Орусиянын дрондору 5-январга караган түнү Киев шаарынын Оболонь районуна караштуу жеке менчик оорукананын төрт кабаттуу имаратына сокку урган.
Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Полициянын маалыматында, клиникада дарыланып жаткан 1995-жылкы киши каза тапкан. Шаар мэри Виталий Кличконун билдиришинче, төрт адам жараат алган.
Медициналык борбордо жалпы 26 бейтап болгон, алардын 16сы шаардык ооруканаларга которулган.
Киев облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Калашниктин билдиришинче, Фастов районунда жети турак үй, бир көп кабаттуу имарат, гараждар, эки автоунаа, өндүрүштүк жана жеке кампалар жабыркаган. Үйлөрдүн бириндеги өрттү өчүрүү учурунда эркек кишинин сөөгү табылган.
Орусиянын чабуулунан Славутич шаарында электр жарыгы өчкөн. Зарыл инфраструктуранын бардык объектилери резервдик электр менен камсыздоого өткөрүлдү.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусиянын аскерлери Украинага "Искандер-М" тибиндеги тогуз баллистикалык, С-300 зениттик ракеталары жана 165 учкучсуз учак менен чабуул койгон.
Украин аскерлеринин билдирүүсүндө айтылгандай, абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, борбордук бөлүгүндө жана чыгышында 137 дронду атып түшүргөн.
Жекшембиде украиналык учкучсуз учактар Курск облусунун Хомутовка кыштагындагы энергетика объектисине чабуул койду. Бул тууралуу аймак башчысы Александр Хинштейн билдирди.
Анын айтымында, чабуулдун кесепетинен 11 миңдей адам байырлаган 115 калктуу конушта электр жарыгы өчкөн.
Жаңы Николаевка айылына жасалган дрон чабуулунан 55 жаштагы киши каза тапты.
4-январга караган түндө Орусия Украинага 52 дрон менен чабуул койгонун украин аба күчтөрү билдирди. Анын 39у жок кылынган. Тогуз жерге дрон түшкөнү кабарланды. Запорожьеде 51 жаштагы аял жаракат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-январга караган түндө Украина тараптан алгач 90 дрон учурулганын, кийинчерээк дагы 42 учкучсуз учак менен чабуул жасалганын билдирди. Кечээ кечинде Москванын мэри Сергей Собянин борбор калааны бутага алган 19 дрон жок кылынганын маалымдады.
Жекшембинин таңында Белгород облусунун губернатору Гладков Октябрь кыштагында учкучсуз учак унаага тийип, бир киши мерт кеткенин, анын жубайы менен төрт жаштагы баласы оор жаракат алышканын жазды.
Орусиянын Тергөө комитети Жаңы жыл түнү Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнө жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 29га жетип, жаракат алгандардын саны 60ка чукулдаганын билдирди. Украина бул чабуулга тиешеси жоктугун маалымдоодо.
2-январь күнү Орусиянын ракеталык чабуулунан улам Харьковдо төрт киши каза тапты. Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Харьковдо Орусиянын соккусунда каза тапкандар төрт кишиге жетти
«Дагы бир кишинин мүчөлөрү табылды. Издөө-куткаруу иши уланып жатат», — деди 4-январда Харьковдун мэри Игорь Терехов.
Украин бийлиги 2-январда Харьковдогу көп кабаттуу үйгө Орусия сокку урганда бир нече киши каза тапканын, арасында балдар бар экенин кабарлаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго сокку урбаганын билдирген.