Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05
Украина. Орусиянын кезектеги соккусунан кийин тутанган өрттү өчүрүү.
Украина. Орусиянын кезектеги соккусунан кийин тутанган өрттү өчүрүү.

Украина Орусиянын жапырт дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:20 23.2.2025

Орус күчтөрү жекшембиге караган түнү Украинага “Шахед” үлгүсүндөгү 267 дрон, учкучсуз аппарат жана үч “Искандер-М/КН-23” баллистикалык ракетасы менен чабуул койгунун Украинанын аба күчтөрү 23-февралда билдирди.

Украин армиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, 138 пилотсуз аппарат Харьков, Полтава, Сумы, Киев, Чернигов, Черкассы, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Ровно, Николаев, Одесса жана Днепропетровск аймактарынын үстүндө атып түшүрүлөн. 119 дрон борбору менен байланышы үзүлүп, кулап түшкөн.

Соккудан бир катар аймактар олуттуу зыян тартып, бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Азырынча зыяндын өлчөмү так айтыла элек болгону менен карапайым калк ичинде жоготуу көбөйүшү ыктымал.

Украинанын өзгөчө кырдаал кызматы Киевдин үч районунда дрон тийген жерлерде өрт чыкканын, бир үй күйүп кетсе, дагы эки турак-жай зыян тартканын билдирди.

Кривой Рогдо орус армиясы жарандык жайларга чабуул койгондо бир киши набыт болуп, беш тургун жарадар экени кабарланды. Ыкчам жардам көрсөтүүчү кызматтар 60 чарчы метр жерди өрт каптаганын билдирип, куткаруучулар урандынын алдынан аял менен эркекти алып чыкты. Ооруканада эркек каза тапканы маалым болду. Жараат алган беш кишинин үчөө ооруканада жатат. Аларын бирөөнүн абалы оор деп бааланды.

Запорожьеде орус армиясынын дронунан 53 жаштагы аял жарадар болуп, ооруканга түштү. Эки кабат үйдө өрт чыгып, жалын токтоп турганы жүк ташыган машинени, жалпысынан 80 чарчы метр жерди каптады. Жарылуунун күчүнөн жакын турган үйлөр зыян тартты.

Көптөгөн далилдер турса дагы орус бийлиги согуш башталгандан бери Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын четке кагат.

14:14 22.2.2025

Украинанын Аскер-аба күчтөрү 22-февралга караган түнү өлкө аймагында Орусия учурган Shahed учкучсуз учактарынын 82си атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Алар Харьков, Полтава, Сумы, Киев, Чернигов, Черкасск, Кировоград, Житомир, Винница, Николаев, Херсон, Запорожье жана Днепропетров облустарында жок кылынган.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан Орусия Орел, Брянск, Курск, Миллерово, Приморско-Ахтарск аймактарынан Украинаны көздөй өткөн түнү Shahed жана башка типтеги учкучсуз учактардан 162ни учурду.

Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын 24-февралында ачкан.

14:42 21.2.2025

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп украин лидерине кайрадан опурулду. Ал адегенде Truth Social социалдык тармагы аркылуу Владимир Зеленскийди "шайлоосу жок отурган диктатор" деп атап, кийинчерээк каалоосу болсо ал "Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөргө катышмак" деди.

Конгресстин айрым мүчөлөрү жана Европанын бир катар лидерлери Трамптын бул сөздөрүн сынга алышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленскийдин жүргүзгөн ишин "начар" деп баалады.

Трамп 19-февралда Маямиде бизнес жетекчилери менен жолугуп жатып, Зеленский Вашингтон согуш үчүн бөлгөн каржылык жардамды кыянат пайдаланган деген доомат койду.

“Мен Украинаны жакшы көрөм, бирок Зеленский жаман иш жүргүздү. Өлкөсү талкаланды жана миллиондогон, миллиондогон адамдар бөөдө ажалга туш болушту. Эки тарап менен тең сүйлөшмөйүнчө согушка чекит кое албайсыңар. Сүйлөшүүңөр керек. Алар үч жыл сүйлөшө алышкан эмес. Ошондуктан биз жакын арада ок атышуу токтоп, Европа менен Жакынкы Чыгышта туруктуулукту камсыздагыбыз келет”, - деди Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп. 19-февраль, 2025-жыл. Маями.
АКШ президенти Дональд Трамп. 19-февраль, 2025-жыл. Маями.

Бул билдирүү Зеленскийдин Трампты "Москванын жалган маалымат мейкиндигинде жашайт" деген айыптоосуна жооп катары айтылгандай болду.

Зеленский 19-февралда Киевдеги маалымат жыйында Сауд Арабиясында өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө тынчсыздануусун кайталады. Бул жолугушуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун катышуусунда өткөн.

Зеленскийдин айтымында, ал сүйлөшүүлөр "[Орусиянын президенти Владимир] Путинди обочолонуудан чыгарууга" багытталган.

"АКШ Путинге көп жылдан берки обочолонуудан чыгууга жардам берди… Путин жана орусиялыктар буга абдан ыраазы", – деди Зеленский.

19-февралда кечинде Маямиден кайтып келе жатып, Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттерге Орусия "чоң аймакты басып алганын" жана ошондуктан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө артыкчылыкка ээ экенин айтты.

АКШ президенти ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал Truth Social тармагына жазган билдирүүсүндө украин президентин “шайлоосу жок отурган диктатор” деп атады.

Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн болбой келет.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 19-февралда Daily Mail басылмасына берген маегинде, Зеленскийдин Трампты сындашы анын өзүнө зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эскертти.

"Зеленский коомдук медиа аркылуу президентти каралап, анын оюн өзгөртөм деп ойлосо, бул өтө чоң жаңылыштык. Президентти жакшы билген ар бир адам муну анын администрациясы менен иштешүүнүн эң начар жолу экенин айтат", – деди Вэнс.

Айрым ардагер республикачылар Трамптын сынына кошулбайт

АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү Трамптын Зеленскийдин дарегине айтылган сынына каршы чыгышты.

19-февралда Республикалык партиянын бир катар ардагер сенаторлору Украинага күчтүү колдоо көрсөтүп, Орусиянын агрессиясына баш ийүү аркылуу тынчтандырууга болбой турганын эскертишти.

Луизианадан шайланган сенатор Жон Кеннеди Владимир Путинди "кара өзгөй кылмышкер" деп атады.

Миссисипиден шайланган сенатор Рожер Уикер да Кеннединин тынчсыздануусун кайталап, Орусиянын Украинага кол салуусун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Киевдин катышуусу зарыл жана Европа өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы да эске алынышы керек экенин белгиледи.

Түндүк Каролинадан шайланган сенатор Том Тиллис Трамптын Зеленскийди "диктатор" деп атаганын колдогон жок, бирок Трамптын өзүн сындагандан да карманды.

"Мен андай сөздү колдонбойт элем", – деди ал. - Владимир Путин менен президент Зеленскийдин ортосунда моралдык теңдик жок" , - деп кошумчалады.

"Бул согушка толугу менен Владимир Путин жооптуу. Анын чечими Украинанын сан жеткис жарандарынын өлтүрүлүшүнө, зордукталышына, кыйноого алынуусуна жана уурдалышына алып келди. Бул согуш үчүн жоопкерчилик толугу менен ага таандык", – деди Тиллис 19-февралда Вашингтондо журналисттерге.

Сенаттагы республикачылардын лидери Жон Тун (Түндүк Дакота) Трамптын билдирүүлөрү боюнча түздөн-түз жооп берүүдөн баш тартты.

"Президент өз атынан сүйлөйт. Мен болсо Украинада тынчтык орношуна колдоо көрсөтөм. Азыркы учурда администрация, президент жана анын командасы ошол максатка жетүүгө аракет кылууда, - деди.

Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аякташы керек болчу, бирок Украинада согуштук абалы режими күчүндө болгондуктан шайлоо өткөрүлө элек. Буга Баш мыйзам жол берет. Толук масштабдуу согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери аскердик абал бир нече жолу узартылды.

Трамптын билдирүүлөрү Европанын бир катар лидерлеринин да сынына кабылды. Германиянын канцлери Олаф Шольц Зеленскийге "диктатор" деген айыптоону "жөнү жок жана коркунучтуу" деп атады.

12:14 21.2.2025

АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог бейшембиде Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Жолугушуунун аягында боло турган маалымат жыйыны Америка тараптын өтунүчү менен болгон жок. Бул тууралуу Reuters жана башка маалымат каражаттары жазышты.

"Америка авазы" маалымдагандай, Кит Келлог мурдараак Киевге сапарынын негизги максаты - украин тарапты угуу экенин билдирген.

Президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц Украинаны АКШга сын пикирин жумшартууга чакырып, баалуу кен байлыктар боюнча Ак үй демилгелеп жаткан келишимдерге барууга үндөгөн.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс бейшембиде конфликттин аягы чукулдап калганын билдирип, согушту Орусия менен сүйлөшүүлөрсүз токтотууга мүмкүн эместигин белгилеген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын чабарманы Кит Келлог менен сүйлөшүү учурунда согуштагы абал, Орусия туткундаган украин аскерлерин кайтаруу жана Украинанын коопсуздугу үчүн натыйжалуу эл аралык кепилдик маселеси талкууланганын билдирди.

"Европейская правда" басылмасы Зеленский Трамптын өкүлүнө "Киев АКШ президенти менен инвестиция жана коопсуздук жаатында аныгында пайдалуу жана күчтүү келишимге барууга макулдугун" билдиргенин жазды. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Трамптын Украинадагы баалуу кен байлыктары тууралуу сөз болгон.

Басылмалар жазгандай, Трамптын администрациясы Украинага сейрек кездешүүчү баалуу кен байлыктарга 50% менчик укугун берүүнү сунуштаган, бирок Зеленский документ менен таанышкан соң, ага кол коюудан баш тарткан.

Америкалык AXIOS жаңылык сайты Трамптын администрациясы Украинага баалуу кен байлыктар боюнча "жакшыртылган" келишимдин долбоорун сунуштаганын бейшембиде жазды. Сайт бул долбоор украин президенти АКШнын лидеринин алгачкы сунушун четке кагып, "ачуусуна тийгенден" кийинкиси экенин белгилеген.

Axios бул маалыматтарды украиналык, америкалык аткаминерлерге жана дагы келишим тууралуу маалыматы бар үч булагынын айткандарына таянып жазганын кабарлады. Алардын бири "келишимдин акыркы долбоору украин мыйзамдарына туура келгендей кыйла жакшыртылганын" билдирген.

Президент Трамптын кеңешчиси Майк Уолц Зеленский "сүйлөшүүгө кайтышы керектигин" журналисттерге билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG