Украинанын бийлиги 26-августта мамлекеттик чек арадан өтүү тартибин жаңылады. Премьер-министр Юлия Свириденко билдиргендей, эми 18 жаштан 22 жашка чейин жигиттер согуштук абал мезгилинде чек аралардан тоскоолдуксуз өтсө болот.
"Бул чечим ар кандай себептер менен өлкө сыртында калган жарандарга да тиешелүү. Биз украиналыктар Украина менен байланышта болушу керек деп эсептейбиз", — деп жазды ал Телеграм-каналына.
Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан кийин Украинада 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин чет жакка чыгышына тыюу салынган.
Көп балалууларга, ыктыярчыларга, тажрыйба алмашкан студенттерге, дарыланууга бараткандарга жана башка жүйөлүү себептери барларга гана сыртка чыгууга уруксат берилген.
Мындай чечим мобилизацияны жана жарандардын мамлекетти коргоо боюнча конституциялык милдетин аткаруусун камсыздоо максатында кабыл алынган.
АКШ Украинадагы согуш 2025-жылдын аягына чейин токтойт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын кабинетинин жыйынында АКШнын Украина боюнча чабарманы Стивен Уиткофф билдирди.
Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышып, орус президенти Владимир Путин менен бир нече жолу жолугушкан Уиткоффтун айтымында, ушул аптада америка тарап Украинадагы жана башка жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча жолугушууларды уюштурат.
Ал башка жаңжалдар деп Газадагы согушту, Израил менен Ирандын ортосундагы конфликтти атады.
"Биз аларды быйылкы жылдын аягына чейин жөнгө салууга үмүттөнөбүз",— деди Уиткофф.
АКШ президенти Украинадагы согуш тезирээк токтойт деп ишеним артарын айтып, так дата атаган жок. Эгерде Путин тынчтыкка умтулбаса, Орусияга каршы экономикалык санкцияларды салууга даяр экенин билдирди.
Ал Украина менен Орусиянын башчыларынын көзмө-көз сүйлөшүүсүнө жетишерин, анткени ошону менен баарына чекит коюуну каалай турганын кошумчалады.
Журналисттин Путин украин президенти Владимир Зеленскийди легитимсиз деп эсептеп, жолугушууну каалабай жатканы тууралуу суроосуна Трамп:
"Алар айта берет. Анын баары болбогон кеп. Баары публикага гана ойноп жатат", - деп жооп берди. Зеленский да "күнөөсүз эместигин", андан тынчтыкка умтулуу көрүнбөй жатканын, санкция менен бажы төлөмдөрү бир гана Орусияга эмес, Украинага да тиешелүү болорун белгиледи.
Трамп президенттик кызматка киришкенге чейин жана андан кийин согушту кыска аралыкта токтотууга кудурети жетерин айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Днепропетров облусунун аймагында калктуу пункттар үчүн салгылашуу болуп жатканын ырастады.
Бирок Орусиянын армиясы облуста эки кыштакты басып алганы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Башкы штабдын шейшембидеги маалыматына караганда, украин жоокерлери Запорожье жана Новогеоргиевка айылдары үчүн салгылашууда.
Эки айыл Днепропетровдун чыгышында, Донецк облусу менен чек арага жакын жайгашкан.
"Украин күчтөрү орусиялык баскынчылардын алга жылуусун токтотуп, Запорожье айылын көзөмөлдөөнү улантууда", - деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары Новогеоргиевка кыштагынын аймагында айыгышкан кармаш уланып жатканы кошумчаланган.
Буга чейин Башкы штаб орусиялык жана украиналык булактардын Днепропетров облусунун аймагындагы кармаштар тууралуу маалыматтарына комментарий берген эмес, аймакка орусиялык диверсиялык топтор кирип кетип жатканын моюнга алган.
Украиналык DeepState долбоору буга чейин орус армиясы Днепропетровдун аймагында согуштук аракеттерди жүргүзүп жатканын жазган.
Орусиянын Коргоо министрлиги аталган облустагы бир нече калктуу пункттарды, анын ичинде Запорожье менен Новогеоргиевканы алганын жарыялаган. Аталган чакан айылдар согуш тилкеси өткөн аймактарда, Запорожье, Донецк, Днепропетров облустары кесилишкен жерде жайгашкан, ал жакта чоң шаар-кыштактар жок.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украинада согуш жарым жылдан кем эмес убакта токтойт деп үмүт кылат. Бул тууралуу Вэнс NBC каналына маегинде билдирди.
Ал Дональд Трамп президент болгондон бери Орусия жана Украина сүйлөшүүлөрдө бир топ чегинүүгө барганын, соңку жумаларда чоң жылыш болгонун кошумчалады.
Вэнс Орусия тараптан чегинүү катары Кремль Украинадагы “кол бала режим түзүү” планынан баш тартып, бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн талашпай калды” деп билдирди.
“Акыр-аягында биз ийгиликке жетебиз же туңгуюкка кептелебиз. Эгерде ушундай абалга кептелсек, таасир этүү рычагдарын колдонуу менен сүйлөшүүлөрдү улантыш керек. Дал ушундай чечкинүү дипломатия согушка чекит коюшу керек”,- деп билдирген Вэнс.
АКШнын вице-президенти Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат деп эсептебей турганын белгилеген.
“Алар чынында эле айрым негизги талаптарына ийкемдүү болууга даяр экенин билдирди. Албетте, бардык шарттарга макул эмес, болбосо согуш аяктамак”, - деп кошумчалаган Вэнс.
- 24-августта NBC News каналында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен маек чыккан. Анда Лавров украин жана орус президенттеринин жолугушуусу али макулдашыла электигин айткан. Москва дале Украина президенти Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү күмөндүү деген позицияда экенин кайталап, бул маселе Киев тынчтык тууралуу документтерге кол койгонго чейин чечилиши керектигин кошумчалаган.
- Ага чейин Зеленский орус бийлигин өзүнүн Путин менен кездешүүсүн болтурбоо үчүн бардык аракетти көрүп жатат деп айыптаган.