Орусия Украинанын аймактарына чабуулдарын улантып жатканын бүгүн 7-мартта аскердик мекемелер жана жергиликтүү жетекчилер билдиришти.
Одесса шаары кайрадан ракеталык чабуулга кабылганы, Харьковдо Боровая кыштагында "Искандер-М" ракетасынын соккусунан 70 жаштагы эркек киши каза болгону, сегиз киши, арасында бир нече бала жараат алганы, Донецк облусунда бир кишинин өмүрү кыйылганы, үчөө жараат алганы, Херсондо төрт киши жарадар болгону кабарланды.
Украин аскерлеринин маалыматына караганда, Одессага Орусия баллистикалык ракета менен чабуул койду, порт инфраструктурасы жабыркады.
6-мартта Одесса шаары Орусиянын ракеталык чабуулуна өлкө президенти Владимир Зеленскийдин Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушуусу өтүп жаткан учурда кабылган.
Айрым маалымат каражаттары ракета Зеленский турган жерден анча алыс эмес жерге түшкөнүн жазышкан, кээ бир кабарларда «Мицотакис ракета түшкөн жерден 150 метр аралыкта турган» деп айтылган. Зеленский бул ракеталык чабуулдан каза болгондор бар экенин айткан.
2-мартта Одессага дрон чабуулу жасалып, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.
Украинанын Одесса шаары 6-мартта өлкө президенти Владимир Зеленскийдин Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушуусу өтүп жаткан учурда Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды.
Абадан эскертүү саат 10:41де берилгенин, үч мүнөттөн кийин катуу жарылуу болгонун жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Айрым маалымат каражаттары ракета Зеленский турган жерден анча алыс эмес жерге түшкөнүн жазып жатышат. Кээ бир кабарларда «Мицотакис ракета түшкөн жерден 150 метр аралыкта турган» деп билдиришти.
Эки президенттин жолугушуусу пландалган убакта өткөнү, бирок андан кийинки маалымат жыйыны коопсуздук чараларынан улам онлайн форматка белгиленгени маалымдалды.
Зеленский бул ракеталык чабуулдан каза болгондор бар экенин айтты:
«Биз бүгүнкү соккуну көрдүк. Ким менен алышып келатканыбызды көрдүңүздөр. Кимге сокку урат, аларга баары бир. Бардык деталдарын билбейм, бирок каза болгондор жана жараат алгандар бар экени белгилүү. Каза тапкандардын жакындарына көңүл айтам».
Кээ бир маалымат каражаттары ракеталык чабуул Зеленскийдин кортежине жасалганын жазышты.
Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский британиялык The Sun басылмасына согуш башталгандан бери өмүрүнө “кеминде беш-алты жолу” кол салуу болгонун билдирген.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.
2-мартта Одесса дрон чабуулуна кабылган, ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.
Украинанын Орусия оккупациялап алган Бердянск шаарында бүгүн 6-мартта автомашина жарылып, орус бийлиги түзгөн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү каза болду. Аял ооруканага жеткирилгенин, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун “Биз Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов жазды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, машинага колго жасалган жардыргыч коюлган. Күчү тротил эквивалентинде 1,5 килограммга жеткен жарылуу аял машинага кирип отурганда болгон.
Окуяга байланыштуу кылмыш иши «террордук акт» беренесинин негизинде козголду.
15-17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Добуш берүү Украинанын Орусия басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарында да өтөт. Мөөнөтүнө чейинки добуш берүү 25-февралда башталган.
Негизги талапкер - бешинчи президенттик мөөнөткө аттанган Владимир Путин болууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштан аскерлерин Орусияга каршы согушууну эч качан сураган эмес. Бул тууралуу 5-мартта АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби билдирди.
Мунун алдында Франциянын президенти Эммануэл Макрон Прагадагы сапары учурунда чет өлкөлүк аскерлерди Украинага жөнөтүү идеясын четке какпасын кайталаган, Европаны "коркок болбоого" чакырган.
Чех президенти Петр Павел Украинага жардам берүүдө жана Орусиянын агрессиясына туруштук берүүдө Европа алдынкы роль ойношу керек деген ойго кошуларын билдирди. Ал ошондой эле “жаңы варианттарды издөөнү, анын ичинде Украинага аскерлерди жөнөтүү ыктымалдыгын талкуулоону колдой турганын”, бирок “кызыл сызыктан ашпоо”, башкача айтканда ал жакта “аскердик бөлүктөрдү” жайгаштырбоо керектигин белгиледи.
26-февралда Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.
Европанын НАТОго мүчө бир нече өлкөсү Макрондун билдирүүсүн четке кагышкан.
Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш аскерлерин Украинага жиберсе, кесепети оор болорун эскерткен.