Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Түз ободо Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн көп өтпөй Орусия Украинага сокку урду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:48 24.5.2024

Орусияда атайын араба же протездер үчүн кезекке турган бир же эки бутунан ажырагандардын саны болуп көрбөгөндөй өстү.

Бул тууралуу "Вёрстка" басылмасы Социалдык камсыздандыруу фондунун маалыматтарын анализдөө менен жазды.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын соңунда атайын араба, отургуч жана протездерге муктаж 446 миң адам каттоодо турган. 2012-жылдын бери жүргүзүлүп келаткан статистикага караганда, 2022-жылга чейин кезекке турган майыптардын саны жыл сайын жети пайызга өссө, былтыр 43% жогорулаган.

2023-жылы ошондой эле 18ден 30 жашка чейинки эркектер арасында майыптыгы барлардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 290 миң кишиге жеткен. Адистердин айтымында эркектер арасындагы мындай статистика Украинадагы согушка байланыштуу.

Ал эми Украинада Орусия ири масштабдагы согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери майыптарды

21:47 24.5.2024

Зеленский Харьковдо борбор азиялык журналисттерге маек берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттери үчүн брифинг уюштуруп, алардын суроолоруна жооп берди. 
1/16 Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьков шаарында борбор азиялык журналисттери үчүн брифинг уюштуруп, алардын суроолоруна жооп берди. 
Бул брифингге өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер катышты. Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза болгон Харьковдогу басмакананын аймагында өттү.
2/16 Бул брифингге өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер катышты. Маалымат жыйыны 23-майда Орусиянын чабуулуна кабылып, кеминде жети киши каза болгон Харьковдогу басмакананын аймагында өттү.
Маалымат жыйына учурунда Зеленский Украина өз көз карандысыздыгы үчүн оор күрөштөн өтүп жатканын кошумчалап, өлкөсү "баары бир жеңерин" ишенимдүү белгиледи.
3/16 Маалымат жыйына учурунда Зеленский Украина өз көз карандысыздыгы үчүн оор күрөштөн өтүп жатканын кошумчалап, өлкөсү "баары бир жеңерин" ишенимдүү белгиледи.
Харьковдогу талкаланган басмакананын көрүнүшү. 
4/16 Харьковдогу талкаланган басмакананын көрүнүшү. 
"Фактор-Друк" деп аталган бул басмакана 23-майда орус армиясынын аткылоосунан кыйрап, ичиндеги китептер күйүп кеткен. Аткылоодон кеминде жети киши каза болгон. 
5/16 "Фактор-Друк" деп аталган бул басмакана 23-майда орус армиясынын аткылоосунан кыйрап, ичиндеги китептер күйүп кеткен. Аткылоодон кеминде жети киши каза болгон. 
15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган "тынчтык формуласын" жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.
6/16 15-16-июнь күндөрү Киевдин демилгеси менен Швейцарияда Тынчтык саммити өтөт. Анын катышуучулары Зеленский сунуштаган "тынчтык формуласын" жана башка маселелерди талкуулашат. Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтмында бул басмаканадагы 50 миңден ашуун китеп күйүп кеткен. 
7/16 Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтмында бул басмаканадагы 50 миңден ашуун китеп күйүп кеткен. 
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда жапырт согуш ачкан.
9/16 Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда жапырт согуш ачкан.
Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" 15-майда билдирген. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланган эле. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.
10/16 Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" 15-майда билдирген. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланган эле. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.
Орус армиясы Украинанын Харьков облусундагы Волчанск шаарына чабуулун улантууда. Буга чейин украин президенти Харьковду колдон чыгарууга алар жол бербестигин айткан.
11/16 Орус армиясы Украинанын Харьков облусундагы Волчанск шаарына чабуулун улантууда. Буга чейин украин президенти Харьковду колдон чыгарууга алар жол бербестигин айткан.
Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат.
13/16 Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу.
15/16 Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. 
16/16 Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. 
Артка
Алдыга

21:47 24.5.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Тынчтык саммитинде көргүсү келерин айтты.

Мындай пикирин ал 24-майда борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында “Азаттыктын” журналистинин региондогу беш мамлекет менен Украинанын мамилеси тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

15:49 22.5.2024

Орусиянын армиясы 22-майга караган түнү Украинанын аймагын 24 учкучсуз аппарат менен аткылады. Алардын баарынын мизи абадан эле кайтарылганын украин куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка караганда дрондор Николаев, Днепропетровск, Запорожье, Донецк, Сумы жана Одесса облустарында атып түшүрүлгөн.

Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак билдиргендей, аймакка артиллерия менен да чабуул жасалды. Никополдо жарандык объект жана электр зымдары жабыркаганы маалым болду. Жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу кабарланган жок.

Сумы облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, орус армиясынын чабуулунан Шостка жана Конотоп шаарларында энергообъектилер жабыркады. Орусия бул аймакты дагы артиллерия менен бутага алганы маалым болду. Бир нече калктуу конуш, анын ичинде Сумы шаары электр жарыксыз калды.

Харьков облусуна караштуу Чугуев шаарынын борбордук бөлүгүнө жасалган чабуулдан бала бакча имараты жабыркады. Бир аял жараат алганын Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов билдирди.

Фронтто орус армиясы Харьков багытында чабуулдарын улантууда. Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече калктуу конушту өз карамагына алганын буга чейин билдиргени менен, расмий Киев бышыктай элек. Волчанск шаары үчүн айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.

Украинанын Чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов орус күчтөрү Сумы облусуна да чабуулун күчөтүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Бир катар фото жана видео далилдерге карабай, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул койгонун айтып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG