Харьковдогу гипермаркетке соккудан каза тапкандар 14кө жетти.
Украинанын Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов Телеграм каналында билдиргендей, 43 киши жараат алды. Азыр 200 куткаруучу издөө-куткаруу иши менен алек болууда.
Украинанын Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов 25-майда соода борборуна Орусиянын соккусунан каза тапкан 11 кишинин сөөгү аныкталганын билдирди.
Курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн, куткаруучулар издөө, тактоо иштерин улантууда.
Ишембиде орусиялык армиянын Украинанын Харьков шаарына урган соккусунан "Эпицентр" гипермаркети талкаланды. Бери дегенде төрт адам мерт болуп, жараат алгандар 40ка чамалады.
Шаардын мэри Игорь Терехов "көп адам жүргөн соода борборуна урулган сокку - чыныгы террор", - деп жазды.
Облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, курулуш материалдары сатылган бул жайга башкарылуучу эки авиабомба түшкөн.
Каза тапкандар соода борборунун кызматкерлери экени айтылууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский сокку урулган учурда гипермаркетте 200 адам болгонун билдирди.
Кремль бул сокку тууралуу комментарий берген жок.
Бир күн мурда ал Харьковдо борборазиялык журналисттер үчүн жыйын уюштуруп, чөлкөмдүн лидерлерин Швейцарияда өтчү Тынчтык саммитине чакырган.
Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза тапкан Харьковдогу басмакананын аймагында өткөн.
Акыркы айларда Харьковду орусиялык күчтөр басып алууга аракет кылууда. 24-майда Украинанын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Игорь Прохоренко украин армиясы орусиялык күчтөрдүн облус аймагына карай жылуусун токтото алышканын билдирген. Анын айтымына караганда, Орусия бул аймакта "буфердик зона" түзүүгө аракет кылууда.
Харьковдо авиабомба гипермаркетке түштү: өлгөндөр жана жарадарлар бар
Ишемби күнү Украинанын Харьков шаары орусиялык күчтөрдүн соккусуна кабылды. Шаардагы "Эпицентр" гипермаркети талкаланып, андагы эки адам каза таап, дайынсыз жоголгондордун саны 35ке жетти. 15 адам менен байланыш үзүлгөнүн Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматта гипермаркетке кол менен башкарылуучу эки авиабомба түшкөн
"Көп адам жүргөн соода борборуна урулган сокку - чыныгы террор" деп жазды шаар мэри Игорь Терехов.
Каза тапкандардын экөө гипермаркеттин кызматкерлери болгонун компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 11 кызматкер менен байланыш үзүлгөн.
Курулуш материалдарын саткан гипермаркетке эки авиабомба түшкөнүн Харьков облусунун администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, өрт 15 миң метр чарчы жерди каптаган.
Акыркы маалыматтарда эки адам каза таап, төртөө жарадар болду.
16.50: Харьковдун мэри Игорь Терехов "Эпицентр" дүкөнүнө урулган орусиялык соккудан кийин жоголгондор көп экенин билдирди. Анын айтымында сокку тийгенде дүкөндө эл көп болгон. Терехов окуяны "террорго" теңеди.
17.00: соккудан жарадар болгондордун саны 11ге кетти
17.30: жабыр тарткандардын саны 24кө жетти.
18.20: жабыр тарткандардын саны 25ке чейин жетти.
18.30: соккудан жоголгондон кийин дайынсыз жоголгондордун саны төрт адамга жетти.
18.42: жабыр тарткандардын саны 35ке жетти.
Харьковдогу соода борборго урулган сокку