11-мартка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 25 “Шахед” дрондору менен чабуул койду. Алардын 15и асмандан атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.
Харьковдо дрон соккуларынан эки көп кабатуу үй, мейманкана, коммуналдык ишкананын имараты, жарандык инфратүзүм объектилери талкаланды. Курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок экенин Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди.
Одесса облусунун башчысы Олег Кипер маалымдагандай, учкучсуз аппараттар административдик имараттарга тийген. Алардын биринде тутанган өрт өз убагында өчүрүлдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча бул чабуулдар тууралуу маалымат бере элек. Адатта орус бийлиги бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги 11-мартта тараткан билдирүүсүндө Брянск жана Орлов облустарында алты дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Орус бийлиги дрон чабуулдарын Киевден көрүп келет. Украинанын жетекчилиги Орусиянын аймагындагы окуяларга комментарий бербейт.
Орусияга жумушка чакырылган Индиянын жарандары Украинадагы согушка тартылган.
Бул тууралуу жума күнү Reuters бсылмасы Индиянын борбордук иликтөө бюросуна таянып жазды.
Бюронун маалыматында бүгүнкү күндө 35тей адам ушул схема аркылуу Орусияга жөнөтүлгөнү айтылат. Буга чейин Индиянын Тышкы иштер министрлиги мындай жол менен 20 адам согушка кеткенин кабарлаган.
Февралда министрлик орус армиясынын катарына кошулган 20 жаранды мекенине кайтарууга аракет кылып жатканын билдирген.
Индиянын борбордук иликтөө бюросунун жаңы маалыматтарында кеминде эки индиялык жаран Орусиянын армиясында "жардамчы" болуп иштөө үчүн Орусияга жөнөгөн.
Кандай иш тууралуу кеп болуп жатканы так айтылган эмес. Кийин ал эки жаран согуш талаасында каза тапканы кабарланган. Reuters Индиянын Москвадагы элчилиги өлүм менен коштолгон бир окуяны ырастаганын жазды.
Иликтөөдө Индиянын ар кайсы штатында иштеген атайын кишилер ылайыктуу адамдардын изине түшүп, социалдык тармактар жана жергиликтүү агенттердин жардамы менен азгырып турганы айтылат. Кээ бирине Орусиядагы жеке университеттерде билим алуу жана арзандаттуу менен визанын мөөнөтүн узартуу сунушталган.
"Адам сатуунун туткунуна айланган жарандар аскердик даярдыктан өтүп, орус-украин согушунун алдыңкы базаларына эркине каршы жеткирилген", - деп айтылат бюронун иликтөөсүндө.
Индиянын Тышкы иштер министрлиги ар бир учур боюнча Москва менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Reuters агенттигинин суроосуна жооп берген жок.
Буга чейин Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барууга мажбурлашканын жатканын айтып, кайрылуу жолдогон Индиянын жети жаранынын видеосу тараган. Аны NDTV индиялык каналдын журналисти Умы Судхир Х (Твиттер) социалдык түйүнүнө жарыялаган.
Индия Украинага бастырып киргени үчүн Орусияны айыптоодон карманып, эки тарапты тең конфликтке диалог жолу менен чекит коюуга чакырып келет. Дели менен Москва достук мамиледе. Согуш башталгандан кийин Индия деңиз жолу менен келген орус мунайын импорттоону көбөйткөн.
Түркия согушту аягына чыгаруу максатында Украина менен Орусиянын саммитин өзүндө кабыл алууга даяр. Бул тууралуу өлкө лидери Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Стамбулда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүдөн кийин билдирди.
Эки президенттин катышуусундагы маалымат жыйында Эрдоган "Анкара Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын" айтты. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушууда согуштук кырдаал, Кара деңиздеги коопсуздук жана үзгүлтүккө учураган дан экспорттоо келишими тууралуу кеңири талкуу болгонун кошумчалады. Согуштук аракеттер соңуна чыккандан кийин Түркия Украинаны калыбына келтирүүдө жигердүү жардам берерин да белгиледи.
Владимир Зеленский Швейцарияда пландалган тынчтык саммитине Орусия чакырылбай тургандыгын, Украинанын союздаштары менен талкуу жана макулдашуудан кийин гана келерки саммиттерге чакырылышы мүмкүн экенин билдирди.
Февраль айында Украина Швейцарияда глобалдык Тынчтык саммитин өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган. Ага 160тан ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышары, тизмеге Орусия кирбегени белгилүү болгон.
Орус бийлиги Украинанын "тынчтык формуласын" ылайыксыз деп тааныйт. Москва Украина боюнча пландарды орусиялык өкүлдөрсүз талкуулоо натыйжа бербейт деп эсептейт.
Владимир Зеленскийдин Стамбулга келиши орус президенти Владимир Путиндин шайлоодон кийин, март айынын ортолоруна мерчемделген Түркияга иш сапарынын алдында болду. Түркия НАТОнун мүчөсү, ал Украинанын аймактык бүтүндүгү үчүн экенин дайыма айтып, ошол эле учурда Москва менен жана орус расмийлери менен да жылуу мамилени камсыздап келет.
Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрүн өлкөнүн жердеги аскерлеринин командачысы Александр Павлюк билдирди. 6-марттагы кайрылуусунда ал азыр аскерлер фронттун алдыңкы тилкесиндеги позицияларын турукташтыруу жана кайра топтошуу аракетинде экенин айтты.
"Биздин максат — фронт тилкесин турукташтыруу, толуктоого муктаж бөлүктөрдү кайра топтоштуруу жана аларды полигондордо калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти көрүү аркылуу сокку уруучу топ түзүү жана быйыл контрчабуул жүргүзүү", — деди ал.
Павлюк согуш талаасында абал оор, бирок көзөмөлдө экенин белгилеп, Орусия Украинанын болушунча көбүрөөк аймагын басып алууга, муну 17-марттагы президенттик шайлоого чейин жасоого аракет кылып жатканын кошумчалады.
Украина Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында баштаган толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүн улантууда. Курал-жарак жана каржылык жардамын АКШнын жана Европадагы өнөктөштөрү берүүдө. Бирок соңку жарым жылдан бери жардам дээрлик токтогонун, согушта прогресс жок экенин байкоочулар айтууда. 2023-жылдын жаз-жай айларындагы контрчабуул аракетинен майнап чыккан эмес.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.