Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:02
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:18 23.3.2024

Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты. Михаил Подоляк бул окуяга Украинанын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

"Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси да жок.”, - деди украин президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк.

Биринчиден: Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт.

Экинчиден, Украина эч качан террористтик ыкмаларды колдонгон эмес. Бул маанисиз. Баса, учурдагы согушка чейин Орусия өз жарандарына чабуул коюп, нааразы болгон этникалык топторго каршы "контртеррористтик акттарды" уюштуруу үчүн террордук ыкмаларды колдонгон. Москвадагы Кашир шоссесиндеги жана Волгодондогу окуяларды эске салуу жетиштүү.

Үчүнчүдөн: "Крокус Сити Холлдогу" окуяга чейин Москвадагы чет элдик элчиликтер кандуу окуялар болушу мүмкүн экенин эскерткенин укканбыз.

Жыйынтык: Москвадагы окуя согуштук пропаганданы, милитаризацияны, мобилизацияны күчөтүүгө, согушту жайылтууга колдонуларынан кымындай да шек санабайбыз. Андан тышкары Украинанын жай тургундарына урулган геноциддик соккуларын актоо үчүн да колдонулат", - деп жазган Подоляк.

22-мартта Киев шаарында бир нече өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешчилеринин жыйыны өткөн. АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк анда Орусия менен согушту токтотуу үчүн украин тарап сунуш кылган "тынчтык формуласы" талкууланганын билдирди.

22-мартта Орусия Украинанын энергетика тармагын жапырт аткылаган. Энергетика министри Герман Галущенконун айтымында, бул Украинанын энергетика тармагына урулган акыркы мезгилдеги эң ири чабуул болду. Анын айтымында, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

22-март күнү эртең менен Орусиянын Украинага чектеш Белгород шаары аткылоого кабылып, бир жергиликтүү тургун каза болгон.

17:32 21.3.2024

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу бүгүн 21-мартта да ракеталык чабуулга кабылганын, чыңалган кырдаалдан улам тургундар башка коопсуз аймактарга бара турушу зарыл экени эскертилип жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украин чек арасынан беш чакырым аралыктагы Грайворон шаардык округунун администрация башчысы Геннадий Бондарев жергиликтүү тургундарды эвакуацияга чакырды.

«Округда калгандарга кайрылам. Кырдаал чыңалган бойдон турат. Туура чечим кабыл алып, шаар округунан убактылуу чыгып кетүүгө чакырам», – деп жазды ал өзүнүн телеграм-каналына.

Бондарев аларды Ярослав облусу кабыл алууга даяр экенин, азык-түлүк жеткирилип турарын айтты.

Грайворон округу Украинанын Харьков жана Сумы облустары менен чектешет. Соңку кезде аймак аткылоого көп кабылууда. 20-мартта эки жай тургун каза болгону маалымдалган.

Белгород облусунун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.

Чабуулдар үчүн орус тарап Украинаны айыптоодо. Украин бийлиги комментарий бере элек.

21-мартта Белгород облусунун аймагында жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 10 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Облус башчысы Вячеслав Гладков беш киши жараат алганын, баары ооруканага жеткирилгенин, көп кабаттуу үйлөрдө 30га жакын батир талкаланганын, электр зымы үзүлүп, 5 миңдей киши жарыксыз калганын айтты.

12:36 21.3.2024

Бейшембиге караган түнү Киевде Орусиянын ракеталык чабуулунан 10 киши жараат алды. Алардын экөө ооруканага жаткырылганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.

Атып түшүрүлгөн ракета сыныктары калаанын бир катар аймактарында турак жайларга, ишканаларга, бала бакчага жана автоунааларга кулады.

Подольск облусунда көмөкчордондон өрт чыгып, бир үйдүн чатыры күйүп кетти. Киевдин Шевченко районунда өрт чалган көп кабаттуу үйдүн тургундары эвакуацияланды.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко 20-март күнү кечинде баш калаага бир эле учурда ар кайсы багыттан атылган 30га жакын канаттуу ракеталар атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматта Орусиянын ракеталык чабуулу үч саатка созулганы айтылат.

Украинанын бардык аймагында аба чабуулу тууралуу айгай салынды. Мурдараак Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Мурманск облусундагы авиабазадан кеминде тогуз Ту-95МС бомбалоочу учагы учканын кабарлаган.

Шаршемби күнү Орусиянын Харьковго ракеталык чабуулунан беш киши набыт болгон. Снаряддар басмакананы жана эмерек чыгаруучу цехти талкалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык соккулар тууралуу комментарий бере элек.

17:17 20.3.2024

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусунда реактивдүү снаряддын соккусунан 20-мартта бир киши каза болгонун, бир өспүрүм бала жараат алганын жергиликтүү жарандык коргонуу мекемесинин маалыматына таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 13 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, алардын бири машина токтотуучу жайда турган автомашиналарга тийгени, жараат алган бала ооруканага жаткырылганы, бир нече киши жараат алганы кабарланды.

Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо.

Белгороддо соңку күндөрдөгү чабуулдардын айынан мектептерде жазгы каникул эрте башталды, жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өттү, спорттук жана маданий иш-чаралар убактылуу токтотулду.

20-мартка караган түнү Орусиянын Европа бөлүгүнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Саратов облусу да учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Саратовдо төрт, Белгороддо бир дрон атып түшүрүлгөнү айтылды, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Саратов облусунун Энгельс шаарында "бутага алуу өз максатына жеткенин" билдирди, андан башка маалымат берилген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG