Орусиянын аскерлери 9-январга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киевди аткылап, жапырт дрон чабуулунун кесепетинен кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылганы, дагы 19 киши жараат алганы кабарланууда.
Каза болгондордун арасында медицина кызматкери бар экенин, ал согуштук дрон тийген көп кабат үйдөгү жабыркагандарга тез жардам берүү үчүн барганын Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.
Киевдин Днепровский районунда сокку көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийгени, Десна районундагы соода борборлорунун биринде өрт тутанганы, Печерский районунда 24 кабат имарат зыян тартканы маалымдалды.
Кличконун айтымында, калктын күнүмдүк тиричилигин камсыздоочу инфраструктура да жабыркагандыктан борбор калаанын айрым жерлеринде электр энергиясы, суу жок болуп жатат.
Львов облусунда да маанилүү инфраструктура зыян тартканын жергиликтүү администрация башчысы Максим Козицкий билдирди. Украин жалпыга маалымдоо каражаттары орус аскерлеринин бул аймакка жасаган чабуулунун максаты Стрый газ кени жана жер астындагы газ сактоочу жай болушу ыктымал экенин жазып жатышат.
Львовго сокку урулардан бир нече саат мурун мониторинг каналдары Орусиянын "Капустин Яр" сыноо полигонунун аймагында "башкача активдүүлүк" байкалып жатканын жазып, 2024-жылдын ноябрында Днепр дарыясына дал ошол жерден "Орешник" баллистикалык ракетасы учурулганын белгилешкен.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү Львов облусунун аймагына учурулган ракета саатына 13 000 чакырым ылдамдыкта баратканын билдирди. Бул жолу да "Орешник" колдонулдубу, жокпу, азырынча расмий маалымат айтыла элек. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда, ракетанын түрү анын бардык компоненттери боюнча териштирүүдөн кийин гана белгилүү болот.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү Киев менен Вашингтондун ортосундагы эки тараптуу коопсуздук кепилдиктери боюнча документтин тексти "дээрлик даяр" болуп калганын билдирди. Анын айтымында, документ эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен макулдашууга жөнөтүлөт.
«Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу эки тараптуу документ азыр президент (Трамп) менен жогорку деңгээлде акыркы макулдашууга дээрлик даяр», — деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Анын айтымында, шаршемби күнү Парижде өткөн Украина менен АКШ өкүлдөрүнүн жолугушууларында дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотууга багытталган "татаал маселелер" талкууланып, Киев бул суроолор боюнча өз чечимдерин сунуштаган.
Зеленский ошондой эле шаршемби күнү Орусиянын энергетикалык инфраструктурага каршы кезектеги ракеталык чабуулдарынан кийин Москвага басымды күчөтүүгө чакырды.
Украинанын президенти тынчтык планынын 90% макулдашылганын, бирок айрым өтө татаал маселелер али чечиле электигин айтты. Анын ичинде Запорожье атомдук электр станциясын ким көзөмөлдөйт деген суроо жана Орусиянын Украинанын чыгышындагы стратегиялык маанилүү аймактын тагдыры бар.
"Биз америкалык тарап Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн түшүнөбүз жана агрессор чындап эле согушту токтотууга даярбы же жокпу, ошого байланыштуу жооп күтөбүз", — деп жазды Зеленский.
Ал ошондой эле тараптар согуштан кийинки Украинаны калыбына келтирүү жана экономикалык өнүгүү боюнча документтерди да талкуулашканын билдирди.
Өткөн жылы Дүйнөлүк банк Украинаны кайра куруу жана калыбына келтирүү чыгымдары 524 миллиард долларга жетерин жарыялаган.
Орусиянын соккуларынын кесепетинен Украинанын Днепропетровск жана Запорожье облустарынын эң зарыл инфраструктурасы жабыркап, электр энергиясы авариялык негизде өчүрүлдү. 8-январь түнү бул облустар жарыксыз калганын Украинанын Энергетика министрлиги, Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров, Днепропетровск облустук кеңешинин башчысы Николай Лукашук жана башка жетекчилер кабарлашты.
Энергетика министрлиги орусиялык чабуулдардын айынан бул эки аймак "таптакыр жарыксыз" калганын билдирди.
Запорожьенин башчысы облустагы ооруканаларды суу менен камсыздоо системасы генератордун жардамы менен иштеп жатканын айтты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр энергиясын толук калыбына келтирүү иштери жүрүп, бригадалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлады.
Поезд каттамы үзгүлтүккө учурабаганы, тийиштүү кызматтар ыкчам чара көрүп, айрым жерлерде резервдик каражаттар тартылып жатканы айтылды.
Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядан мунай сатып алып жаткан өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга, Индияга, Бразилияга каршы санкция жарыялоого жол ача турган мыйзам долбооруна колдоосун билдиргенин 8-январда Түштүк Каролинадан республикачы сенатор Линдси Грэм жарыялады.
Ал Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына эки партиянын атынан даярдаган мыйзам долбоору Трамп менен жолугушууда талкууланганын айтты.
Бул долбоорду ал демократ Ричард Блюментал жана башка сенаторлор менен бирге иштеп чыгып, 2025-жылдын апрелинде талкууга койгон. Документти азыркы тапта 80ден ашуун сенатор колдоодо. Эгер ал толук колдоо таап, кабыл алынса Орусиядан мунай, газ, уран жана башка азык сатып алган өлкөлөр АКШнын аймагына өз товарын импорттогусу келсе, анда 500 пайыздык пошлина төлөөгө милдеттүү болот.
Грэм 8-январдагы билдирүүсүндө мыйзам азыр кабыл алынса жакшы болорун, анткени Украина өз тынчтыгы үчүн айрым шарттарга баш ийүүгө аргасыз болуп, ал эми орус президенти Владимир Путин күнөөсүз адамдарды өлтүрүүсүн улантып жатканын белгиледи.
Сенатордун пикиринде, мыйзам долбоору боюнча добуш берүү Конгрессте келерки аптанын башында өтүшү мүмкүн.
Трамп өзү же анын администрациясы бул боюнча азырынча маалымат бере элек.
Шейшембиде Парижде чогулган Франция, Британия жана Украинанын лидерлери Орусия менен тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин украин жергесинде француз, британ жана айрым башка союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин жайгаштыруу тууралуу ниетин билдирген декларацияга кол коюшту.
Киевге союздаш өлкөлөрдүн аракети менен чогулган Париждеги жыйынга 27 мамлекет башчысы, 35 өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты. Анда согуштан кийин Украинадагы коопсуздукту камсыздаш үчүн АКШ жетекчилиги астында көз сала турган көп улуттуу күчтөрдү уюштуруу механизмдери макулдашылды.
"Коалициянын колунда азыр мазмундуу документтер бар экени маанилүү. Жөн эле куру сөз эмес. Бул эми конкреттүү сунуштар: коалицияга кирген бардык тараптардын биргелешкен декларациясы жана Франция, Британия, Украина кол койгон үч тараптуу декларация", - деп белгиледи Парижде президент Зеленский.
Көп улуттуу күчтөр тууралуу декларацияда союздаш өлкөлөр аскерлерин Украинага ыктыярдуу түрдө жөнөтөрү айтылган. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Германиянын канцлери Фридрих Мерц орус-украин согушу токтотулгандан кийин өз өлкөсүнүн аскерлерин Украинада эмес, аны менен чектеш НАТОго мүчө өлкөдө жайгаштыруу планы бар экенин белгилешти.
Франция жана Британиянын лидерлери орус-украин согушу аяктагандан кийин Украинада аскердик борборлорду ачып, украин армиясына колдоо көргөзөрүн билдиришти.
Киев көптөн бери ок атышууну токтотуу макулдашылгандан кийин да Орусиянын жаңы чабуулдарынан коргонуш үчүн Украинага НАТОдогу өнөктөш өлкөлөрдүн коопсуздук боюнча кепилдиктери зарыл экенин белгилеп келатат. Москва тынчтык келишимине кол коюш үчүн Украина кандай болбосун аскердик альянстарга кирбейт деген кепилдикти талап кылып жатат.
Владимир Зеленский коопсуздук кепилдиктери катары украин армиясынын саны 800 миңдей аскерден куралышы, Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү, өлкөнүн энергетика жана финансы тармактары жерден, асмандан жана деңизден корголушу зарыл экенин кайталап келатат. Андан тышкары Киев АКШ тараптан Конгрессте бекитилген коопсуздук боюнча милдеттенмелер болушуна умтулууда.