын аудиосу делген үн жазма ачыкка чыгып кетти. Аны жума күнү Орусия каржылаган RT (Russia Today) телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян соцтармактарга жарыялап, бул аудиону "Германиянын Крымга сокку урууну көздөп жатканынын далили" деп атады.
38 мүнөттүк аудиодо офицерлер Украина Германияда чыгарылган TAURUS ракеталарын кантип, кандай шартта колдоно алары жана анын таасири тууралуу сүйлөшүшкөн. Би-Би-Си жазгандай, бул жыйында немис ракеталары Орусияны аннексияланган Крым жарым аралы менен байланыштырган Керч көпүрөсүнө сокку ура ала турганы жөнүндө да сөз болгон.
Германиянын бийлиги аскер жетекчилердин онлайн форматтагы видеоконференциясы өткөн платформа хакердик чабуулга кабылганын мойнуна алгандай болду. Ишемби күнү Германиянын канцлери Олаф Шольц үн жазуунун ачыкка чыгып кетишин "өтө олуттуу маселе" деп мүнөздөп, бул окуя "тез арада" иликтене турганын айтты.
Der Spiegel журналы офицерлердин видеоконференциясы армиянын ички жашыруун түйүнү аркылуу эмес, көпчүлүккө белгилүү WebEx платформасы аркылуу уюштурулганын жазды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Берлинден чукул түшүндүрмө талап кылды. Москванын башкы дипломаты Сергей Лавров аудио тасма "Германия Крымдагы көпүрөгө жана башка объектилерге, анын ичинде курал-жарак кампаларына чабуул коюуга камылга көрүп жатканын көрсөтөт" деп айтты.
Германиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы аба күчтөрүнүн офицерлеринин сүйлөшүүсү жаздырылып алынганын мойнуна алып, бирок аудио бурмаланып бурмаланбаганын азырынча так айта албай турганын билдирди.