"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Алардын ичинен таасирдүү 36 сүрөттү сунуш кылабыз.
Зеленский эгер Украинанын тынчтыгы үчүн зарыл болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 23-февралда пресс-конференция уюштуруп, Орусия баштаган согуштун үч жылдыгын утурлай журналисттердин суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, Зеленский Украинанын тынчтыгы же НАТОдогу мүчөлүгү үчүн зарыл болсо президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты.
Президенттиктен кетүү ниети тууралуу суроого ал “Эгер Украинанын тынчтыгы үчүн кызматтан кетишим керек болсо, мен даярмын. Экинчиден, НАТОго деген мүмкүнчүлүк болсо, көпкө талкуулабаш үчүн, ага да макул болом”, - деди Зеленский.
Ал бийликти ондогон жылдар бою кармап туруу ниети жоктугун, Украинанын 20 жылдан кийинки эмес, бүгүнкү күндөгү тынчтыгын ойлоп жатканын кошумчалады.
АКШ менен талкууланып жаткан кен байлыктар боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский Вашингтон сунуштаган келишим боюнча Украина алардан жардам иретинде алган ар бир долларынын ордуна экиден доллар төлөөгө милдеттүү болуп каларын билдирди. Украин президенти “украиндердин 10 мууну” төлөш керек болуп кала турган келишимге кол койбой турганын, Кошмо Штаттар Украинага буга чейин 100 миллиард долларды насыя эмес грант түрүндө бөлгөнүн, андыктан бул каражат карыз деп эсептелбей турганын айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамптын “шайлоосуз отурган диктатор” деген сөзү боюнча Зеленский ага таарынбай турганын билдирди.
“Бул сөзгө диктатор болуп отурган киши болсо таарынмак. Диктатор болбой турганыбыз анык. Мен кайсы бир күчтөр эмес, мыйзам аркылуу шайланып келген президентмин. Мени шайлоочулардын 73% колдогон”, - деди ал.
Украинада урушту көргөн “Азаттыктын” кабарчылары
Польшанын президенти Анжей Дуда АКШнын лидери Дональд Трамп менен жеке жолугуп, Украинадагы согуш жана башка бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.
Варшава тараткан маалыматка караганда, Трамп менен Дуда 22-февралда Вашингтондо кездешип, Польша–АКШ алакасын, коопсуздук багытындагы кызматташууну, Польшадагы Кошмо Штаттардын аскердик жана экономикалык долбоорлорун талкуулашты.
Украина маселесинде Дуда Трамп менен согушту токтотуу боюнча өз планы менен бөлүшүп, сүйлөшүүлөр гана кандуу кармашты токтото аларын белгилеген.
“Мен президент Дональд Трамп менен бетме-бет сүйлөшкөндө өз планымды түшүндүрдүм. Ал сүйлөшүүлөр зарылдыгын жана согушту токтотуунун жападан жалгыз жолу экенин айтты”, - деген Дуданын сөзүн анын кеңсеси таратты.
Польшанын лидеринин бул жолугушуусу Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин кайым айтышуусу күчөгөн маалга туш келди.
Трамп Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атап, үч жылга созулган согуш башталганы үчүн Украина жооптуу экенин айткан. Америкалык лидердин бул сөзү Киевдин, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ Конгрессиндеги жогорку даражалуу республикачы мыйзам чыгаруучулардын тынчсыздануусун жараткан.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Дуда Трамп экономикалык алака аркылуу Украинаны чыңдоого кызыкдар экенин билдиргенин айтты. АКШнын экономикалык долбоорлору Украинанын туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн кепилдик формасы болорун айтканын кошумчалады.
Дуда АКШга 21-февралда Зеленский менен сүйлөшкөндөн кийин барды. Поляк лидери “ачык” сүйлөшүү өткөнүн айтып, Зеленскийди Трамп менен алака-катышта сабырдуу жана конструктивдүү ыкмага өтүүгө чакырды.
Мурдараак Зеленский Трамп Орусиянын дезинформациясынын таасиринде калганын жана 18-февралда Эр-Риядда өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууда Вашингтон Москванын өкүлдөрүн кабыл алып, Кремлге эл аралык обочолонуудан чыгууга көмөк көрсөткөнүн айткан.
Украина Орусиянын аскердик агрессиясынан коргонууну улантып жаткан маалда дипломатиялык алакалар олуттуу сыноолорго кабылууда. Трамптын билдирүүлөрү жана АКШнын саясий позициясынын өзгөрүшү Киевдин, жалпы эле Европанын тынчын алууда.
Польша, Улуу Британия жана Евробиримдик дипломатиялык чыңалууга карабай Украинага эл аралык колдоо улантыларын билдирди.